ЕАЭБ чек араларындагы көйгөйлөр тезирээк чечилет. ЕЭК жыйынынын жыйынтыгы

© Sputnik / Табылды КадырбековЕАЭБ мамлекеттердин желектери. Архив
ЕАЭБ мамлекеттердин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комитет ЕАЭБдин ичинде товарларды эркин өткөрүүнү камсыз кылуу жана талаш маселелерди, келишпестиктерди жөнгө салган "Жол картасын" иштеп чыгуу менен алектенет. 27-июлга чейин Биримдиктеги өлкөлөр өз сунуштарын көрсөтүшү керек.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын алкагында Евразия экономикалык биримдиктеги товарларды өткөрүүгө байланыштуу талаш кырдаалды жөнгө салган комитет түзүлөт. Бул тууралуу ЕЭК маалымат кызматы кабарлады.

10-июлда ЕЭК кеңешинин кезектеги жыйыны болду. Комитетти ЕЭК коллегиясынын башчысы Михаил Мясникович жетектейт.

"Комитетке Биримдиктеги мамлекеттердин ыйгарым органдарынын жетекчилери жана алардын орун басарлары, ошондой эле ЕЭК коллегиясынын мүчөлөрү Олег Панкратов, Гегам Варданян, Тимур Жаксылыков, Виктор Назаренко, Андрей Слепнев кирген", — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, комитет ЕАЭБдин ичинде товарларды эркин өткөрүүнү камсыз кылуу жана талаш маселелерди, келишпестиктерди жөнгө салган жол картасын иштеп чыгуу менен алектенет. 27-июлга чейин Биримдиктеги өлкөлөр өз сунуштарын көрсөтүшү керек.

"Жол картасына Биримдиктеги өлкөлөр арасында, анын ичинде ички чек араларда бир жактан экинчи жакка жөнөтүлгөн товарларды текшерүү иш-чараларын алып салуу же азайтуу кадамдары кириши мүмкүн. Мындан сырткары, планга товар айлантуудагы көзөмөл, каттоо жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуучу чечимдер да киргизилет. Жол картасын ЕЭК кеңеши бекитет", — деп жазылган билдирмеде.

ЕЭК жалпы электроэнергетика рыногун түзүү боюнча иш-чаралардын жол картасын жактырды

Жол картасына сунушталчу маселелеринин ичинде транзитти жөнөкөйлөштүрүү көйгөйү да бар. Жыйындын жыйынтыгында ЕАЭБде транзитти жөнөкөйлөштүрүү боюнча келишимге кол коюу пландалып жатканы маалым болду.

"Башкы максат — бажы транзитинде бажы төлөмдөрүн төлөө системасын ыңгайлуу кылып түзүү. Бул келишим бажы төлөмдөрүн сөзсүз төлөө учурларына тиешелүү", — деп айтылат маалыматта.

Долбоордо Макулдашуу суроолордун эки блогун жөндөй турганы айтылган.

"Биринчиси, декларанттар үчүн кыскартуу мүмкүнчүлүгүн колдонууну карайт. Алар транзиттик жүктөр менен иштөөдө тажрыйбасы бар жана аларга коюлган критерийлерге жооп бере алгандар. Сумманы азайтуу бир катар шарттарды сактагандыгына жараша 20 же 30 пайызды түзүшү мүмкүн", — деп билдирди маалымат кызматы.

Суроолордун экинчи бөлүгү кепилдикти өнүктүрүүгө багытталган. Ал бажы, салык, атайын, антидемпингдик, компенсациялык төлөмдөрүнүн милдеттүү аткарылышын камсыздаган ыкма катары каралууда.

Ал кепил (поручитель) болгондорду улуттук кепил катары таануу боюнча жалпы шарттарды аныктайт. Аны менен бирге эле алар үчүн каржылык гарантиянын көлөмүнөн 10дон 100 пайызга чейин кыскартып колдонууну карайт. Макулдашуудагы "жеңилдетилген" механизм тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн ЕАЭБ алкагында жүк ташуусунда тарткан чыгымдарын азайтууга көмөкчү болот", — деп айтылган маалыматта.

Бул макулдашуу өлкөлөр жана Комиссиянын тыкыр иштелип чыккан бажы документтеринин бири. Бул боюнча иш 2015-жылдан бери Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин буйругунун негизинде жасалып келе жатат. Ал учурда иштелип аягына чыкты.

Жээнбеков Бирдиктүү евразия патенти боюнча маанилүү документке кол койду

Жыйында Евразия экономикалык биримдиктин "Сүт жана сүт продукциясынын коопсуздугу тууралуу" техникалык регламентине да өзгөртүүлөр киргизилген. Анда ЕАЭБ "калыбына келтирилген сүт" түшүнүгүн киргизди. Калыбына келтирилген сүт — бул кургатылган сүттөн жасалган азыктар. Буга чейин биримдикте "сүт суусундугу" деген гана түшүнүк бар болчу.

Мындан сырткары, ЕАЭБдин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөлдөө жобосуна да өзгөртүүлөр киргизилгени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0