ЕЭК жалпы электроэнергетика рыногун түзүү боюнча иш-чаралардын жол картасын жактырды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүЛиния электропередач в Тунисе
Линия электропередач в Тунисе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Документте жалпы рынокту куруу боюнча бардык этаптар майда-чүйдөсүнө чейин көрсөтүлгөн. Жалпы рынок 2025-жылдын 1-январынан калбай функциясын баштоосу талап.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. ЕАЭБге кирген беш өлкөнүн жалпы электроэнергетика рыногун түзүү боюнча иш-чаралардын жол картасы бекитилди. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынан билдиришти.

Документте жалпы рынокту куруу боюнча бардык этаптар майда-чүйдөсүнө чейин көрсөтүлгөн. Жалпы рынок 2025-жылдын 1-январынан калбай функциясын баштоосу талап.

“Жалпы рынокту ишке киргизүү мүчө өлкөлөрдүн экономикасына оң таасир этип, электроэнергиясын сатуу боюнча көлөмдү жогорулатышы күтүлүп жатат”, — деди ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Эмил Кайкиев.

Ослабление карантинного режима в России - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ өлкөлөрү Кытайга темир жол аркылуу айыл чарба азыктарын ташый алат
Жол картасы негизи мурдараак түзүлгөн. Анда мүчө өлкөлөр алдыдагы иш-чаралардын планын талкуулашкан. Документте акттарды кабыл алуу мөөнөтү, соода кылуу аянты жана рыноктун техникалык негиздерин тестирлөө маселелери каралган.

Долбоордун катышуучулары жалпы рынок түзүү процесси туура нукта жана ирети менен жасалып жатканына ынануу үчүн документтерди иштеп чыгууда ортодо дагы бир этап иштөөнү чечти. Маалыматка караганда, дал ушул жол картасынын бекитилишин ЕАЭБдин бардык мүчөлөрү колдоп беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0