Ишканалардын дебитордук карызы көбөйдү. Статистика

Жазылуу
Акчасын ала албай жүргөн компаниялардын көпчүлүгү Бишкек шаарында (62,4 пайызы) жана Чүй облусунда (11,8 пайызы) ишмердүүлүк кылышат.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. 2019-жылы өлкө экономикасынын реалдуу секторундагы ишканалардын дебитордук карызы көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, былтыр карыздын бул түрү мурдагы жылга салыштырмалуу 35 пайызга же 40 миллиард 562,3 миллион сомго көбөйүү менен 156 миллиард 352,7 миллион сомду түздү.

Дебитордук карыздын жалпы көлөмүндөгү эң чоң үлүш дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо (29,3 пайызы), иштетүү өндүрүшүндөгү (15,7 пайызы), курулуш (15,3 пайызы), кесиптик, илимий жана техникалык ишмердиктер (8,7 пайызы) ишканаларынын карыздарына туура келди.

Салыктык отчётторду тапшыруу мөөнөтү 1-октябрга чейин узартылды

Акчасын ала албай жүргөн компаниялардын көпчүлүгү Бишкек шаарында (62,4 пайызы) жана Чүй облусунда (11,8 пайызы).

Дебитордук карыз — бул ишкана өз товарын кардарга сатып, бирок анысы үчүн ала элек акы. Көпчүлүк учурда карызын өз убагында кайтарып ала албай калган компаниянын ишинде финансылык тоскоолдуктар жаралат.

Жаңылыктар түрмөгү
0