Эт. Архив

Мукашев: КРде өндүрүлгөн эт сапаты жагынан кошуналардан кыйла артта калган

129
(жаңыланган 08:48 12.08.2020)
Даяр эт азыгында эт менен сөөктүн катышы 60ка 40 пайыз болушу керек. Кыргызстандын этинде катыш 50гө 50 пайызды түзөт.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстанда асыл тукум малдарды өстүрүү дээрлик өнүккөн эмес. Мындай пикирин премьер-министрдин айыл чарба иштери боюнча кеңешчиси Азамат Мукашев Sputnik Кыргызстанга билдирди.

Ал Кыргызстандын эт өндүрүшүнүн учурдагы абалы тууралуу пикирин айтып, бул азыктарды өндүрүү боюнча биздин өлкө кошуна мамлекеттерден артта калганын белгиледи.

Анын айтымында, Кыргызстанда жайыттардын көпчүлүгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы жайыт комитеттердин карамагында. Өлкөдөгү малдын көпчүлүгү элдики.

"Көбүнесе фермерлерде жайыттарды жана тоют жерлерин кайра бөлүштүрүүдө талаш-тартыш пайда болот. Бул жалгыз көйгөй эмес. Кыргызстандын эт азыгынын сапаттык көрсөткүчтөрү, мисалы, эттин сөөккө карата катышы, ветеринардык талаптардын сакталышы боюнча Кыргызстан коңшу мамлекеттерден кыйла артта калган",  — дейт Мукашев.

Анын айтымында, негизи даяр эт азыгында эт менен сөөктүн катышы 60ка 40 пайыз болушу керек. Кыргызстанда бул 50гө 50 пайызды түзөт.

"Мындай этти миң чакырым аралыкка ЕАЭБ өлкөлөрүнө ташуу өзүн актабайт, анткени арык этке эч ким кымбат акча төлөгүсү келбейт. Керек болсо биздин жергиликтүү эт өндүрүүчүлөр да кышында этти Беларустан алып келишет, анткени аларда бул коэффициент бир кыйла жогору", — деген адис.

Жыл башынан бери өлкөдө өндүрүлгөн эт, сүт жана жумуртка. Статистика

Ал кошумчалагандай, мурда ата мекендик фермерлер асыл тукум малды өстүрүшкөн жана эттин сапаты жогору болгон. Акыркы маалда бул багытта эч ким иш жүргүзбөйт. Малдын асылдуулугун арттыруу үчүн фермерлер жыл сайын 60 миңден ашык асыл тукум малды сатып алышы керек. Иш жүзүндө бул көрсөткүч 700дүн тегерегинде.

129
Белгилер:
сапат, эт, асыл тукум, мал чарбасы, мал
Тема боюнча
Темиркулов: кризистен чыгуу үчүн козу карын өстүрүп, коен багуу керек
Суу майын чыгаруучу завод. Архивдик сүрөт

Өкмөт суу май жана кумшекер өндүргөндөр менен түз келишим түзүүнү карап жатат

7
(жаңыланган 17:49 06.03.2021)
Премьер-министр азык-түлүк жарманкесине барды. Ал өкмөт бир катар азыктардын баасын кармап туруу үчүн бардык күч-аракетин жумшап жатканын белгилеген.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Өсүмдүк майын жана кумшекер өндүрүүчүлөр менен түз келишим түзүү маселеси иштелип жатат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Бишкекте өткөн айыл чарба жарманкесине барганда айтканын өкмөттөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жарманкеге келгендер азык-түлүк баасынын жогорулашына жана анын пенсионерлер менен калктын аярлуу катмарына бөтөнчө сезилип жатканына тынчсызданган. Бааны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик антимонополиялык кызматтын ишине да сын айтылган.

Премьер-министр келтирилген жүйөлөр менен макул болуп, учурда өкмөт бир катар азыктардын баасын кармап туруу үчүн болгон күч-аракетин жасап жатканын белгиледи.

"Азык-түлүк коопсуздугу жана негизги тамак-аш азыктарынын баасын жөнгө салуу маселелери менин жеке көзөмөлүмдө турат. Жооптуу мамлекеттик органдарга өсүмдүк майын жана шекерди өлкөгө жеткирүү жана жеткиликтүү баада сатуу үчүн өндүрүүчүлөр менен түз келишимдерди түзүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылды. Бул кадамдар өсүмдүк майынын жана кумшекердин баасынын бир аз төмөндөшүнө алып келиши керек. Эт азыктарына бааны жөнгө салуу боюнча зарыл болгон иштер жүргүзүлүп жатат. Өсүмдүк майын өндүрүүгө дараметибиз бар. Мен мурдараак кумшекер жана өсүмдүк майын иштетүү жана өндүрүү максатында кант кызылчасын жана күнкараманы айдоо аянтын кеңейтүүнү тапшыргам", — деди Марипов.

Ошондой эле ал өкмөттүн негизги максаты — тамак-аш азыктарында импорттун үлүшүн 50 пайызга чейин азайтуу болуп саналарын кошумчалады.

7
Белгилер:
май, Кумшекер, кымбаттоо, калк, баа, азык-түлүк, Улукбек Марипов, премьер-министр
Тема боюнча
Былтыр Кыргызстан 6 миң тонна грек жаңгагын экспорттоду. Алган өлкөлөр
Бензин 5 сомго кымбаттап кетти. Нефть ташуучулар себебин түшүндүрдү
Грек жаңгагы. Архив

Былтыр Кыргызстан 6 миң тонна грек жаңгагын экспорттоду. Алган өлкөлөр

103
Кыргызстандын эң белгилүү экспорттук продукциясын 16 өлкө сатып алган. Арасында Араб, Европа мамлекеттери бар.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстан 6 миң 335,9 тонна грек жаңгагын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Мында чагылган жана кабыгы менен кошо сатылгандарынын баары кошулуп эсептелген. Жалпы баасы 9,3 миллион долларды түзөт.

Сатып алган өлкөлөр (тонна менен):

  • Афганистан — 44 ;
  • Азербайжан — 21,4;
  • Грузия — 19,5;
  • Германия — 29,6;
  • Индия — 3,1;
  • Иран — 8;
  • Ирак — 71,3;
  • Казакстан — 24;
  • Катар — 0,4;
  • Монголия — 3,2;
  • Молдова — 0,5;
  • БАЭ — 23;
  • Россия — 5 миң 401,4;
  • Түркия — 577,6;
  • Түркмөнстан — 103,9;
  • АКШ — 5.

2019-жылы жалпы баасы 6,2 миллион долларлык 8,2 миң тонна грек жаңгагы экспорттолгон.

103
Белгилер:
чет өлкө, сатуу, экспорт, жаңгак
Тема боюнча
Кыргызстан мал сатууну эселеп көбөйткөн. Былтыркы статистика
Кыргызстан былтыр 500 тонна бал саткан. Экспорттолгон мамлекеттер
Кыргызстан былтыр 987 млн. долларлык алтын экспорттоду