Былтыр кыргызстандык ишкерлер канча киреше тапкан. Статистика

© REUTERS / MANUEL SEOANEЧөнтөктөн чыгып турган АКШ долларлары. Архив
Чөнтөктөн чыгып турган АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономиканын реалдуу сектору — экономиканын товар өндүрүп, кызмат көрсөтүү боюнча алектенген бөлүгү. Болгону буга финансы-кредиттик жана биржалык операцияларды аткарган тараптар кошулбайт.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Былтыркы жылы экономиканын реалдуу секторунда 20,9 миң ишкана эмгектенип, мурдагы жылга караганда 1,8 эсеге көбүрөөк киреше тапкан. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

"21 миңге чукул ишкананын 27,1 пайызы соода чөйрөсүнө, 14,9 пайызы өнөр-жай тармагына, 11,7 пайызы курулушка, 11,2 пайызы кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик уюмдарына туура келген. Жыл ичинде алар 47,7 миллиард өлчөмүндө киреше алган", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул салыштырып карай келгенде мурдагы жылга салыштырмалуу пайданы 20,7 миллиард сомго көбүрөөк тапкан деген маалымат.

Киши РКӨФтин папкасын кармап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Асрандиев: РКӨФтин каражатын КР экономикасына тартуу боюнча сүйлөшүү уланат
Булардын арасынан абдан иши илгерилеген компаниялар 34,2 пайызды, ал эми чыгым тарткан ишканалар 21,9 пайызды түзгөн.

Аймактар боюнча караганда, Нарын, Талас жана Баткен облустарынан тышкары, республиканын бардык жерлеринде ишканалар жакшы киреше тапкан.

Экономиканын реалдуу сектору — экономиканын товар өндүрүп, кызмат көрсөтүү боюнча алектенген бөлүгү. Болгону буга финансы-кредиттик жана биржалык операцияларды аткарган тараптар кошулбайт.

Пандемиянын ишкерликке кесепети

Цена на золото в Индии - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда алтын менен акча табууга болобу? Кеңири саресеп
Коронавирус пандемиясынан улам киргизилген чектөөлөрдүн айынан өлкөдө бир катар компаниялар ишмердүүлүгүн токтотууга аргасыз болду. Учурда эс алуу, көңүл ачуу, спорттук жана маданий айрым мекемелер дагы деле ишин жанданта элек. Өткөн айларда чыгым тарткан ишкерлер үчүн өкмөт жеңилдетилген кредит берип, бутка туруп кетишине шарт түзүүнү көздөп жатат. Эми өндүрүш жана кайра иштетүү, экспортко багытталган ишканалар, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылган тармактар, медициналык буюмдарды, вирус менен күрөшүүгө колдонула турган буюмдарды чыгарган ишканалар, соода жана тейлөө тармактары жылдык чени 6-10 пайыз менен насыя алса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0