Төө буурчак. архив

Кыргызстан төө буурчакты Түркиядан башка дагы 24 өлкөгө сатат. Тизме

131
Салтка айлангандай, Кыргызстан өндүргөн төө буурчагын Түркияга сатат деп эсептелип келет. Бирок маалыматтарда Түркияга болгону 10 пайызы гана тиет.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстан ушул жылдын төрт айында 60 миң тоннадан ашык төө буурчак экспорттогон.

Жалпысынан буурчактын үч түрү сатылган.

2,2 миң тонна майда кызыл төө буурчак (адзуки) жалпы 1,7 миллион долларга соодаланган:

  • Азербайжан — 21,5 тонна;
  • Босния жана Герцеговина — 43 тонна;
  • Индия — 22 тонна;
  • Иран — 594 тонна;
  • Кытай — 43 тонна;
  • Латвия — 40,5 тонна;
  • Пакистан — 924 тонна;
  • Түркия — 528 тонна.

Кадимки төө буурчакты, тагыраагы, 22 миң тонна ак уруктуу буурчакты (уруктук үчүн) Иран 11 миң долларга сатып алган.

58,3 миң тонна кадимки төө буурчакты 12 миллион 445 миң долларга төмөнкү мамлекеттер алган:

  • Азербайжан — 93 тонна;
  • Албания — 88 тонна;
  • Армения —22 тонна;
  • Болгария — 764,2 тонна;
  • Босния жана Герцеговина — 241 тонна;
  • Германия — 39,5 тонна;
  • Грузия — 1 469,5 тонна;
  • Ирак — 528 тонна;
  • Молдова — 21 тонна;
  • Пакистан — 66 тонна;
  • Польша — 88 тонна;
  • Македония — 1 493,2 тонна;
  • Россия — 47 620,3 тонна;
  • Румыния — 44 тонна;
  • Сербия — 2 657 тонн;
  • Словения — 22 тонна;
  • Тажикстан — 0,2 тонна.
  • Түркия — 2 989 тонн;
  • Өзбекстан — 22 тонна;
  • Хорватия — 21 тонна;
  • Черногория — 44 тонна.

Муну менен Кыргызстан 25 мамлекетке төө буурчак саткан.

131
Белгилер:
соода, Кыргызстан, Түркия, экспорт, төө буурчак
Тема боюнча
Азыгалиев: Талас облусу жылына 60 миң тоннага чукул төө буурчак өндүрөт
Бир миң сомдук купюралар жана Кыргыз Республиканын желеги. Архив

Министрлик: дем берүүчү гранттардын эсебинен 196 долбоор каржыланат

105
(жаңыланган 08:48 07.08.2020)
Каражаттардын басымдуу бөлүгү мектеп, бала бакча, спорттук жайларга, инженердик жана коммуникациялык инфраструктура объектилерине кетет.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын жүзөгө ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 500 миллион сомдон ашык акча бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы дем берүүчү гранттардын эсебинен 196 долбоор каржыланып, ага 504 миллион 791 миң сом жумшалат.

Каражаттардын басымдуу бөлүгү мектеп, бала бакча, спорттук жайларга, инженердик жана коммуникациялык инфраструктура объектилерине кетет.

Казына менен капчык бош, бирок өлкөдө акча көп. Эки ача көрүнүшкө сереп

Эске сала кетсек, "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамына ылайык, ага 600 миллион сом каралган.

Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар — аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн долбоордук-конкурстук негизде жергиликтүү бийлик органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар.

105
Белгилер:
министрлик, грант, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанга 60 млн доллар бөлүнөт, анын жарымы грант. Акча эмнеге жумшалат?
Аял евро купюраларды санап турат. Архив

Германия Кыргызстанга 42 миллион евро грант бөлөт. Каражаттар кайда сарпталат

120
(жаңыланган 20:10 06.08.2020)
Каражаттар бир катар долбоорлорго багытталат. Келишим май айында ратификацияланып, июнь айында парламент тарабынан бекитилген.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Германия өкмөтү Кыргызстанга техникалык жана финансылык кызматташтыктын алкагында 41,8 миллион евро гранттык каражат бөлөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков эки өлкөнүн өкмөттөр аралык келишимин 29-майда ратификациялаган. Жогорку Кеңеш аны 25-июнда бекиткен.

Жогорудагы суммадан 21,8 миллион евро төмөнкүдөй техникалык кызматташтык долбоорлоруна берилет:

  • "Перинаталдык саламаттык сактоого көмөк көрсөтүү" (4 миллион);
  • "Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү" (6 миллион);
  • "Кесиптик окутууга көмөк көрсөтүү" (5 миллион);
  • "Биологиялык ар түрдүүлүк жана жаңгак токойлору менен жайыттарды муниципалдык колдонуу жолу менен жакырчылыктын деңгээлин кыскартуу" (2,9 миллион);
  • "Изилдөөлөр жана адистер фондун түзүү" (2,5 миллион);
  • "Кыргыз Республикасында сапат үчүн мааниси бар кызматтарды пайдаланууга көмөк көрсөтүү" (1,4 миллион).

Түштүк Корея Кыргызстанга COVID менен күрөшүүдө финансылык жардам берет

Финансылык каржылоо алкагында бөлүнгөн 20 миллион евро төмөнкүдөй долбоорлорду ишке ашырууга берилет:

  • "Нарк жаратуу тизмеги" финансылык секторунун программасы" (9 миллион);
  • "Нарк жаратуу тизмеги" финансылык секторунун программасы — коштоочу чаралар" (1 миллион);
  • "Саламаттык сактоо боюнча сектордук долбоор" (10 миллион).

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

120
Белгилер:
кызматташтык, Кыргызстан, Германия, грант, евро
Тема боюнча
Кыргызстанга Россиянын кезектеги гуманитардык жардамы келип түштү. Тизме
Футболчулар. Архив

Түркияда ойногон кыргызстандык жаш футболчу эл аралык сыйлыкка татыды

0
(жаңыланган 20:46 07.08.2020)
Өспүрүм футболчу "Галатасарай" - "Истанбул спор" беттешинде жаңылыштыктан белгиленген 11 метрлик айып тобун атайын сыртка тээп, жоомарттык көрсөткөн.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстандык жаш футболчу, Түркиянын "Галатасарай U-14" клубунун капитаны Бекназар Алмазбеков футболдук беттеште көрсөткөн акыйкаттык кадамы үчүн эл аралык Fair Play сыйлыгына татыды. Бул тууралуу Anadolu маалымат агенттиги жазды.

Өткөн жылы 13 жаштагы кыргызстандык ойногон команда Түркиянын 14 жашка чейинки футболчуларынын чемпионатында "Истанбул спор" клубу менен ойнойт. Анын жүрүшүндө Алмазбеков  капталдан чабуулга баратып, дарбаза сызыгына киргенде коргоочуну алдап өткөнү жатып кулаган. Беттеш калысы ага карата эреже бузулду деп эсептеп, 11 метрлик айып тобун белгилеген.

Кыргызстандык футболчу өзү эреже бузулбаганын, калыстын чечими жаңылыш болгонун белгилеп, 11 метрлик айып тобун атайын дарбазадан сыртка тээп, жоомарттык көрсөткөн.

Fair Play эл аралык комитети тарабынан берилүүчү мындай престиждүү сыйлыктын быйылкы лауреаттары 5-августта жарыяланды. Алмазбековдун талапкерлигин 2019-жылдын декабрь айында Түркиянын Олимпиадалык комитети көрсөткөн.

"Лацио" клубунун футболчусу Чиро Иммобиле "Алтын бутса" сыйлыгын утту

Fair Play эл аралык комитет мындай сыйлыкты 1964-жылдан бери жыл сайын тапшырып келет. Уюмдун башкы максаты спортто акыйкаттык көрсөткөн спортчуларды сыйлоо болуп саналат.

0
Белгилер:
сыйлык, Кыргызстан, футбол
Тема боюнча
France Football: быйыл "Алтын топ" сыйлыгы берилбейт