БУУ кыргыз дыйкандарына тонналап жер семирткич жана дизель берди

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАйыл чарба техникасы. Архив
Айыл чарба техникасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык уюм тарабынан берилген жардамдарды Ош, Жалал-Абад жана Нарын облусунун дыйкандары алганы айтылат.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму кыргызстандык дыйкандарга 134 тонна жер семирткич, 24,5 тонна дизель майын алып берди. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

ЕАЭБ өлкөлөрү Кытайга темир жол аркылуу айыл чарба азыктарын ташый алат

Мындай материалдык колдоону Нарын облусунун Кочкор, Ат-Башы, Жалал-Абад облусунун Сузак жана Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунда жашаган жардамга муктаж дыйкандар алганы айтылат.

Бул иш-чара Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жиберген сурамдын негизинде жүзөгө ашырылганы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0