Кыргызстандын ушу тапта канча карызы бар. Акыркы маалымат

© AFP / BRENDAN SMIALOWSKIАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус пандемиясынан улам түзүлгөн кырдаал Кыргызстанды тышкы кредиторлорунан карыз боюнча жеңилдик сурап кайрылууга аргасыз кылган. Өкмөт бир катар эл аралык уюмдар жана мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Финансы министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстандын мамлекеттик карызы (30-апрелге карата) 4 миллиард 592 миллион 840 миң доллар, башкача айтканда, 362 миллиард 574 миллион 810 миң сомду түздү.

Анын ичинен тышкы карыз — 3 миллиард 952 миллион доллар (86 пайыз), ал эми ичкиси — 640 миллион 790 миң доллар.

"2020-жылдын беш айында мамлекеттик карызды тейлөөгө бюджеттен 14,2 миллиард сом бөлүндү. Анын дээрлик 6 миллиарды тышкы бересеге, 8 миллиардга жакыны ички карызга сарпталды", — деп айтылат билдирүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра финансов Бактыгуль Жеенбаеву - Sputnik Кыргызстан
Каржы министри: тышкы карызды төлөөдө алгачкы кадамдар жасалды
Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясынан улам түзүлгөн кырдаал Кыргызстанды тышкы кредиторлорунан карыз боюнча жеңилдик сурап кайрылууга аргасыз кылган. Өкмөт буга чейин бир катар эл аралык уюмдар жана мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келди. Ал эми финансы министри Бактыгүл Жээнбаева эки күн мурдагы брифингде Кыргызстан тышкы карыздарынын бир бөлүгүнөн кутулууну 2022–2024-жылдарга жылдыруу пландалып жатканын айтты. Анда министр Кыргызстан Париж клубунун кредиторлору менен карызды жылдыруу эле эмес, аны реструктуризациялоо боюнча да сүйлөшүүлөр болуп жатканын белгиледи.

Мамлекеттик карыз — өлкөнүн насыялык макулдашуусу боюнча же башка карыздык милдеттенмелери, ички жана тышкы мамлекеттик карызынын жалпы суммасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0