Акча берүү. Архив

Былтыр банктар элге канча насыяны кандай максатта берген. Сандар

47
(жаңыланган 09:10 01.08.2020)
Кредиттердин басымдуу бөлүгү, дээрлик 100 миллиарды, ишкерликтин ар кандай түрлөрүн илгерилетүү үчүн алынган.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Өткөн жылы кыргызстандыктар алган жалпы насыялардын көлөмү 170 миллиард 919 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

"Анын ичинен 12,5 пайызы, тагыраагы, 21 миллиард 318 миллион сому бир жылга чейинки мөөнөткө, калган 87, 5 пайызы (149 миллиард сом) бир нече жылга берилген", — деп айтылат билдирүүдө.

Улуттук банк кредит төлөө мөөнөтүн үч айга жылдырууну сунуштады

Жарандар бул акча каражатын кандай максатта алды деген суроого жооптор төмөнкүдөй болду: басымдуу бөлүгү, дээрлик 100 миллиарды, ишкерликтин ар кандай түрлөрүн илгерилетүү үчүн алынган. Ал эми ипотекалык кредиттерге 15 миллиард сомдон ашык акча жумшалган. Жеке тараптар курулуш иштери үчүн алган акча — 15 миллиард 684 миллион сом болгон.

Ал эми керектөөчү насыяларга 23 миллиард бөлүнсө, калган 17 миллиард сомдой каражат кредиттин башка майда-чүйдө түрлөрүнө кеткен.

47
Белгилер:
кардар, банк, насыя, Кыргызстан
Тема боюнча
Депутаттарды кызыл чеке кылган мыйзам: банктарды салыктан бошотуу сунушталууда
Алтын куйма. Архивдик сүрөт

КРдин алтын кору бир айда 16 миллиард сомго кымбаттады

46
(жаңыланган 11:02 26.09.2020)
Жакында эле Улуттук банктын алтын валюталык корунун көлөмү 3 миллиард доллардан ашып, тарыхый рекордго жеткен. Бул жерде бир гана алтын кору тууралуу маалыматтар айтылууда.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Улуттук банктын алтын запасынын баасы бир айда дээрлик 16 миллиард долларга көбөйдү. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын расмий сайтында айтылат.

Август айынын башында алтындын кору 56 миллиард 893 миллион сомго бааланган, сентябрь айынын башында анын наркы 82 миллиард 824,8 миллион сомго жетти. Бул рекорддук көрсөткүч катары саналууда. Жыл башындагы баага салыштырмалуу 34 миллиард сомго өсүү бар.

Лондондогу баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын кечки фиксинги (иш жүзүндө дүйнөлүк баа үч күн сайын жаңыланып турат) бул мезгил аралыгында 14 долларга жогорулап, 1 972,35 долларды түздү. Кеп трой унциясынын наркы — 31,1 грамм жөнүндө болуп жатат.

Улуттук банк сомдун кунун түшүрбөй сакташ үчүн 11,2 миллион доллар сатты

Улуттук банктын төрагасы жакында эле алтын валютанын резерви тарыхый рекордду камсыздап, 3 миллиард доллардан ашканын билдирген болчу. Бул көбүнесе ички рыноктогу алтындарды сатып алуудан болгон. Акыркы маалыматтарга ылайык, Улуттук банкта баш-аягы 16 тонна алтын бар.

Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал ондогон валюталардан турат, алар: CDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерв жана төлөө каражаттары) жана алтын.

46
Белгилер:
Кыргызстан, Улуттук банк, валюта, экономика, алтын
Тема боюнча
Россияда доллардын баасы кескин кымбаттап кетти
Боронов алтын казып иштеген компаниялар канча салык төлөгөнүн айтты
Калькулятордо саноо. Архивдик сүрөт

2021-жылдан тарта айрымдар салык отчетун электрондук форматта берүүгө өтөт

48
(жаңыланган 13:47 25.09.2020)
Мамлекеттик салык кызматы ишкерлер менен уюмдарды электрондук кол тамганы эмитен сатып алууга чакырды. Мындай эреже өкмөттүн 2018-жылы кабыл алган токтомунда бекитилген.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Уюмдар менен жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-январынан тартып салык отчетторун квалификациялуу электрондук кол тамганы колдонуу менен электрондук форматта берүүгө милдеттүү болушат. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, отчетту электрондук түрдө берүүгө милдеттүү болгон салык төлөөчүлөргө квалификациялуу электрондук кол тамганы алдын ала, азыртан баштап сатып алуу сунушталат.

"Электрондук кол тамганы Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Инфоком, Dostek, Ubr ишканаларынан алууга болот", — дешти Салык кызматынан.

Өкмөттүн "Салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө берүүгө өтүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү" жөнүндөгү токтому 2018-жылдын 12-декабрында кабыл алынган.

Отчетту электрондук форматта берүүнүн негизги максаты — кызматтарды онлайн көрсөтүүгө өткөрүү менен ишкерлер үчүн жагымдуу шарт түзүп берүү.

Эки күн мурда Финпол колго түшүргөн салыкчы кызматтан алынды

Белгилей кетсек, жогорудагы токтомго ылайык, 2019-жылдын 1-июлунан тартып товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар электрондук кол тамганы колдонуу менен салык отчетун электрондук форматта тапшырып келишет.

Кошумча маалыматты 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

48
Белгилер:
отчет, салык, Кыргызстан
Тема боюнча
Келерки жылдын бюджетин түзүүгө үн кошууну каалагандар онлайн талкууга катыша алат
Искандер-М ракетасы машыгуу убагында полигондо. Архивдик сүрөт

"Ачык каалганы каккылоо". Москва АКШны жаза таюудан сак болууга чакырды

0
(жаңыланган 13:59 26.09.2020)
Россия Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу боюнча келишимдин (ДНСВ-3) сакталышын колдоп, Кошмо Штаттарды аны узартууга үндөөдө.

Сүйлөшүүлөр жай мезгилинен бери созулуп келет. Вашингтон документтин кайра каралышын талап кылат, Москва аны өзгөртүүдөн баш тартат. Маселе эмнеде экенин талдап көрүшкөн серепчилер Галия Ибрагимова жана Софья Мельничуктун макаласы РИА Новости агенттигинин сайтына жарыяланган.

"Биз жоопту уга албай турабыз"

"Ыкчам түрдө чечүүгө боло турган, бачым чечилиши зарыл болгон биринчи кезектеги маселе — бул, албетте, Россия Федерациясы жана Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы Россия Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу боюнча келишимди узартуу. Анын мөөнөтү аяктаарына өтө аз калды, 2021-жылдын февралында бүтөт. Америкалык өнөктөштөрүбүз менен мындай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз", — деди президент Владимир Путин Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 75-жыйынынын ачылышында.

БУУну АКШ ыдыраткысы, Россия куткаргысы бар

Россиялык президент өлкөлөрдү жаңы ракеталык тутумдарды ачууда сабырдуулукка чакырды. Өткөн жылы Кошмо Штаттар Чакан жана орто аралыктагы ракеталарды жок кылуу жөнүндөгү келишимден чыгып кеткен, андан соң Москва аларды Европага жайгаштырууга мораторий жарыялаган. Путин ал боюнча "Бул АКШ мындай чараларга баруудан карманып турганга чейин. Тилекке каршы, биздин сунушка америкалык өнөктөштөрдөн да, алардын өнөктөштөрүнөн да жоопту азырынча уга элекпиз", — деп кошумчалады ал.

СНВ-3 келишимин узартууну Антониу Гутерриш да бир нече ирет сунуштаган. Ал эми келишимге Кытайды кошуу боюнча АКШнын талабына БУУнун башкы катчысы терс пикирде.

Америкалыктарга "катуу жаза таюудан" сак болууга Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя да эскерткен.

Стратегиялык коопсуздуктун үлкөндөрү

ДСНВ-3 — өзөктүк технологияларды көзөмөлдөө чөйрөсүндө негиз салуучу документ. Ага 2010-жылы кол коюу менен Москва менен Вашингтон стратегиялык арсеналдарды кыскартууга милдеттенме алышкан.

Процесс жетимишинчи жылдардын башында эле башталган. Ал кезде кансыз согуштагы каршылаштар Стратегиялык куралдарды чектөө тууралуу алгачкы келишимди (ОСВ-1) түзүшкөн. Ошондон тарта бул жаатта эки тараптуу келишимге жети ирет кол коюлган.

АКШ аларды аткарууда эч качан шек жараткан эмес, бирок Дональд Трамп тактыга отургандан бери баары өзгөрдү. Ак үйдүн башчысы макулдашууларды учурдагы кырдаалга ылайыктоого умтулат. Келечекте куралдануунун жаңы жарышы аны коркутпайт.

Россиянын учкучсуз "Охотниги" АКШ менен НАТОну санаага салууда. Себеби

Чакан жана орто аралыктагы ракеталарды жок кылуу жөнүндөгү келишимден чыгуу тууралуу 2019-жылдын августунда жарыялаган чечимин Кошмо Штаттар Россияга карата дооматтары менен түшүндүргөн.

Алардын негизгиси – Москва кыязы, документ тыюу салган SSC-8 ракетасын сынаган имиш (россиялык классификациясы — 9M729). Бирок америкалыктар эч кандай так бир далил келтире алышкан эмес.

Анткен менен бейформал сүйлөшүүлөрдө маселе Москванын кадамдарында эмес экенин моюнга алышкан. Пентагон Кытай чакан жана орто ыраактыктагы ракеталарды чыгарып жатканынан шектенип, кытай бийлигинен стратегиялык куралдануу боюнча сүйлөшүүлөргө кошулууну талап кылган. Пекин Американын андай каалоолорун капарга алган эмес.

2020-жылы майда АКШ Ачык асман боюнча келишимден чыгып, кайрадан Москваны "орустар инспекциялык учуштарга жолтоо болууда" деп айыптаган. Россиянын коргоо министри муну жокко чыгарган. Аталган министрлик америкалыктар космосту активдүү өздөштүрүүгө ниеткер, ал эми бул келишим аларга жол бербегендигин боолголошот.

Өзөктүк паритет

"АКШ жана НАТО Кытайдын өзөктүк программасы тез өнүгүп жатканынан чочулайт. Кыязы, кытайлыктар бул маселеде Вашингтон жана Москва менен теңдештүүгө ниеттенет өңдөнөт", — деп түшүндүргөн ушул жайда куралданууну көзөмөлдөө боюнча АКШнын атайын өкүлү Маршалл Биллингсли.

Лавров: ШКУга мүчө өлкөлөр Ирандын өзөктүк программасы боюнча планды колдойт

Вашингтон Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу боюнча келишим Россиянын тактикалык өзөктүк дараметин чектебегенине нааразы. Биллингсли стратегиялык куралдардын верификациясынын азыркы механизмин да сынга алган эле.

Талкуу баары бир башталды, бирок америкалыктар кезектеги талабын билдирди. "АКШ ачык эшикти каккылай, сүйлөшүүлөргө акыркы үлгүдөгү россиялык куралдарды кошууну талап кылууда", — деп билдирди россиялык министр.

"Жакшы сунуш"

Жолугушуулардын экинчи раунду сентябрда майнапсыз аяктады. АКШнын жаңы талабы — кошумча алкактагы келишимдерди кабыл алуу. Ага америкалыктар стратегиялык гана эмес, тактикалык өзөктүк арсеналдарды да камтууну сунуштоодо. Бир гана Вашингтон сүйлөшүү процессине Кытайды кошуу менен кол коюуну жылдырууга макул болду.

"Биз Россияга жакшы сунуш бердик", — деди Биллингсли.

РФ Тышкы иштер министрлигинен Москва аталган келишимди азыркы гана калыбында кабыл аларын кабарлашты. Анын мөөнөтү бир нече айдан кийин аяктайт, андан бир нерсени өзгөртүүгө убакыт тар. Бул мекемедегилер макулдашуу процессин америкалыктардын өздөрү создуктурганын белгилешти.

"Эгер АКШ кызыкчылыктардын шайкештигинин негизинде кандайдыр жаңы нерсени иштеп чыгууга даяр болсо, анда келишимди кабыл алуу мүмкүн. Бирок убакыт керектелет", — деп мүнөздөйт кырдаалды РФ ТИМ орун басары Сергей Рябков.

"АКШ өзгөчө жеңилдиктерди самайт"

"Альтернатива аз: же Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу боюнча келишимди өзгөртүүсүз узартуу же биротоло андан баш тартуу", — деп боолголойт куралданууну көзөмөлдөө көйгөйлөрү боюнча адис Евгений Мясников.

Келишимдин башкы баалуулугу стратегиялык куралдардын верификация системасында деген ойдо ал. "Мурда бири-биринин аракеттерин көзөмөлдөө татаал эле. Тараптар эң кооптуу сценарийге карашкан, бул кезегинде чыңалууну күчөткөн. Эгер система кыйраса, өткөндүн кайталануу тобокелдиги да өсөт", — деп эскертет эксперт.

Жаңы технологиялар жана эл аралык коопсуздук боюнча ПИР-борбордун жетекчиси Вадим Козюлин келишимдин узартылышынан шек санабайт. АКШнын талаптарын ал баа-наркын жогорулатуу оюнундай баалайт.

F-35ти модернизациялоо. АКШнын доо кеткен беделин бийиктетүү аракети

"Трамп баягысындай эле: келишимди түзүүнүн алдында өзгөчө жеңилдиктерди соодалашып алгысы келет. Бирок убакыт келип калды, америкалыктар узартууга макул болот. Жаңы шарттар – кийинки талкуулардын предмети. Ошону менен бирге эле Европадагы тактикалык өзөктүк арсенал жана америкалык курал боюнча Россиянын да сунуштары бар", — деген пикирин билдирет эксперт. Ал Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу боюнча келишимге учкучсуз тутумдар кирбестигин, аларды деле өзөктүк куралды ташуучу катары кароого болорун белгилейт.

"Учкучсуздар боюнча Россиянын да көп суроолору бар. Негизи, бул ошол эле канаттуу ракета. Көп жолу пайдаланылышынан улам ал олуттуу коркунуч туудурат. Бирок Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу жаатындагы келишим боюнча кезигүүлөрдүн алкагында Москва бул теманы азырынча көтөрүп чыга элек", — дейт Козюлин.

Анын айтымында, көзөмөл тутумун сактап калуу учурда негизинен АКШга жараша. Эгер Вашингтон диалогго даяр болсо, анда келечегинде ага өзөктүк куралга ээлик кылган мамлекеттерди, атап айтканда, Кытай, Франция, Улуу Британия, Индия, Пакистанды кошуп алууга болот.

0
Белгилер:
божомол, эксперт, өзөктүк курал, келишим, АКШ, Россия
Тема боюнча
АКШ космоско алгачкы ажатканасын орнотууну пландап жатат
"Абрамстарды" жеткиришти. АКШ Беларусь чек арасында эмне баштоодо?