Ысык-Көлдө заманбап жол курууга канча акча кетет жана ал кайдан алынат. Тизме

Жазылуу
"Ысык-Кɵл айланма автожолун реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Кɵл айланма автожолун реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча кредиттик макулдашуу ратификацияланды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алынган "Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Кɵл айланма автожолун реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Ага ылайык, Сауд өнүктүрүү фонду 131,25 миллион сауд риалы (35,00 миллион доллар) суммасындагы кредиттик каражатты жылына 1 пайыз менен 25 жылга берүүдө.

Бишкекте жол куруу боюнча тендерди кытайлык компания утуп алды. Тизмеде 60 көчө бар

Каражат Балыкчы — Каракол — Балыкчы автожолунун узундугу 80,5 чакырымды түзгөн Корумду айылынан Балбай Баатыр айылына чейинки бөлүгүн реконструкциялоонун бир бөлүгүн каржылоого жумшалат. Реабилитациянын жыйынтыгында Корумду — Балбай Баатыр жолу эл аралык маанидеги төрт тилкелүү унаа жолуна айланат (II техникалык категориядагы). Ошондой эле тротуарларды, суу агуучу лотокторду, жарык берүүчү лампаларды, велосипед жолдорун куруу каралган. Долбоорду бүтүрүү 2025-жылдын аягына пландалган.

Корумду айылынан Балбай Баатыр айылына чейинки узундугу 80,5 чакырым болгон автожолдун реабилитациясынын жалпы суммасы 128 миллион долларды түзөт.

Бишкекте жаңы курулган жолдордун кемчилиги чыгып, кайра оңдолууда. Сүрөт

"Анын ичинен 110 миллиону курулуш иштерине, 4 миллиону консультациялык кызматтарга, 1,5 миллиону автоунаа жолдорун тейлөө үчүн жабдууларды сатып алууга, 0,34 миллиону мобилдүү тараза көзөмөл пунктуна, 0,5 миллиону долбоорду ишке ашыруу бөлүмүн кармоого, 0,05 миллиону финансылык аудит кызматына; 11,6 миллиону күтүлбөгөн чыгымдарга жумшалат", — деп айтылат билдирүүдө.

Долбоордун 93 миллион доллар суммасындагы калган бөлүгүн каржылоо үчүн төмөнкү булактардан насыялык каражаттар алынат:

  • Араб экономикалык өнүктүрүү Кувейт фонду — 28,90 миллион;
  • Абу-Даби өнүктүрүү фонду — 22 миллион;
  • Ислам өнүктүрүү банкы — 20 миллион;
  • ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фонду — 10 миллион.
  • Мындан тышкары, кыргыз өкмөтүнүн 12,1 миллион доллар өлчөмүндө кошо каржылоосу каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0