Проект строительства логистического центра по переработке и сортировке баткенского урюка и текстильной фабрики в Баткенской области

Жылына 8 тонна. Баткенде өрүктү кайра иштеткен логистикалык борбор курулууда

(жаңыланган 17:02 12.08.2020)
Мындан тышкары текстиль фабрикасынын курулушу башталган. Ишкерликтин бул түрлөрүнө төрт гектар жер бөлүнүп, 14 миллион доллар каражат салынган.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Сооронбай Жээнбеков Баткенге болгон сапарынын алкагында өрүктү кайра иштетүү жана сорттоо боюнча логистикалык борбор менен текстиль фабрикасынын курулуш долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, өнөр жай түрлөрү үчүн төрт гектар жер бөлүнгөн. Өрүктү кайра иштетүү боюнча долбоорго 8 миллион долларга жакын инвестиция салынган.

  • Президент КР Сооронбай Жээнбеков во время ознакомления с проектом по строительству логистического центра в рамках рабочей поездки в Баткенскую область
    Сооронбай Жээнбеков Баткенге болгон сапарынын алкагында өрүктү кайра иштетүү жана сорттоо боюнча логистикалык борбор менен текстиль фабрикасынын курулуш долбоорлору менен таанышты.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • На месте строительства логистического центра по переработке и сортировке баткенского урюка и текстильной фабрики в Баткенской области
    Өнөр жай түрлөрү үчүн төрт гектар жер бөлүнгөн.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • На месте строительства логистического центра по переработке и сортировке баткенского урюка и текстильной фабрики в Баткенской области
    Өрүктү кайра иштетүү боюнча долбоорго 8 миллион долларга жакын инвестиция салынган.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент КР Сооронбай Жээнбеков во время ознакомления с проектом по строительству логистического центра в рамках рабочей поездки в Баткенскую область
    Ал эми текстиль фабрикасын куруу боюнча долбоордун жалпы суммасы дээрлик 6 миллион долларга бааланууда
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • На месте строительства логистического центра по переработке и сортировке баткенского урюка и текстильной фабрики в Баткенской области
    Фабрика кийинки жылдан тарта 1 000 жумушчу орун түзүүнү жана жылына 400 миллион сомго жакын продукция чыгарууну пландаштырууда.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 5
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Сооронбай Жээнбеков Баткенге болгон сапарынын алкагында өрүктү кайра иштетүү жана сорттоо боюнча логистикалык борбор менен текстиль фабрикасынын курулуш долбоорлору менен таанышты.
"Борбордун ишке кириши менен 200 жумушчу орун түзүлүп, ал эми жергиликтүү фермерлер өздөрүнүн продукциясын — даңазалуу Баткен өрүгүн сатууну жөнгө сала алышат. Жыл сайын сегиз тонна өрүктү кайра иштетүү үчүн мүмкүнчүлүк жаралат", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми текстиль фабрикасын куруу боюнча долбоордун жалпы суммасы дээрлик 6 миллион долларга бааланууда. Фабрика кийинки жылдан тарта 1 000 жумушчу орун түзүүнү жана жылына 400 миллион сомго жакын продукция чыгарууну пландаштырууда.

Көйгөйдүн баары ачыкталды. Президент Баткенде оңдолуп жаткан оорукананы көрдү

Өз кезегинде Жээнбеков ишкерликтин мыйдай түрлөрү колдоого аларлык экенин белгилеген.

Долбоорлордун курулуш иштерин толук бүткөрүү 2020-жылдын декабрына пландалган.

Белгилер:
курулуш, долбоорлор, ишкер, өнөр жай, фабрика, өрүк, Сооронбай Жээнбеков, Баткен
Тема боюнча
Шерипов: көлдүктөр жаңгакка кызыкдар эмес, алма-өрүккө көнүп алышкан
Ат-Башыга курулчу логистикалык борбор: инвестордун 45 миллион сому кайда?
Өкмөт: Ат-Башыга логистикалык борбор курчу инвесторго 45 млн. сому кайтарылат
Өсүмдүк майы. Архив

Россия суу май экспорттоодо эркин пошлина киргизет. Кыргызстанга таасири

Кыргызстандын Экономика жана финансы министрлиги Россия өсүмдүк майын экспорттоого киргизип жаткан пошлинанын жаңы түрү Кыргызстанга көлөкөсүн түшүрбөйт деп эсептейт.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Россия ушул жылдын 1-сентябрынан тарта күн карама майын экспорттоого эркин пошлина системасын киргизгени турат. Бул тууралуу март айынын соңунда РФтин экономикалык өнүгүү министри Максим Решетниковго шилтеме берип "Известия" басылмасы кабарлаган.

Sputnik агенттиги жагдайдын Кыргызстанга кандай таасир этерин карап көрдү.

Эркин пошлина деген эмне?

Бул учурда пошлинанын суммасы товардын көлөмү жана баасын эске алуу менен кырдаалга жараша ар кандай болот. Башкача айтканда, кайсы бир баа аныкталып, товар андан арзан сатылса, пошлина алынбайт. Эгер андан кымбат сатыла турган болсо, мурда аныкталган баа менен азыркы сатылып жаткан нарктын ортосундагы сумманын 70 пайызы пошлина катары мамлекеттик бюджетке төлөнөт. Калган 30 пайызы өндүрүүчүнүн өзүндө калат. Адатта бийлик мындай системаны өз экономикасына пайда алып келүү үчүн, тагыраагы, бааларды ооздуктап, ошол эле учурда өндүрүүчүлөргө дагы киреше калтыруу үчүн киргизет.

Максим Решетниковдун айтымында, Россия өкмөтү жогоруда айтылып жаткан, андан жогору болгон учурда пошлина алынчу бааны аныктай элек.

"Эмне себептен пошлинанын жаңы түрү 1-сентябрдан тарта киргизилүүдө? Анткени өкмөт түшүмдү байкап туруп, ошого карата чечим кабыл алат", — деди министр.

Кыргызстанга кандай таасир этет?

Кыргызстан өсүмдүк майы менен өзүн 17 гана пайыз камсыздай алат. Калганын башка өлкөлөрдөн, анын ичинде Россиядан алат. Мисалы, 2020-жылы РФтен биздин өлкөгө 37 миң тонна өсүмдүк майы импорттолгон. Негизи эле Россия ЕАЭБ өлкөлөрүн суу май менен камсыздаган ири өндүрүүчү болуп эсептелет.

Былтыркы жылдын жайында Россиянын түштүгүндө кургакчылык болуп, түшүмдүүлүк азайган соң өсүмдүк майы биримдикке кирген өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда дагы (57 пайыздан көбүрөөк) кымбаттаган.

Бул жагдайларды эске алуу менен премьер-министрдин мурдагы кеңешчиси Кубат Рахимов эркин пошлина Кыргызстанга зыян келтирбейт деп эсептейт.

"Ири өндүрүүчү болуп эсептелген Россиянын ички рыногунда баалардын туруктуу же арзан болушу ЕАЭБге кирген башка өлкөлөргө дагы пайдасын тийгизет. Интеграция иштей баштаганын ушундан байкаса болот", — деди ал.

Кыргызстандын Экономика жана финансы министрлиги дагы ушундай эле пикирде. Ведомствонун адистеринин айтымында, эркин пошлина экономикалык биримдикте турган өлкөлөргө көлөкөсүн түшүрбөйт.

Белгилер:
пошлина, баалар, Өсүмдүк майы, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда баалардын өсүшү качан токтойт. ЕАӨБ божомолун айтты
Кумшекер бир айда 7,2 пайызга кымбаттады. Жер-жерлердеги баалар
Көп кабаттуу үйдүн курулушу. Архив

Кыймылсыз мүлккө акча салуу пайдалуубу? Артыкчылыгы, кемчилиги

Кыргызстанда батир сатып алып, аны кийин ижарага берүү менен пайда табуу жолу бар. Sputnik Кыргызстандын редакциясы салымдын бул түрүнүн артыкчылык-кемчилигин карап көрдү.

Үстүңдө үйүң болгонуна не жетсин! Бул ойго кошулбагандар чанда чыгар. Конуштуу болгон киши батирден-батирге көчмөйдөн же туугандардыкында батышып баш калкалагандан кутулат .

Там-таштуу болуунун айласын издеп көпчүлүк карызга батып же ипотека алат. Бирок биз бул материалыбызда кыймылсыз мүлккө байланышкан башка бир жагдайга токтолууну чечтик: өлкөдө турак жайга салым салуу менен пайда табууга болобу?

Артыкчылыгы

Кыймылсыз мүлк агенттиктеринин биринин жетекчиси Елена Гононова борбор шаардан батир сатып алуу инвестициялоонун бир түрү экенин айтат. Мисалы, ал банкта депозит кармагандан көрө ушул вариантка көбүрөөк ыктайт.

Директор одного из агентств недвижимости в Бишкеке Елена Гононова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыймылсыз мүлк агенттиктеринин биринин жетекчиси Елена Гононова
"Банктын иши токтоп калышы ыктымал, бир топ мезгилден бери мындай көрүнүш кайталана элек деңизчи. Бирок андай болуп калса, сизге салымыңыздын бир бөлүгү гана кайтарылат (200 миң сомго чейинки гана аманаттар — ред.)", — деди ал.

Дагы бир жакшы жагы — уттурбайсыз, баа дээрлик түшпөйт. Сатып алган убактагы эле каражатты кайра чыгарып алууга болот.

"2014-жылдан бери доллар менен бычылган баа өзгөргөн деле жок. Башкача айтканда 2014-жылы сатып алынган батирди азыр деле ошол акчага сатууга болот. Наркында азыраак өзгөрүү байкалат. Андан бери эконом-класстагы үйлөр кымбаттады. Анткени аларга талап чоң. Элиталык турак жайлардын баасы бир аз арзандай түштү", — деп түшүндүрдү Гононова.

Кошумча вариант

Ашыкча кыймылсыз мүлкүңүз зарыл учурда сизге запастык вариант болуп бериши мүмкүн (жашап турган үйүңүз табигый кырсык же дагы бир көйгөйлөрдөн улам бузулса же карызыңыз үчүн алдырып жиберсеңиз). Балдарыңыз үйлөнгөндө бөлүп койсоңуз да ажеп эмес. Ошондой эле акчага зарыгып калсаңыз күрөөгө кое турууга да батир дурус вариант.

Жилой дом для переселения по программе реновации в Москве
© Sputnik / Евгений Биятов
Балдарыңыз үйлөнгөндө бөлүп койсоңуз да ажеп эмес. Ошондой эле акчага зарыгып калсаңыз күрөөгө кое турууга да батир дурус вариант

Туруктуу киреше

Ижарага берсеңиз ай сайын кошумча киреше алууга болот. Шартыңызга жараша керектеп же дагы бир башка ишке салым салууга жарайт. Кокус жумуштан кетип же башка киреше булагынан ажырап калган убакта кыймылсыз мүлк жагдай жайгарылганга дейре кыйналбай жашап турууга көмөкчү болот.

Эми бул багыттын кемчиликтерине токтололу. Алардын айрымдары артыкчылыктарынын дал карама-каршысы.

Салыктар

Турак жайды ижарага берүүдө патент сатып алууга туура келет. Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтында Бишкек шаары боюнча бир айлык чендер төмөнкүчө көрсөтүлгөн:

  • Калаанын чордонундагы бир бөлмөгө — 1500 сом. Бөлмөгө улам 500 сомдон кошулуп отурат. Мисалы, эки бөлмөгө – 2000 миң сом, үч бөлмөлүү батирге – 2500 сом;
  • Турак жай аймактары, жаңы конуштарда — бир бөлмөгө 500 сом, улам бир бөлмөгө 300 сомдон кошулат;
  • Бишкектин калган райондорундагы батирлер — бир бөлмөгө 800 сом, улам кийинкисине 400 сомдон кошулат.
Кыргызские монеты через лупу
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Турак жай аймактары, жаңы конуштарда — бир бөлмөгө 500 сом, улам бир бөлмөгө 300 сомдон кошулат

Өзүн актоо мөөнөтү

Ижарага берилген турак жайдын өзүн-өзү акташы бир топ убакытты алат. Маселен, Бишкектеги бир бөлмөлүү батир кеминде эле 20-25 миң долларга келсе, анын ижара акысы 200 доллардан азыраак. Башкача айтканда ал өзүн эң аз дегенде 10 жылда барып актайт.

Ижарачылар ынанымсыз чыгышы ыктымал

Кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдө кардарлар ар кыл, анын ичинде, тилекке каршы, жоопкерчиликсиз да болушу мүмкүн экенин эске алуу абзел. Убагында акыны бербей, ижара да, коммуналдык кызмат акыларын да төлөбөй кетип же мүлкүңүзгө сиз күткөндөй кылдат мамиле кылбаганы да четтен чыгат. Ошондой эле батирди ижарага берүүнүн — ижарачыларды издөө, аларга батирди көрсөтүп, коммуналдык тейлөө акыларынын төлөнүшүн көзөмөлдөө жана башка машакаты да арбын.

Кээде берилбей туруп да калат. Бирок анткен күндө да коммуналдык кызмат үчүн үзгүлтүксүз төлөөгө тийишсиз. Башкача айтканда, кыймылсыз мүлк кошумча киреше каражатынан айрым убакта дагы бир чыгым агымына айланышы ыктымал.

Акчага айлантууга убакыт керек

Бир жакка салым салууда каалаган убакта сатып жиберүү мүмкүнчүлүгүнө көңүл бурушат. Бирок батирди акчага айлантуу дайым эле тез ишке аша бербейт. Кээде шашылыш сатууда акча да жоготуп алышыңыз мүмкүн, себеби андайда бааны түшүрүүгө туура келет эмеспи.

Одна тысячные купюры сома в руках человека
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бирок батирди акчага айлантуу дайым эле тез ишке аша бербейт. Кээде шашылыш сатууда акча да жоготуп алышыңыз мүмкүн, себеби андайда бааны түшүрүүгө туура келет эмеспи

Кайсы багытка салым салууну, албетте, өзүңүз гана чечесиз. Бирок алгач дайым артыкчылык жана кемчиликтерин салмактап алууга чакырар элек.

Белгилер:
кемчилик, Кыргызстан, артыкчылык, чыгым, киреше, инвестициялар, акча, кыймылсыз мүлк
Тема боюнча
Кыргызстанда ипотеканын баштапкы төлөм маселесин кантип чечсе болот. Варианттар
Кыргызстандагы электрондук капчыктар. Колдонуу шарттары
Вакцина алып жаткан бейтап. Архив

Кыргызстандын бардык аймактарында эмдөө пунктулары ачылды. Даректер

Эмдөө пунктулары аймактык оорукана, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун базасында ачылганы айтылды. Учурда вакцинаны медиктер, мугалимдер жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери алууда.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандын бардык аймактарында убактылуу эмдөө жайлары ачылганын билдирди.

Чүй облусунда 8 жерде ачылган. Алар:

  • Аламүдүн району, Лебединовка айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Ысык-Ата районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Чүй районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Кемин районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Сокулук районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Москва району, Беловодское айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Жайыл району, Кара-Балта шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Панфилов району, Панфилов айылындагы жалпы дарыгерлик практикалык борбору.

Бишкек шаары

  • №1, №2, №3, №4, №5, №6, №7 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда коронавируска каршы эмдөө жасалат.

Ош шаары

  • №1, №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору.

Ысык-Көл облусу

  • Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларындагы жалпы дарыгерлик практикалык борбору.

Жалал-Абад

  • Ноокен районундагы аймактык оорукананын базасы;
  • Майлуу-Суу шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Базар-Коргондогу Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Ала-Бука районундагы аймактык оорукананын базасы;
  • Аксы районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору.

Ош облусу

  • Кара-Суу районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Араван районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Кара-Кулжа районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Өзгөн районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Куршабдагы жалпы дарыгерлик практика борбору;
  • Ноокат районунда Медигос жана Барын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Алай районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Чоң-Алай районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору.

Нарын

  • Нарын шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу;
  • Ат-Башы районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Ак-Талаа районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Кочкор районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Жумгал районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору.

Талас

  • Талас шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Кара-Буура районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору.

Баткен

  • Баткен шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда коронавируска каршы эмдөө пункту ачылган.

Министрлик учурда вакцинаны медиктер, мугалимдер жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери алып жатканын белгиледи.

Белгилер:
дарек, оорукана, пункт, эмдөө, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
Коронавируска каршы вакцина алган кыргызстандыктардын азыркы абалы айтылды
11 миңдей орун даяр турат. Өкмөт COVID-19дун үчүнчү толкунунан кантип өтөт