БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Бүгүн, 29-июнда, Valuta.kg порталындагы 16:00дөгү маалыматтарга ылайык, доллардын курсу Кыргызстанда бир аз жогорулады.
Эртең менен долларды 75,54 сомдон сатып алып, 76,18 сомдон сатып жатышкан. Жума күнү АКШ акчасы 55-59 тыйынга арзан болгон.
Саат 16:00гө карата доллардын курсу өстү:
Москва биржасындагы доллардын курсу (Бишкек убактысы боюнча 15:44):
Буга чейинки күндөрдөгү соңку аракеттерге салыштырмалуу доллар 14-22 тыйынга жогорулаган.
Мунайга болгон баа, июль айынын фьючерстери (Бишкек убактысы боюнча 16:00):
Сомдун курсу көбүнесе рублдан көз каранды болот, ал эми рубль өз кезегинде мунай рыногундагы абалга карата өзгөрөт.
Кыргызстанда алтын менен акча табууга болобу? Кеңири саресеп
Эске сала кетели, 10-мартта доллар 3 сомго кымбаттап, 73 сомго чейин жеткен, кийинчерээк, эки ирет 85 сомго чыгып, учурда акырындык менен арзандоодо.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Өсүмдүк майын жана кумшекер өндүрүүчүлөр менен түз келишим түзүү маселеси иштелип жатат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Бишкекте өткөн айыл чарба жарманкесине барганда айтканын өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жарманкеге келгендер азык-түлүк баасынын жогорулашына жана анын пенсионерлер менен калктын аярлуу катмарына бөтөнчө сезилип жатканына тынчсызданган. Бааны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик антимонополиялык кызматтын ишине да сын айтылган.
Премьер-министр келтирилген жүйөлөр менен макул болуп, учурда өкмөт бир катар азыктардын баасын кармап туруу үчүн болгон күч-аракетин жасап жатканын белгиледи.
"Азык-түлүк коопсуздугу жана негизги тамак-аш азыктарынын баасын жөнгө салуу маселелери менин жеке көзөмөлүмдө турат. Жооптуу мамлекеттик органдарга өсүмдүк майын жана шекерди өлкөгө жеткирүү жана жеткиликтүү баада сатуу үчүн өндүрүүчүлөр менен түз келишимдерди түзүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылды. Бул кадамдар өсүмдүк майынын жана кумшекердин баасынын бир аз төмөндөшүнө алып келиши керек. Эт азыктарына бааны жөнгө салуу боюнча зарыл болгон иштер жүргүзүлүп жатат. Өсүмдүк майын өндүрүүгө дараметибиз бар. Мен мурдараак кумшекер жана өсүмдүк майын иштетүү жана өндүрүү максатында кант кызылчасын жана күнкараманы айдоо аянтын кеңейтүүнү тапшыргам", — деди Марипов.
Ошондой эле ал өкмөттүн негизги максаты — тамак-аш азыктарында импорттун үлүшүн 50 пайызга чейин азайтуу болуп саналарын кошумчалады.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстан 6 миң 335,9 тонна грек жаңгагын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Мында чагылган жана кабыгы менен кошо сатылгандарынын баары кошулуп эсептелген. Жалпы баасы 9,3 миллион долларды түзөт.
Сатып алган өлкөлөр (тонна менен):
2019-жылы жалпы баасы 6,2 миллион долларлык 8,2 миң тонна грек жаңгагы экспорттолгон.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Шейшемби, 9-март күнү, өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +14...+19, Ысык-Көл жергесинде +6...+11, ал эми Нарын аймагында +4...+9 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкек шаарында +15...+17 жана Ош калаасында +16...+18 градуска чейин көтөрүлөт.