Былтыр КРде кайсы тармакта кызмат көрсөтүүлөр көп болгон. Статистика

© Sputnik / Табылды КадырбековОш базарындагы соодагер. Архив
Ош базарындагы соодагер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калк арасында эң кеңири колдонулган кызматтардын сап башына дүң жана чекене соода, автотранспорт оңдоо кирди. Бул тармак бардык кызматтардын 73 пайызын түздү.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Улуттук статистика комитети өткөн жылы Кыргызстанда кайсы кызматтар көп колдонулганы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, калк арасында эң кеңири колдонулган кызматтардын сап башына дүң жана чекене соода, автотранспорт оңдоо кирди. Бул тармак бардык кызматтардын 73 пайызын түздү. Андан кийинки орунда транспорттук кызматтар жана жүктөрдү сактоо (7,3 пайыз) турат.

Ысыккөлдүк ишкана Кытайга сүт экспорттой баштайт

Колдонулган кызматтардын 4,8 пайызы мейманканаларга жана ресторандардын ишмердигине тиешелүү.

Маалымат жана байланыш тармагына толук төрт пайыз туура келген. Калган тармактардагы кызмат көрсөтүүлөр төрт пайыздан төмөн болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0