Бишкектеги шайлоо участогундагы автоматташтырылган үкөк. Архив

БШК 21 млн сомго тендер жарыялады. Акча эмнеге жумшалат?

128
(жаңыланган 10:06 04.07.2020)
Мамлекеттик орган ал каражатка шайлоого тиешелүү баннер, жабдуу, кеңсе товарларын аймактык шайлоо комиссияларына жана участокторуна жеткирет.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы 21 миллион сомдон ашык акчага тендер өткөрөт. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар боюнча порталына чыкты.

Ага ылайык, БШК 21 миллион 121 миң 200 сомго шайлоого тиешелүү баннер, жабдуу, кеңсе товарларын аймактык шайлоо комиссияларына жана участокторго жеткирүүнү көздөп жатат.

Жээнбеков парламенттик шайлоо өткөрүү жарлыгына кол коюп, күнүн белгиледи

3-июлда жарыяланган тендер 24-июлда соңуна чыгат. Жеңүүчү тарап өз автоунаасы менен 1-августтан 6-октябрга чейин 60 миң чакырым жол жүрүп, жүргүнчү жана жүк ташуу менен алектенет.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңешке шайлоону 2020-жылдын 4-октябрына белгилөө тууралуу президенттин Жарлыгы 3-июлда күчүнө кирди.

128
Белгилер:
депутат, акча, тендер, шайлоо, БШК
Тема:
Шайлоо-2020 (41)
Тема боюнча
Бекматов: саясий партиялар үгүт иштерин 50 пайызга чейин онлайн өткөрөт
Боронов партияларга: шайлоого коротчу акчаңарды COVID менен күрөшүүгө бергиле
Бир миң сомдук купюралар жана Кыргыз Республиканын желеги. Архив

Министрлик: дем берүүчү гранттардын эсебинен 196 долбоор каржыланат

107
(жаңыланган 08:48 07.08.2020)
Каражаттардын басымдуу бөлүгү мектеп, бала бакча, спорттук жайларга, инженердик жана коммуникациялык инфраструктура объектилерине кетет.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын жүзөгө ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 500 миллион сомдон ашык акча бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы дем берүүчү гранттардын эсебинен 196 долбоор каржыланып, ага 504 миллион 791 миң сом жумшалат.

Каражаттардын басымдуу бөлүгү мектеп, бала бакча, спорттук жайларга, инженердик жана коммуникациялык инфраструктура объектилерине кетет.

Казына менен капчык бош, бирок өлкөдө акча көп. Эки ача көрүнүшкө сереп

Эске сала кетсек, "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамына ылайык, ага 600 миллион сом каралган.

Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар — аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн долбоордук-конкурстук негизде жергиликтүү бийлик органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар.

107
Белгилер:
министрлик, грант, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанга 60 млн доллар бөлүнөт, анын жарымы грант. Акча эмнеге жумшалат?
Аял евро купюраларды санап турат. Архив

Германия Кыргызстанга 42 миллион евро грант бөлөт. Каражаттар кайда сарпталат

120
(жаңыланган 20:10 06.08.2020)
Каражаттар бир катар долбоорлорго багытталат. Келишим май айында ратификацияланып, июнь айында парламент тарабынан бекитилген.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Германия өкмөтү Кыргызстанга техникалык жана финансылык кызматташтыктын алкагында 41,8 миллион евро гранттык каражат бөлөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков эки өлкөнүн өкмөттөр аралык келишимин 29-майда ратификациялаган. Жогорку Кеңеш аны 25-июнда бекиткен.

Жогорудагы суммадан 21,8 миллион евро төмөнкүдөй техникалык кызматташтык долбоорлоруна берилет:

  • "Перинаталдык саламаттык сактоого көмөк көрсөтүү" (4 миллион);
  • "Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү" (6 миллион);
  • "Кесиптик окутууга көмөк көрсөтүү" (5 миллион);
  • "Биологиялык ар түрдүүлүк жана жаңгак токойлору менен жайыттарды муниципалдык колдонуу жолу менен жакырчылыктын деңгээлин кыскартуу" (2,9 миллион);
  • "Изилдөөлөр жана адистер фондун түзүү" (2,5 миллион);
  • "Кыргыз Республикасында сапат үчүн мааниси бар кызматтарды пайдаланууга көмөк көрсөтүү" (1,4 миллион).

Түштүк Корея Кыргызстанга COVID менен күрөшүүдө финансылык жардам берет

Финансылык каржылоо алкагында бөлүнгөн 20 миллион евро төмөнкүдөй долбоорлорду ишке ашырууга берилет:

  • "Нарк жаратуу тизмеги" финансылык секторунун программасы" (9 миллион);
  • "Нарк жаратуу тизмеги" финансылык секторунун программасы — коштоочу чаралар" (1 миллион);
  • "Саламаттык сактоо боюнча сектордук долбоор" (10 миллион).

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

120
Белгилер:
кызматташтык, Кыргызстан, Германия, грант, евро
Тема боюнча
Кыргызстанга Россиянын кезектеги гуманитардык жардамы келип түштү. Тизме
Ысык-Көл. Архив

Ишембиге карата аба ырайы

0
(жаңыланган 21:07 07.08.2020)
8-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Эртең, 8-августта ишембиде күндүз Талас облусунун айрым райондорунда жана Чүйдүн тоо этектериндеги аймактарында өткүн өтөт. Республиканын башка облустарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +32...+37, Талас өрөөнүндө +30...+35, Ош, Жалал-Абад жана Беткенде +33…+38, Ысык-Көл аймагында +24...+29, Нарын жергесинде +25...+30 градус болот.

Ал эми Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында жамгыр жаабайт. Күндүн табы борбор калаада +35...+37, Ош шаарында +36 ...+38,  Чолпон-Атада +24...+26 градусту көрсөтүп турат.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Күн ачык болобу? Дем алышка карата аба ырайы