COVID: КРге канча акча жардам катары келип, алар кайда жумшалды

© REUTERS / Jason LeeАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус пандемиясы башталгандан бери өлкө экономикасы кыйынчылыкка учурап, өкмөт чет элдик уюмдардан жардам алып келет.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстан коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн эл аралык уюмдардан жардам катары алган каражаттардын саны бүгүнкү күндө 333 миллион 300 миң долларды түздү. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Сүйөркул Абдыбалы тегин брифинг учурунда билдирди.

“Анын ичинен 260 миллион 200 миң доллар бюджетти колдоого жиберилди. Калган 73 миллион 100 миң доллар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) менен экономиканы колдоого кетти”, — деди адис.

Тагыраагы, 44 миллион 100 миң доллар ММКФ аркылуу коронавирус менен күрөшүүгө жумшалса, экономикага 29 миллион доллар салынды.

Кыргызстанда салыктык отчёттордун мөөнөтүн узартуу сунушталууда

“Бюджетке жөнөтүлгөн 260 миллон 200 миң долларды сомго которгондо 20 миллиард 448 миллион сом болот. Анын ичинен 7,9 миллиард сом резервде турат. 12 миллиард сомдон ашык каражат айлык акыларга жана социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жумшалды”, — деди Абдыбалы тегин.

Эске салсак, пандемиянын айынан мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү тартыш болуп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0