Ысыккөлдүк ишкана Кытайга сүт экспорттой баштайт

Жазылуу
Ишкана жакынкы жылдары  сүт өндүрүүнү суткасына 70-80 тоннага чейин көбөйтүү, күнүнө 10 тонна быштак (сыр) чыгаруу кубаттуулугуна жетүү  планын койгон.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. 2021-жылдан тартып ысыккөлдүк ишкерлер Чүй облусундагы өнөктөштөрү менен биргеликте Кытайга сүт жана сүт азыктарын экспорттоону пландап жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун аталган облуста болгон иш сапары учурунда белгилүү болду.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевДеятельность молокоперерабатывающего предприятия ОсОО "Ак-Булак плюс" в городе Каракол
2021-жылдан тартып ысыккөлдүк ишкерлер Чүй облусундагы өнөктөштөрү менен биргеликте Кытайга сүт жана сүт азыктарын экспорттоону пландап жатат - Sputnik Кыргызстан
1/4
2021-жылдан тартып ысыккөлдүк ишкерлер Чүй облусундагы өнөктөштөрү менен биргеликте Кытайга сүт жана сүт азыктарын экспорттоону пландап жатат
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидента КР Сооронбай Жээнбеков в ходе ознакомления с деятельностью молокоперерабатывающего предприятия ОсОО "Ак-Булак плюс" в городе Каракол
 Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун аталган облуста болгон иш сапары учурунда белгилүү болду - Sputnik Кыргызстан
2/4
Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун аталган облуста болгон иш сапары учурунда белгилүү болду
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевДеятельность молокоперерабатывающего предприятия ОсОО "Ак-Булак плюс" в городе Каракол
Мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришкендей, Жээнбеков Каракол шаарындагы сүттү кайра иштетүүчү ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты - Sputnik Кыргызстан
3/4
Мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришкендей, Жээнбеков Каракол шаарындагы сүттү кайра иштетүүчү ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевДеятельность молокоперерабатывающего предприятия ОсОО "Ак-Булак плюс" в городе Каракол
Бул жерге Каракол шаарынын, ошондой эле Түп, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунун жергиликтүү фермерлери сүт өткөрөт. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Бул жерге Каракол шаарынын, ошондой эле Түп, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунун жергиликтүү фермерлери сүт өткөрөт.
1/4
2021-жылдан тартып ысыккөлдүк ишкерлер Чүй облусундагы өнөктөштөрү менен биргеликте Кытайга сүт жана сүт азыктарын экспорттоону пландап жатат
2/4
Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун аталган облуста болгон иш сапары учурунда белгилүү болду
3/4
Мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришкендей, Жээнбеков Каракол шаарындагы сүттү кайра иштетүүчү ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты
4/4
Бул жерге Каракол шаарынын, ошондой эле Түп, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунун жергиликтүү фермерлери сүт өткөрөт.

Мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришкендей, Жээнбеков Каракол шаарындагы сүттү кайра иштетүүчү ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Экономика министри: Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү кыскарды

"Учурда бул ишкана Кант шаарындагы өнөктөшү менен бир соода маркасынын алдында товар өндүрүп, Россия, Казакстан, Тажикстандын рыногуна чыгарып жатат. 2021-жылдан тартып Кытайга экспорттоону баштайт", — деп айтылат билдирүүдө.

Ишкана бир нече кабыл алуу пунктуларына жана муздаткыч жайларына ээ. Бул жерге Каракол шаарынын, ошондой эле Түп, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунун жергиликтүү фермерлери сүт өткөрөт. Завод Ысык-Көл облусундагы райондордун 70тен ашуун айылдарындагы алты миңден ашуун дыйкан чарбалардын сүтүн кабыл алууда, муну менен бирге аймактагы айыл чарба өнүгүүдө.

Алар жакында сүт өндүрүүнү суткасына 70-80 тоннага чейин көбөйтүү, күнүнө 10 тонна быштак (сыр) чыгаруу кубаттуулугу менен европалык деңгээлдеги автоматташтырылган быштак жана коюлтулган сүт өндүрүү боюнча линияны ишке киргизүүнү пландап жатат.

Эске салсак, президент Ысык-Көлдө эки күндүк иш сапары менен жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0