Социалдык фонд: пенсия өз убагында берилет

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүВыдача пенсий в почтовом отделении №51 Грозного
Выдача пенсий в почтовом отделении №51 Грозного - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгерде кандайдыр бир суроолор болсо, Социалдык фонддун атайын 1202 колл-борборуна жана ишеним телефондоруна чалууга болот.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Быйыл алты ай ичинде 23 миллиард 654 миллион сом өлчөмүндө пенсия төлөндү. Бул туурасында Социалдык фонддун төрага орун басары Уланбек Асанов билдирди.

Ал бүгүнкү күндө пенсиялар өз убагында төлөнүп жатканын жана мындан ары дагы үзгүлтүккө учурабай турганын белгиледи.

"Пенсионерлер кабатырланбай эле койсо болот. Өткөн жылы 600 миңге жакын пенсионерге 43 миллиард сомдон ашык төлөнгөн. Быйыл өлкөдө жашоо минимуму 4 900 сомду түздү. Ал эми пенсионерлердин 58 пайызына мындан жогорку өлчөмдө каражат төлөнөт", — деди Асанов.

Кыргызстан чет жактан канча акча алып, канчасын коротту. Кыскача түшүндүрмө

Ошондой эле ал эгерде кандайдыр бир суроолор болсо, социалдык фонддун атайын 1202 колл-борборуна жана ишеним телефондоруна чалууну сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0