Кычкылтек концентраторун сатып алууга өлкө казынасынан 50 млн сом бөлүндү

© AFP / JAVIER TORRESСитуация в Сантьяго из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Сантьяго из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигине берилген каражаттын ичинен 17,8 миллион сому оорунун очогунда иштеген медиктердин компенсациясы үчүн, 93 миллион сому ПЦР-тесттерди сатып алууга жумшалат.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Өткөн жумада жана азыркы тапта Саламаттык сактоо министрлигине республикалык бюджеттен 110, 8 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу каржы министри Бактыгүл Жээнбаева брифинг учурунда маалымдады.

Анын айтымында, бул каражаттын ичинен 17,8 миллион сому оорунун очогунда иштеген медиктердин компенсациясына бөлүнсө, 93 миллион сому ПЦР-тесттерди сатып алууга жумшалат. Кычкылтек концентраторун алууга 50 миллион сом берилип жатат.

Финансы министрлиги: COVID-19 менен күрөшүүгө 3,8 млрд сом кетет

"Өлкө казынасынан милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна да каражат бөлүнгөн. Анын ичинен медиктердин компенсациялык төлөмдөрүнө 91,7 миллион сом, жеке коргонуу каражаттарын алууга 300 миллион сом берилип жатат. Обсервацияда иштеп жаткан ӨКМ кызматкерлерине 32,7 миллион сом, мигранттар менен иш алып барган Тышкы иштер министрлигине 15 миллион сом каралган", — деди Жээнбаева.

Мындан сырткары, обсервацияларда шарт түзүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине да 52, 9 миллион сом берилгени кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0