Алтындын унцийи тарыхта биринчи жолу 2 миң доллардан кымбат сатылат

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүАлтын куйма. Архив
Алтын куйма. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алтын менен катар күмүштүн наркы дагы төрт пайызга өсүп кетти. Анткен менен алтын жана күмүш сатып алуулар мурдагы жылдарга салыштырмалуу аз экени айтылат.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Нью-Йорктогу Comex биржасындагы бааларга караганда, ушул жылдын октябрь айында алтындын бир унцийи эки миң доллардан ашат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ошондой эле сентябрга көрсөтүлгөн баа боюнча күмүштүн наркы төрт пайызга өсүп кетти.

Анткен менен алтын жана күмүш сатып алуулар мурдагы жылдарга салыштырмалуу аз экени айтылат.

Доллар дүйнөлүк валюта катары макамын жоготобу? Пикир

"Миcалы, Москва биржасында январь — июль айларында бул баалуу металлдарды сатуу жана сатып алуу боюнча түзүлгөн келишимдер 41,07 пайызга азайып кеткен", — деп жазылат кабарда.

Ал эми Кыргызстанда буга чейин алтынга болгон рекорддук баа ушул жылдын 8-апрелинде катталган. Анда Улуттук банктын алтын куймаларынын 31,1 граммы (унция) — 157 628,5 сом деп бааланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0