Кыргызстанда салыктык отчёттордун мөөнөтүн узартуу сунушталууда

Жазылуу
Эгерде салык төлөөчү көрсөтүлгөн убакытта (2020-жылдын 15- жана 20-июлунда) отчётторду бербесе, анда ага эч кандай жоопкерчилик чаралары колдонулбайт.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Экономика министрлиги 2020-жылдын 1-октябрына чейин салыктык отчеттордун мөөнөтүн узартууну сунуштайт. Бул тууралуу маалыматты аталган ведомство Facebook  баракчасына жайгаштырды.

Экономика министрлиги салыктык, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчёттуулукту, ошондой эле жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча отчётторду берүү мөөнөтүн 2020-жылдын 1-октябрына чейин узартуу боюнча өкмөттүн токтомунун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Бюджет тартыштыгы беш айда бир жылга пландалган көлөмдөн ашып кетти

"Долбоор кырдаалдын начарлап бара жаткандыгына байланыштуу, аймактык салык органдарында калктын жыйналуусуна жол бербөө жана COVID-19 коронавирус инфекциясынын таралуу коркунучу менен тобокелчиликтерин азайтуу максатында сунушталууда. Бул жерде бизнес коомчулуктун кайрылуусу да эске алынды", — деп айтылган маалыматта.

Документте жеке ишкерлер жана уюмдар 2020-жылдын II кварталындагы отчётторун жана 2020-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейин отчётторун жазуу жүзүндөгү арызы жок эле 1-октябрга чейин бере алат.

Асрандиев коронавирустун айынан бюджет канча акчадан кур калганын айтты

Алар төмөнкүлөр:

  • ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймактарынан Кыргызcтанга товарларды импорттоодо кыйыр салыктар боюнча салыктык отчёттуулуктан тышкары салыктык отчётторун;
  • мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчётторун;
  • жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча отчётту (FORM STI-157).
  • Белгилей турган нерсе, токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-июлунан тарта, тагыраагы, арткы число менен күчүнө кирет. Бул артка карай күчкө ээ жана эгер салык төлөөчү көрсөтүлгөн убакытта (2020-жылдын 15- жана 20-июлунда) отчётторду бербесе, анда ага эч кандай жоопкерчилик чаралары колдонулбайт.
  • Токтом долбоору өкмөттүн сайтына жайгаштырылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0