Алтын сатылбайт, эски акчалар алмаштырылбайт. Улуттук банктагы өзгөрүүлөр

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЖумушчу алтын куйманы ороп жатат. Архив
Жумушчу алтын куйманы ороп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук банк койгон чектөөлөр өлкөдө эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин болорун айтты. Кырдаал оңолгондо иштер кайра жанданмакчы.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Улуттук банктын алтын куймаларын сатууну токтоткону аталган ведомствонун сайтында кабарланды.

Бул чечим Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалдан улам кабыл алынган.

"COVID-19дун таралуусун азайтуу максатында Улуттук банк эскирип калган акчаларды алмаштырууну жана алтын куймалары менен нумизматикалык баалуулуктарды сатууну убактылуу токтотот. Бул иштер өлкөдө эпидемиологиялык абал жакшыргандан кийин кайра улантылат", — деп айтылган маалыматта.

Sputnik агенттигинин "алтын куймаларын Улуттук банк сатып албай калдыбы?" деген суроосуна ведомствонун маалымат кызматы сатып алуу жана сатуу "абал турукташмайынча" болбой турганын билдирди.

Кыргызстанда алтын менен акча табууга болобу? Кеңири саресеп

Жаңылыктар түрмөгү
0