БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Минск шаарында өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны соңуна чыкты.
Анда премьерлер ички рынокто соода тоскоолдуктарын жоюу, COVID жана башка инфекцияларга каршы туруу боюнча комплекстүү план кабыл алуу, Жерди аралыктан зонддоонун биргелешкен космостук системасын түзүү, индустриалдаштыруу картасын иштеп чыгуу жана агрардык өнөр жайды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Бул өкмөттөр аралык кеңештин пандемия башталгандан бери кадимки форматта өткөн биринчи иш-чарасы болду.
Пандемиядан кийинки биринчи жолугушуу. ЕАЭБ премьерлеринин жыйыны видеодо
Ага кеңештин төрагасы, Белоруссиянын премьер-министри Роман Головченко, Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян, Казакстандын премьери Аскар Мамин, Кыргызстандын премьер-министри Кубатбек Боронов, РФ өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегия төрагасы Михаил Мясникович, Молдованын өкмөт башчысы Ион Кику менен КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев катышты.
Жыйын алкагында Евразия өнүктүрүү банкынын башкаруучулугунун төрагасы Николай Подгузов да сөз сүйлөп, ЕАЭБ алкагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги тууралуу айтып берди.
Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча журналисттердин суроосуна жооп берген Михаил Мясникович күн тартибиндеги 18 маселенин баары кызуу талаш-тартышта каралганын белгиледи. Алардын баары евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүүдө негизги роль ойнойт.
Мясниковичтин айтымында, катаал шартка карабастан ЕАЭБ органдары ишти үзгүлтүккө учураткан эмес. Ыкчам жана стратегиялык мааниге ээ чечимдер кабыл алынганы белгиленип, пандемияга байланышкан маселелерди чечүүдөгү өз ара түшүнүүчүлүккө баа берилди.
COVID-19га каршы күрөш: Россия ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн тажрыйбасы менен бөлүшөт
"Үстүбүздөгү жылы 300дөн ашуун акт кабыл алынды. Ар кандай деңгээлдеги 37 жыйын өтүп, тогуз тоскоолдук жоюлду", — деди Мясникович.
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегия төрагасынын айтымында, аталган кеңеште кабыл алынган чечимдерге таянып, Биримдик космос, өнөр жай жана агро өнөр жай тармагындагы инновациялык-инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга белсенмекчи.
Ал учурда евразиялык экономикалык интеграциянын 2025-жылга чейин өнүктүрүү багытынын стратегиясы соңуна чыгып калганын белгиледи. Комиссия документти ишке ашыруу боюнча план даярдап, материалдарды 2020-жылдын күз айларында өлкө башчыларынын кароосуна коеру айтылды.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстан 6 миң 335,9 тонна грек жаңгагын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Мында чагылган жана кабыгы менен кошо сатылгандарынын баары кошулуп эсептелген. Жалпы баасы 9,3 миллион долларды түзөт.
Сатып алган өлкөлөр (тонна менен):
2019-жылы жалпы баасы 6,2 миллион долларлык 8,2 миң тонна грек жаңгагы экспорттолгон.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 6-7 сомго кымбаттайт. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канатбек Эшатов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Ал жыл башынан бери россиялык өндүрүштөн чыккан бензиндин дүң баасы 300 доллардан 500 долларга кымбаттаганын эске салды. Мындан сырткары, мунай баасы дагы 31 пайызга өскөн. Ал эми сом КМШ өлкөлөрүндөгү валюталардын ичинен көбүрөөк арзандаган.
"Март айында баалар өсөт. Жеке компаниялар чыгым тартыш үчүн иштебейт. Алардын маржасы минималдуу. Мартта баалар сөзсүз өсөт. Божомолубуз боюнча 6-7 сомго кымбаттайт", — деди Эшатов.Буга чейин аталган ассоциация 1-январдан 1-мартка чейин россиялык өндүрүштөн чыккан бензиндин тоннасы 300 доллардан 500 долларга чейин өскөнүн айтышкан. Кымбаттоо 67 пайызды түзүп, орточо эсеп менен алганда күйүүчү майдын литрине 14 сомдон туура келген. Дизель майдын тоннасы 360 доллардан 470ке чыккан. Пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 31 болгон. Бул литрине сегиз сом дегенди билдирет.
Анткен менен республикадагы АЗСтердеги бензиндин литрине болгон баа 13,8 пайызга же 4,9 сомго гана көтөрүлгөн.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Айбек Бузурманкулов өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Бузурманкулов ээлеген ордунан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кеткен.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Эске салсак, Бузурманкулов Таласка жетекчи болуп 2020-жылдын октябрь айында 5-6-октябрдагы окуялардан кийин келген.