Министрлик: дем берүүчү гранттардын эсебинен 196 долбоор каржыланат

© Sputnik / Жоомарт УраимовБир миң сомдук купюралар жана Кыргыз Республиканын желеги. Архив
Бир миң сомдук купюралар жана Кыргыз Республиканын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каражаттардын басымдуу бөлүгү мектеп, бала бакча, спорттук жайларга, инженердик жана коммуникациялык инфраструктура объектилерине кетет.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын жүзөгө ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 500 миллион сомдон ашык акча бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы дем берүүчү гранттардын эсебинен 196 долбоор каржыланып, ага 504 миллион 791 миң сом жумшалат.

Каражаттардын басымдуу бөлүгү мектеп, бала бакча, спорттук жайларга, инженердик жана коммуникациялык инфраструктура объектилерине кетет.

Казына менен капчык бош, бирок өлкөдө акча көп. Эки ача көрүнүшкө сереп

Эске сала кетсек, "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамына ылайык, ага 600 миллион сом каралган.

Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар — аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн долбоордук-конкурстук негизде жергиликтүү бийлик органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар.

Жаңылыктар түрмөгү
0