Экономика министрлиги келечекте тоо-кен өнөр жайын басып өтчү тармакты атады

© Sputnik / Акылбек БатырбековЭкономика министрлигинин имараты. Архив
Экономика министрлигинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өндүрүштүк көлөмдөгү масштабга ээ болгон инновациялык идеялар ишке ашса, өлкөнүн экономикасына чоң киреше алып келип, капиталдык салымдарды рационалдаштырат, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатат.

БИШКЕК, 5-авг. – Sputnik. Экономика министрлиги креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча концепцияны иштеп чыгууга киришти. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Концепция креативдүү индустриянын инновациялык багытын алдыга жылдыруу, өнүктүрүү үчүн укуктук жана экономикалык негиздерди түптөп бериши керек.

Министрликтин маалыматына караганда, Кыргызстандын ички дүң продукциясында креативдүү экономиканын үлүшү 7 пайызды түзөт. Бул тармакка реклама, архитектура, искусство, интерьер дизайны, мода индустриясы, кино индустриясы жана видео өндүрүш, көңүл ачуучу компьютердик программалар жана оюндар, музыка, театралдык искусство, арт-дизайн, көркөм сүрөт исскуствосу, басылма иши, телекөрсөтүү, радио жана башкалар кирет.

Бюджетти толтуруу үчүн ички киреше булактары аныкталууда. Алар кайсылар?

"Өндүрүштүк көлөмдөгү масштабга ээ болгон инновациялык идеялар ишке ашса, өлкөнүн экономикасына чоң киреше алып келип, капиталдык салымдарды рационалдаштырат, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле министрлик креативдүү индустрия сектору келечекте улуттук экономиканын тоо-кен өнөр жайынан жана мигранттардын акча которууларынан көз каранды болуусун жок кылат деген пикирде.

Мындан тышкары, өлкөнүн маданий мурастарынын кайра жаралуусуна жардам берери кошумчаланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0