Жыл башынан бери мамлекеттик карызды төлөөгө канча акча жумшалды

© Sputnik / Табылды КадырбековБир миң сомдук купюралар. Архив
Бир миң сомдук купюралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
7 миллиард 608,3 миллион сом сырткы карызга кетсе, калган 8 миллиард 363,8 миллион сом ички бересеге төлөнгөн.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кыргызстан 2020-жылдын алты айында карыздарды тейлөө үчүн 16 миллиард сомго жакын акча жумшады. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында мамлекеттик карызды тейлөөгө республикалык бюджеттен 15 миллиард 972 миллион сомдон ашык каражат кеткен. Анын 7 миллиард 608,3 миллион сому сырткы карызга кетсе, калган 8 миллиард 363,8 миллион сом ички карызга жумшалган.

Кыргызстан жеке тараптарга насыя берүү үчүн карыз алмай болду

2020-жылы карыз төлөөгө жалпы 32 миллиард 821,2 миллион сом каралган.

Мамлекеттик карыз — өлкөнүн насыялык макулдашуусу боюнча же башка карыздык милдеттенмелери, ички жана тышкы мамлекеттик карызынын жалпы суммасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0