Акча. Архивдик сүрөт

COVID менен күрөшүүгө 3,3 млрд сом кетти. Акчанын кайда жумшалганы боюнча отчёт

109
(жаңыланган 15:35 22.07.2020)
Каражаттар медиктерге жана күч түзүмдөрүнө компенсация төлөөгө, азык-түлүк менен камсыздоого, медициналык жабдууларды алууга жумшалган.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүү үчүн 3 миллиард 309,9 миллион сом жумшалды. Бул туурасында финансы министри Бактыгүл Жээнбаева Facebоok баракчасы аркылуу билдирди. 

Маалыматка ылайык, аталган сумма республикалык бюджеттен 21-июлга чейин каралган.

Каражаттар төмөнкүдөй бөлүнгөн:

  • Саламаттык сактоо министрлигине, жалпы — 488,2 миллион сом;
  • Компенсациялык төлөмдөр — 17,8 миллион сом;
  • Башка чыгымдар — 470,4 миллион сом.

Өкмөт коммерциялык банктарга 4,2 млрд сом бөлдү. Программанын максаты

Чыгымдардын максаты: медициналык жабдууларды (ИВЛ, кычкылтек концентраторлору), зарыл материалдарды, реагенттерди жана медициналык буюмдарды, экспресс-тесттерди жана ПЦР-тесттерди, дезинфекциялоочу заттарды, антисептиктерди сатып алуу. Коронавирус инфекциясы жуккан медицина кызматкерлерине жана илдеттен каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө бир жолку акчалай компенсация төлөп берүү;

  • Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, жалпы — 1,09 миллиард сом; ⠀
  • Компенсациялык төлөмдөр — 225,6 миллион сом;
  • Башка чыгымдар — 775,3 миллион сом.

Чыгымдардын максаты: жеке коргонуучу каражаттарга (300 миллион сом) жана антисептик, дезинфекциялоочу каражаттарды сатып алуу.

Күч структураларына жалпы  566,8 миллион сом, компенсациялык төлөмдөргө 434,2 миллион сом берилген. Анын ичинен ИИМге 274,6, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине 73,3, ӨКМге 25,5 жана УКМКга 35,6 миллион сом каралган. Жеке коргонуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды, антисептиктерди сатып алуу жана башка сатып алууларга 132,6 миллион сом кеткен;

Обсервация зоналарын уюштуруу, жабдууларды сатып алуу жана коронавируска каршы күрөшүү үчүн башка чыгымдарды жабууга Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 208,9 миллион сом;

Буудай сатып алуу үчүн Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна 715,7 миллион сом;

Тышкы иштер министрлигине 157,2 миллион сом. Бул каражаттар мигранттарды колдоо, тест системаларды, кычкылтек концентраторлору жана пульсоксиметрлер, медициналык жабдууларды, дары-дармектер жана керектелүүчү материалдарды сатып алууга жумшалган;

Кыргызстан чет жактан канча акча алып, канчасын коротту. Кыскача түшүндүрмө

Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү — 27,7 миллион сом;

Транспорт жана жол министрлиги — 1 миллион сом;

Ветеринария жана фитосанитария боюнча мамлекеттик инспекция — 3,1 миллион сом;

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги — 140,4 миллион сом.

109
Белгилер:
компенсация, бөлүштүрүү, каражат, финансы
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2429)
Тема боюнча
COVID-19ду ооздуктоого чет жактан алынган акчанын 2,2 млн доллары бөлүнгөн
Мамлекет жарым жылда баалуу кагаз чыгаруудан 4,7 млрд сом пайда көрдү

Кыргызстандыктар жактырып айдаган унаалардын баасы. Инфографика

237
Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган инфографикада өтүмдүү делген 15 автоунаанын баасы берилди.

Кыргызстандыктар арасында эң популярдуу унаалардын тизмеси:

  • Toyota Camry;
  • Daewoo Nexia;
  • Honda Fit;
  • Honda CR-V;
  • Mercedes-Benz E-класса;
  • Daewoo Matiz;
  • BMW, 5-серия;
  • Volkswagen Passat;
  • Honda Accord;
  • Honda Odyssey;
  • Lexus GX;
  • Hyundai Sonata;
  • Lada 2107;
  • Toyota Prius;
  • Toyota RAV4.

Баа мониторинги 20-ноябрда autobaza.kg, cars.kg жана mashina.kg сайттарына жарыяланган маалыматка таянып жасалды. Машиналардын баасы доллар менен көрсөтүлгөн (27-ноябрга карата доллардын баасын Улуттук банк 84,7 сом деп бекиткен).

237
Белгилер:
баа, унаа, популярдуулук, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанга жалпы эреже менен машина алып кирүү канча турат. Калькулятор
Көз айнек жана сом купюралары. Архив

Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фонду мамлекетке 13 млн. сом зыян келтиргени аныкталды

85
(жаңыланган 13:16 02.12.2020)
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фондунун башкаруу дирекциясы мыйзамсыз аракеттерди жасаган.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фондунун башкаруу дирекциясы мамлекетке 13 миллион сомдон ашуун зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Ысык-Көл облустук прокуратурасы социалдык объектилерди курууга сарпталган акчанын максаттуу пайдаланылышы боюнча текшерүү жүргүзгөн.

Мааламатка караганда, аталган дирекция 2016-2019-жылдары З.С. аттуу жоопкерчилиги чектелген коому менен Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылына спорт зал куруу үчүн келишим түзгөн. 2019-жылдын 4-мартында спорт зал пайдаланууга берилген.

"Бирок дирекциянын өкүлдөрү пайда көрүү үчүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып З.С. ЖЧКсынын кызматкерлери менен сүйлөшүп алып айрым иштерди жогорулатылган баада жасаткан. Ошондой эле аткарылбаган иштер дагы сметага кирип калган. Анын кесепетинен мамлекетке 4 миллион 324 миң 200 сом зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 2014-2018-жылдар аралыгында Тоң районунун Тоң айылында бала бакча куруу үчүн дирекция менен жогоруда аталган ЖЧКнын ортосунда келишим түзүлүп, курулушу бүткөрүлдү делген бала бакча 2018-жылдын 29-майында пайдаланууга берилген.

"Мында дагы тараптар сүйлөшүп алып мамлекетти 4 миллион 378 миң 100 сом зыянга учураткан", — дешти Башкы прокуратурадан.

Мындан тышкары, 2015-2018-жылдар аралыгында Балыкчы шаарында бала бакча курууда дирекциянын кызмат адамдары менен ТИП коомунун кызматкерлеринин ушундай эле кылмыштуу аракеттеринен улам мамлекетке 4 миллион 338 миң 700 сом зыян келтирилгени айтылды.

Мамлекетке жалпы жонунан 13 миллион 041 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Белгиленген фактылар Ыссык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

85
Белгилер:
бюджет, коррупция, фонд, өнүктүрүү, Ысык-Көл облусу
Тема боюнча
Прокуратура 10 млн. сомдук жер тилкени мамлекетке кайтарды
Прокуратура: Бишкекте иштебеген мугалимдерге айлык төлөнгөн факты аныкталды
Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов. Архив

Бороновдун жардамчысы: экс-премьер реанимацияда эмес

13
(жаңыланган 13:54 03.12.2020)
Буга чейин саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү адамдар Бороновдун абалы канааттандырарлык экенин, бирок реанимацияда дарыланып жатканын айтышкан.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирустан дарыланып, реанимацияда эмес кадимки палатада жатат. Бул тууралуу Sputnik кабарчысына мурунку өкмөт башчынын жардамчысы Руслан Турдумамбетов кабарлады.

Буга чейин саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү адамдар Бороновдун абалы канааттандырарлык экенин, бирок реанимацияда дарыланып жатканын айтышкан.

Турдумамбетовдун айтымында, Бороновго коронавирус деген диагноз коюлган. Ал эми анын пневмонияга кабылганы туурасында маалыматы жок экенин белгиледи.

Экс-премьер учурда стационарда, абалы туруктуу.

Эскерте кетсек, Боронов өкмөттү 2020-жылдын июнь айынан тарта жетектеген, ага чейин вице-премьерликти аркалаган. Октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткени маалым.

13
Белгилер:
реанимация, оорукана, пневмония, коронавирус, Кубатбек Боронов
Тема боюнча
Чүй менен Бишкекте азайбай койду. Коронавирус боюнча соңку маалымат