Кыргызстанга 60 млн доллар бөлүнөт, анын жарымы грант. Акча эмнеге жумшалат?

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүВалюта Соединенных Штатов Америки
Валюта Соединенных Штатов Америки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кредитти төлөө мөөнөтү 2026-жылдын 15-апрелинде башталып, 2057-жылдын 15-октябрында аяктайт. Долбоор жумушчу орундарды түзүүгө, жакырчылыкты жоюуга өбөлгө болору айтылды.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Дүйнөлүк банк) Кыргызстанга 60 миллион доллар каражат бөлөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Сооронбай Жээнбеков 18-июнда Жогорку Кеңеш кабыл алган "Региондук экономикалык өнүктүрүү" долбоорун каржылоо боюнча макулдашууну ратификациялады.

"Бул каражат Ош облусунун жана Ош шаарынын туризм жана айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө жумшалат. Бериле турчу каражаттын жарымы, 30 миллион доллары — грант",— деп айтылат билдирмеде.

Өкмөт коммерциялык банктарга 4,2 млрд сом бөлдү. Программанын максаты

Кредитти төлөө мөөнөтү 2026-жылдын 15-апрелинде башталып, 2057-жылдын 15-октябрында аяктайт.

Маалым болгондой, аталган долбоор жумушчу орундарды түзүүгө, жакырчылыкты жоюуга шарт түзөт. Эми Финансы министрлиги Дүйнөлүк банкка документ боюнча Кыргызстан өз процедураларын аткарганын маалымдашы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0