Алтын рудасын үлгүсү. Архив

Алтын рудасын ташыгандарга салыкты көбөйтүү сунушталды. Каршы чыккан депутаттар

281
(жаңыланган 16:37 25.06.2020)
Сунушталган мыйзам күчүнө кирсе киреше салыгы 7 пайызга жогорулап, жылына бюджетке кошумча 680 миллион сом түшүп турат.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Алтын кошулмалары бар концентраттарды сыртка ташып кетип жаткан ишканалардын киреше салыгын жогорулатуу боюнча мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Мыйзам долбоорунда кен казуучу жана иштетүүчү компаниялардын алтын камтылган кендерден жана концентраттардан түшкөн киреше салыгын 7 пайызга, 2023-жылдан тартып 10 пайызга көбөйтүү белгиленди. Учурда киреше салыгынын чеги 11 пайыз, эгер сунушталган мыйзам күчүнө кирсе, 18 пайызы мамлекетке түшөт. 

Мындан сырткары, алтын, күмүш, платина жана металл камтылган кендер жана концентраттары үчүн роялтинин 5 пайыздык бирдиктүү чеги белгиленди.

Экономика министринин орун басары Элдар Алишеров мындай салыктарды киргизүү менен концентрат жана рудаларды ташып кеткен компанияларга алтын ылгоочу фабрикаларды курууга стимул болорун айтты.

Заместитель министра экономики КР Эльдар Алишеров на рассмотрении закона в Жогоку Кенеше. 30 октября 2018 год
© Фото / Пресс-служба ЖК
Экономика министринин орун басары Элдар Алишеров
“Алтын казгандар бул салыкты төлөгүсү келбесе, алтынды ушул жактан ылгап чыгарып, анан сатышы керек да. Бул салыктар 7 пайызга көтөрүлсө, жылына бюджетке кошумча дагы 680 миллион сомдун тегерегинде акча түшөт”, — деди Алишеров. 

Талкуу учурунда депутат Замирбек Эсенаманов бир жылда 83 миң тонна алтын кошулмалары бар концентрат  өлкөдөн чыгарылганын айтты.

Эл өкүлдөрү Азамат Арапбаев, Улан Примов (эки жолудан микрофон алды) жана Акылбек Жапаров бул мыйзамга каршы чыкты. Алардын айтымында, алтын казган компаниялар бул салыкты төлөй албай жабылып калышы мүмкүн. Анын кесепетинен жүздөгөн адам жумушсуз калып бюджетке залакасы тиет. Мындан улам мыйзамды артка чакыртып алып, сентябрда кайра парламенттин кароосуна киргизүүнү жана пайыздык чекти үч пайызга түшүрүүнү сунушташты. Андан кийин салыкты этап-этабы менен жогорулатуу керектигин белгилешти.

  • Депутат Арапбаев Азамат
    Депутат Арапбаев Азамат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Депутат Улан Примов
    Депутат Улан Примов
  • Акылбек Жапаров. Архивное фото
    Депутат Акылбек Жапаров
    пресс-служба ЖК КР
1 / 3
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Депутат Арапбаев Азамат

Ал эми Айнуру Алтыбаева 30 жылдан бери өлкөнүн байлыгы көзөмөлдөнбөй, алтын тонналап ташылып жатканын белгиледи. Эгер 7 пайыздык киреше салыгы киргизилбесе, алтын ылгоочу фабрикалар курулбай турганын айтты. Ал эми 3 пайыздан баштап этап-этабы менен жогорулатканга чейин болгон алтынды ташып чыгып кетерин кошумчалады.

Депутат от фракции СДПК Айнуру Алтыбаева на первом заседании ЖК. Архивное фото
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Депутат Айнуру Алтыбаева

Аны менен катар депутат Эрмамат Тагаев дүйнөдө алтын казуудан түшкөн каражаттын 60 пайызы чыгашага кетсе пайдалуу тармак деп саналарын айтып, Кыргызстанда чыгаша 40 пайыз экенин белгиледи. Мындан улам 7 пайыздык чекти 10 пайызга көтөрсө да туура болорун кошумчалады.

Присяга депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики Эрмамата Тагаева от фракции Бир Бол
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Депутат Эрмамат Тагаев

Тагаевдин пикирин колдогон депутат Айсулуу Мамашова алтын өндүргөн компанияларга киреше ашыгы менен түшүп жатканын билдирди.

Депутат Айсулуу Мамашова на заседании Жогорку Кенеша. 12 мая 2020 года
© Фото / Пресс-служба ЖК
Депутат Айсулуу Мамашова
“Башка компаниялар өндүрүлгөн товардан 5-10 пайыз пайда көрсө, алардын кирешеси жок дегенде 60 пайызды түзөт. Ошондуктан алтын казган компаниялар Кыргызстандан кетпейт. Сөзсүз фабрикаларды курушат. Алар жабылып калбайт”, — деди Мамашова.

Ал эми Жанар Акаев өлкөдө кен иштетүү жана чалгындоо ишине 2 400дөн ашуун лицензия алынганын айтты. 

Депутат ЖК Жанар Акаев на заседании
© Фото / пресс-служба ЖК
Депутат Жанар Акаев
“Лицензиялар четөлкөлүк компанияларга берилген. Чаткал районунда эле 100дөн ашуун лицензия алынган. Бирок райондун акыбалын караңыз. Убагында Жер-Үй сыяктуу алтын кендерге болгону 300 сомго лицензия сатып алышкан. Эгер компаниялар жабылып калса, жоопкерчиликти өкмөт менен мыйзамды колдогон депутаттар алабыз”, — деди Акаев. 

Аягында экономика министринин орун басары Элдар Алишеров мындай салык оор келсе төлөбөй коюунун үч жолу бар экенин белгиледи.

“Мындай салык киргизилсе кирешенин 50 пайызы мамлекетке, 50 пайызы ишкердин өзүнө түшөт. Буга чейин мамлекет 40 пайызын алып келген. Болбосо үч варианты бар. Биринчиси — бизге келип Туруктуулук режими боюнча келишим түзсүн. Анда ал компанияга 10 жылга чейин салыктык өзгөрүүлөр таасир этпейт. Экинчиси — чет өлкөдөн ылгап, таза алтынды кайра Кыргызстанга алып келсин. Үчүнчүсү — Кыргызстанда алтын ылгоочу фабрика курсун. Эгер ишкер эч нерсе кылбай алтын ташып кеткиси келсе, салыктарды төлөсүн. Ансыз деле буга чейин болбогон акча төлөп келишти”,  — деди министрдин орун басары.

Мыйзам долбоорун Экономика  министрлиги демилгелеген. Бүгүн парламентте үчүнчү окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди.

Белгилей кетсек, аталган мыйзамга каршы чыккан депутат Азамат Арапбаев 12 кендин лицензиясына ээлик кылат. Ал эми Улан Примовдун атасы Бердибай Примовдун ишканалары 11 лицензия алган.

281
Белгилер:
компания, киреше, салык, долбоорлор, мыйзам, алтын, лицензия
Тема боюнча
41 "алтын" лицензиянын чыныгы ээси табылды
Мунай өндүрүү. Архивдик сүрөт

Соодада кастык жок. АКШ Россиядан рекорддук көлөмдөгү мунай сатып алды

261
(жаңыланган 18:44 14.08.2020)
АКШнын нефти рыногундагы абал жакшы эмес. Мунайды кайра иштетүүчү америкалык заводдор сырье издеп, айласын таппай калды.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Жарым жыл аралыгында АКШ Россиядан 9 миллион тоннадан ашуун мунай затын сатып алган, ал 2004-жылдан берки рекорддук көрсөткүч.

Муну менен катар эле Вашингтон Европанын россиялык энергоресурска көз карандылыгын четтетүү максатында "Түндүк агым — 2" долбоорун токтотууга аракет кылып келет. Анткен менен америкалыктар өздөрү байланып калганы туурасында РИА Новости байкоо салып көрдү.

Рекорддук көлөмдөгү экспорт

АКШга мунай заттарын саткан Россия январь айынан июлга чейин 2,2 миллиард доллар акча тапты. Бул Федералдык бажы кызматынын (ФБК) берген маалыматтары. Океандын ары жагына 7,46 миллион тонна мунай жөнөтүшкөн, бул — экспорттун 12 пайызын чапчыйт. Баарынан көп Нидерланддар сатып алган, тагыраагы, бул 12,19 миллион тоннага чыкты. Экинчи орунда америкалыктар, үчүнчүдө 4,4 миллион тоннасы менен Мальта турат.

Анткен менен Мальта жана Нидерланддар — транзиттик хабдар, ал жактан башка өлкөлөргө жөнөтөт. Бул жагынан алганда АКШга жасалган экспорт биздин колубуздагы сандардан да ашып кетет. Балким ФБК мунайдын сыртка мындай жол менен чыккандарын эсепке албайттыр.

Доору бүтүп баратабы? Мунай жаатында эсти оодарчу окуя күтүлүүдө

Чындыгында АКШнын Энергетикалык маалыматтар башкармалыгынын (EIA) билдиргенине таянсак, Американын мунай импорту жылдын акыркы беш айында 68 миллион баррелге же болбосо 9,3 миллион тоннага жеткен. Бул ФКБдагы алты айдын эсебинен да ашып кеткен. Себеби EIA жөнөткөн өлкөнү эмес, продукцияны өндүргөн тарапты эсепке алат.

Буга кошумча, июлда америкалыктар россиялык мазуттун көлөмүн июнга карата 16 пайызга өстүрдү.

Алмаштыра турчу эч нерсе жок

Мунун баарына АКШнын венесуэлалык оор нефтиден өзү кол жууп алганында болду. Ал эми мунай заттарын кайра иштетүүчү бир катар ишканалардын технологиясы Пермь бассейнинен же Батыш Техастан келген жеңил түрүн иштете албайт. Аны Түштүк Америкадан алган оор сорту менен аралаштырып жиберүү керек.

Трамп Венесуэланын PVSDA деп аталган мамлекеттик компаниясына санкция сала коюп, эми америкалык нефтини кайра иштетүүчү заводдору сырье издеп, айласын таппай калды.

Кыйын абалга баарынан көп Мексика булуңундагы жана Чыгыш жээктериндеги заводдор, анын ичинен Citgo Petroleum, Valero Energy, Chevron да кептелди.

Альтернатива болуучу, химиялы курамы жактан жакын келген Сауд Аравиясынын мунай заттары эле, бирок сауддар көлөмдө көбөйтүүдөн баш тартып койду. Жыйынтыгында экономика эңшерилип бара жатканда, Россияга кайрылууга туура келди.

"Вашингтон "Газпромдун" баягы эле "Түндүк агым — 2ни" куруп бүтпөй калышына таасир бере туруучу аракеттеринин баарын жасайт. Бирок экономикалык кызыкчылыктар дал келип калса, бул кызматташууга зыяны жок", — деди "Альпари" маалымат-аналитикалык борборунун жетекчиси Александр Разуваев.

"Дүйнөдөгү соңку мезгилдеги геосаясий окуялар мунай рыногундагы абалды Россиянын пайдасына чечти, эки өлкө салган санкциядан улам АКШга сырье бергенден баш тартып койду. Ошентип Urals кол жете турган бирден-бир нефтинин оор түрү болду", — дейт A3F Group компаниясынын негиздөөчүсүнүн бири Александр Дужников.

Атаандаштыкка чыдабай... Европа менен Азия АКШнын суюлтулган газынан баш тартууда

Мүнөздөмөсүнөн сырткары россиялык сырье өзүнүн баасы менен кызыктыра алды. Финансы министринин маалыматына караганда, январь-июль айларында Urals түрү орточо эсеп менен алганда баррелине 40,34 доллар деп бааланды, ал эми былтыр ушул мезгил ичинде — 65,27 доллар эле.

Андан сырткары, фрахт бир топ арзандады. Карантинден чыккандан кийин пайдалануучулар бир топ көбөйдү, эл ары бери каттай баштады, учактар асманга көтөрүлдү.

Тармактагы каатчылык

Мунайдын баасы түшүп кеткендиктен АКШдагы бургулагычтардын саны көп жылдардан бери болуп көрбөгөндөй азайды. Dakota Access мунай түтүгү экологиялык мыйзамдардын бузулушунан улам жабылды.

Казып алуу эң жогору чегинен күнүнө 13,1ден 11.1 миллион баррелге чейин түштү. Бул болгондо да АКШдагы эң өндүрүмдүү делген Пермь, Игл-Форд, Баккенск, Ниобром, Анадаркс, Аппалачинск жана Хейнсвилль сланец бассейндеринде болду. 11-августта жарыяланган EIA божомолуна караганда, быйылкы өндүрүштүн орточо кубаттуулугу күнүнө 11,26, ал эми 2021-жылы — 11,14 миллион баррелге чыкмакчы. EIA декабрь айына карата америкалыктар дүйнөдө нефтини өндүрүүнүн кыскарышына олуттуу салымын кошорун айтууда.

Биринен сала бири банкрот болуп... АКШ сланец туңгуюгунан чыга албай калабы

Haynes & Boone берген маалыматтарга караганда, январдан тарта АКШдагы нефти жана газ менен иштеген 36 компания 25,2 миллиард доллар карызы менен банкрот болду. Алардын арасында сланцчылар деген ири Whiting Petroleum, California Resources жана ушул тармактын пионери атактуу Chesapeake Enеrgy ишканасы бар. Июнда өндүрүштүк ири компания деп эсептелген Extraction Oil & Gas карызынын пайыздарын мөөнөтүндө төлөй албай, банкрот болгонун айтып, сотко кайрылды.

Rystad Energy берген баалоого таянсак, жылдын аягына чейин америкалык жүздөгөн компаниялар экономикалык кудуретсиздик абалга тушукканын жарыялайт. Сланец өндүрүү суткасына беш миллион баррелден да ылдыйлайт. ShaleProfile Analytics бул боюнча анализине таянып, мындай кыйын кырдаалдан улам аталган тармак өндүрүштүк кубаттуулугунун үчтөн бир бөлүгүнөн кур жалак калат деп алдын ала билдирүү кылды.

261
Белгилер:
Геосаясат, санкциялар, экспорт, сатуу, Зат, Мунай, Россия, АКШ
Тема боюнча
Газ жана Израиль: Европа дагы бир жол таптыбы?
Европа менен Америка Россиянын газ түтүгүнөн улам тирешүүгө барабы?
Кап менен ун таратуу. Архивдик сүрөт

Мамрезерв эпидемияда канча тонна ун камдалып, бөлүштүрүлгөнүн айтып берди

52
(жаңыланган 14:52 14.08.2020)
Марттан бери 8 181 тонна ун жана 327 тонна кумшекер калктын аялуу катмары менен турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандарга таратылган.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Коронавирус кризисинде буудайдын камдалышы тууралуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун стратегиялык анализ, мамлекеттик сатып алуулар жана тышкы байланыш бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Наинбаев айтып берди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин Facebook баракчасында онлайн брифинг өткөргөн.

Наинбаевдин айтымында, февраль айынан тарта өлкөдө азык-түлүк товарларына, бөтөнчө биринчи сорттогу унга суроо-талап байкалган.

"Пандемиядан улам буудай жана ун көп экспорттолгон Казакстан менен чек ара жабылганын билебиз. Бул азыкка суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу баасы дагы жогорулады. Наркты турукташтыруу жана калкка гуманитардык жардам көрсөтүү максатында Мамлекеттик резервдер фонду өкмөттүн чечими менен биринчи сорттогу 11 828 тонна ун камдаган", — деди Наинбаев.

Ал кошумчалагандай, март айынан бери 8 181 тонна ун жана 327 тонна кумшекер калктын аялуу катмары жана турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандарга таратылган.

Коронавирустун экинчи толкунунда дары тартыш болбойбу? Мамрезервдин жообу

Наинбаев ун региондор боюнча кантип бөлүштүрүлгөнүн түшүндүрдү:

  • Жалал-Абад облусу — 2 113 тонна;
  • Ош облусу — 1 542;
  • Бишкек — 1 213;
  • Чүй облусу — 845;
  • Баткен облусу — 739;
  • Нарын облусу — 627;
  • Ысык-Көл облусу — 517;
  • Талас облусу — 334;
  • Ош — 230 тонна.

Наинбаевдин айтымында, 327 тонна кумшекердин 261 тоннасы борбор калаага, ал эми 66 тоннасы Чүй облусуна жөнөтүлгөн.

Мындан тышкары, 100 тонна ун гуманитардык жардам катары Тажикстандын эки аймагына берилген. Ошондой эле дагы 25 тоннасы Улуу жана Кичи Памирде (Афганистан) жашаган этникалык кыргыздарга бөлүнүп берилген.

Жылкыбаев: быйыл Ош облусунда 41500 гектарга кылкандуу дан эгиндери себилген

Наинбаев белгилегендей, февраль айынан бери Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 3,4 тонна унду эркин рынокко чыгарган. Бул бааны турукташтыруу максатында жасалган, бирок кийин суроо-талап жогорулап, чек аралардын жабылганына байланыштуу баасы кескин өсө баштаган. Анда биринчи сорттогу ундун бир мүшөгү 1 600-1 800 сомго жеткен.

 

52
Белгилер:
азык-түлүк, Буудай, запас, ун, Мамлекеттик материалдык резерв, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандын аймактарына тонналап ун таратылды. Тизме
Кыргызстан Россиядан дагы 11 вагон буудай алып келди
Жайлоодо мал кайтарып жүргөн киши. Архивдик сүрөт

Ишембиге карата аба ырайы

0
(жаңыланган 21:01 14.08.2020)
15-августта түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми республиканын калган аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Эртең күндүз өлкөнүн айрым аймактарында маал-маалы менен жамгыр себелеп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош жергесинин дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Окумуштуулар: жакында ысыктын айынан сыртта иштөө мүмкүн болбой калат

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29...+34, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +22...+27 жана Нарын аймагында +21...+26 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +31...+33, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска чейин жетет.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Ачка калбайбызбы? Кыргызстанда канча түшүм жыйналды