Майнинг фермасы. Архив

COVID-19дун айынан Кыргызстанда майнинг-фермалар эми салык төлөмөкчү

123
(жаңыланган 11:59 05.08.2020)
Долбоордун негизги максаты пандемия шартында оор абалга кептелген мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү болуп эсептелет.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Экономика министрлиги майнинг ишмердүүлүгүнөн салык алуу боюнча токтом долбоорун иштеп чыкты. Документ өкмөттүн сайты аркылуу коомдук талкууга коюлду.

Негиздемеде Салык кодекси майнинг ишмердүүлүгүнөн салык алууга жол берген 61-берене менен толукталганы айтылат. Ал эми аталган токтом өзгөртүүнү ишке ашыруу үчүн зарыл.

"Майнинг үчүн салынган салыктын базасы катары электр энергиясына төлөнгөн сумма каралат. Буга кошумча нарк салыгы менен сатуудан алынуучу салык дагы кирет. Салыктын көлөмү 15 пайызды түзөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Бюджетти толтуруу үчүн ички киреше булактары аныкталууда. Алар кайсылар?

Долбоордун негизги максаты пандемия шартында оор абалга кептелген мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү болуп эсептелет.

Эске салсак, 1-июлдан тарта Кыргызстанда майнинг-фермалар үчүн жаңы тариф күчүнө кирген. Ага ылайык, ишканалар киловатт-саатына 2,91 сомдон төлөйт.

123
Белгилер:
Кыргызстан, майнинг, салык
Тема боюнча
Сентябрга чейин транспорт, кыймылсыз мүлк жана жер салыктарын төлөө зарыл
Үй-бүлө жаңы үйдүн батирин карап жатышат. Архив

Ипотекалык насыянын мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин узартылды

97
(жаңыланган 11:39 01.12.2021)
Бул мыйзамдын максаты — кыргызстандыктар үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу экени айтылды.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Садыр Жапаров мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө кол койгон мыйзамга ылайык, ипотекалык насыялоонун мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга узартылат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.

"Жапаров “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы боюнча мурдагы мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген жаңы мыйзамга кол койду. Максат — Кыргызстандын жарандары үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу. Ошондой эле мыйзам менен ипотекалык насыялоонун мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга узартылат", — деп жазылган таратылган маалыматта.

 Билдирүүдө мыйзам менен инвесторлордун/эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен бериле турган ипотекалык кредиттердин шарттары эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салынары каралганы айтылган. Бул өз кезегинде Кыргызстанда ипотекалык турак жай насыясынын шарттарын кыйла жеңилдетмекчи.

 "Мыйзамдагы өзгөртүүлөр жер-жерлерде жогорку квалификациялуу эмгек ресурстарын бекемдөө, эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салына турган инвесторлордун/эл аралык донорлордун катышуусу менен иштелип чыккан турак жай программаларынын алкагында турак жайга ээ болуу үчүн шарттарды түзөт", — деп белгиленген анда.

Быйылкы жылдын октябрь айында МИК мурда берилген ипотекалык насыянын пайызы азайтыларын билдирген эле. 

97
Белгилер:
Кыргызстан, ипотекалык насыя, кредит, мөөнөт
Тема:
Мамлекеттик ипотекалык насыя берүү
Тема боюнча
Чыгымды азайтуунун ыкмалары. Кыргызстандыктарга 8 кеңеш
4-8 пайыз менен. Сентябрдан тарта ишке аша турган мамлекеттик ипотеканын шарты
Чүй облусундагы Кегети капчыгайына жылдын төрт мезгилинде иштеген туристтик жайдын долбоору

Кегетиге 380 миң долларлык туристтик комплекс курулат. Сүрөт

534
(жаңыланган 13:48 30.11.2021)
Туристтик жайга каражатты Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду бермекчи. Анын аймагына саркынды сууларды тазалоочу система жана чакан ГЭС курулары айтылды.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Чүй облусундагы Кегети капчыгайына жылдын төрт мезгилинде иштеген, меймандарды тейлей турган комплекстин курулушуна акча берет. Бул туурасында аталган фонддун маалымат кызматынан кабарлашты.

Кечээ РКӨФ Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорду каржылоону бекиткен. Ал ири долбоор "Ала-Тоо — Көл-Төр аймагы" комплекси деп аталат. Меймандарды тейлеген жайдын Кегетидеги токойчулугунун аймагында, Көл-Төргө бара жаткан аймакта жана анын жээктеринде курула тургандыгы айтылды.

"РКӨФ финансылай турган сумма 380 000 долларды түзөт. Каражат этностилде салына турган, жылдын төрт мезигилинде тең меймандарды кабыл алууга ылайыкталган заманбап комплекстин курулушуна берилет. Аймактын туристтик мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө бараандуу салымын кошо турган бул долбоор өлкөбүздөгү атандаштыкка туруштук бере алган багытта", — деп айтып беришкен РКӨФтөн.

Аталган комплекс ишке кирип калса жергиликтүү 30 киши туруктуу жумуш менен камсыз болмокчу.

Долбоордо саркынды сууларды тазалоочу системаны жана чакан ГЭСти куруу менен экологиялык коопсуздукту сактоо боюнча бардык эреже-талаптар сакталары айтылды.

Кегети капчыгайы Бишкектен 80, Токмок шаарынан 18 чакырым алыстыкта жайгашкан. Анда бийиктиги 20 метрди түзгөн Кегети шаркыратмасы орун алган. Капчыгайдын эң бийик чекити деңиз деңгээлинен 3 200 чакырымды түзөт.

Ал Кыргыз тоо кыркасынын бир бөлүгү болуп эсептелет.

534
Белгилер:
Кыргызстан, Токмок, Кегети капчыгайы, туристтик комплекс
Тема боюнча
Ысык-Көлгө экологиялык өзгөчө шаар курулат. Эскизинин видеосу
Арашан айылындагы парламенттик шайлоодо жергиликтүү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоо участкасында иштеп жаткан учуру

Добуштардын 40%ы саналды. Алдыда келе жаткан 7 партиянын тизмеси

0
(жаңыланган 13:39 01.12.2021)
Саат 13:00гө карата 1000 шайлоо тилкесинде бюллетендер эсептелип, протоколдор БШКга жөнөтүлгөн.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Парламенттик шайлоодо берилген добуштардын 40,10 пайызы кол менен саналып бүттү. Бул тууралуу Боршайкомдун бюллетендерди эсептөөнү онлайн режиминде көрсөткөн newess.shailoo.gov.kg порталында маалымдалат.

Саат 13:00гө карата 1000 шайлоо тилкесинде бюллетендер саналып бүтүп, протокол жөнөтүлгөн. Бул 446 907 жарандын тандоосу ачыкталганын түшүндүрөт. Жалпысынан шайлоого 1 273 557 кыргызстандык катышкан.

Азырынча төмөнкү партиялар беш пайыздык босого чектен өттү:

  • "Ата-Журт Кыргызстан" — 15.18 пайыз;
  • "Ынтымак" — 14.44 пайыз;
  • "Ишеним" — 12.62 пайыз;
  • "Ыйман нуру" — 7.32 пайыз;
  • "Альянс" — 6.85 пайыз;
  • "Эл үмүтү" — 5.69 пайыз;
  • "Бүтүн Кыргызстан" — 5.80 пайыз.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтүп, АСУнун алдын ала жыйынтыгы чыкты. Партия тизмеси боюнча беш пайыздык босогодон алты партия өттү. Бир мандаттуу округ боюнча да алдын ала жыйынтык белгилүү болду. Акыркы жыйынтык протоколдордун баары кол менен эсептелип чыккандан кийин расмий жарыяланат.

0
Белгилер:
Кыргызстан, шайлоо, пайыз, добуш, саноо, кол
Тема:
2021-жылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы
Тема боюнча
Адис жаңылган. БШК сайттагы добуштарды ким көбөйтүп салганын айтты
Шайлоо-2021: бир мандаттуу округ боюнча кол менен саноонун алдын ала жыйынтыгы
Шайлоонун партиялар боюнча алдын ала жыйынтыгы. Кол менен саноо