Министрлик: пандемия артка тарткан жок. Алты айда 153,5 млрд сомдук товар өндүрүлдү

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүФармацевтикалык продукция чыгаруу. Архив
Фармацевтикалык продукция чыгаруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын алты айында фармацевтикалык продукцияларды чыгаруунун көлөмү 2,4 эсеге жогорулаган.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Коронавирус пандемиясынан улам жаралган кризиске карабай өнөр жай тармагында оң динамика байкалып жатканын Экономика министрлигинен кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, үстүбүздөгү жылдын алты айында өнөр жай ишканалары 153 миллиард 471 миллион сомдук продукция өндүргөн. 2019-жылга салыштырып караганда, өндүрүлгөн сумма дээрлик бирдей болуп, 100,1 пайызды түзгөн.

Экономика министри: Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү кыскарды

Ал эми фармацевтикалык продукцияларды чыгаруунун көлөмү 2,4 эсеге, химиялык продукциялар 10,9 пайызга, пайдалуу кен байлыктарды казуу 9,8 пайызга өскөн. Аны менен катар негизги металлдар жана металлдан жасалган буюмдар 9 пайызга көбүрөөк чыгарылган.

Мындан сырткары, жарым жылдын аралыгында Ысык-Көл облусунда жети, Баткен менен Жалал-Абадда алтыдан, Ош облусунда беш, Чүйдө үч жана Ош шаарында бир ишкана ачылганы белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0