Акчалар. Архивдик сүрөт

Кыргызстанга мигранттардан келген акчанын көлөмү өстү

149
Июнь айында былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 86 миллион долларга көбүрөөк акча которулду. Жыл башынан бери бардыгы 970 миллион доллардай акча чет мамлекеттерден жиберилди.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Ушул жылдын июнь айында мигранттардын Кыргызстанга которгон акчасы 277,9 миллион долларды түзгөнүн Улуттук банктан билдиришти.

Кеп жеке тараптар атайын системалар аркылуу которгон каражат тууралуу болуп жатат.

Белгилей кетсек, мигранттар былтыркы жылдын ушул учурунда мекенине 191,6 миллион доллар жөнөтүшкөн.

Кыргыз экономикасынын артка кеткен тармактары. Тизме

277,9 миллион доллар 2018-жылдын август айынан бери бир айлык өлчөм менен алганда эң чоң көрсөткүч. Бирок жалпы жыл башынан берки сумма өткөн жылдагыдан азыраак. Мисалы, 2020-жылдын алты айында Кыргызстанга сыртта иштеп жүргөн жарандардан 977,3 миллион доллар келсе, былтыр бул көрсөткүч 1 миллиард 126,4 миллионго жеткен.

149
Белгилер:
Акча которуулар, каражат, Мигрант, Кыргызстан
Тема боюнча
COVID: КРге канча акча жардам катары келип, алар кайда жумшалды
Бир рубль монетасы жана долларлык монета жана купюрасы. Архив

Россияда доллардын баасы кескин кымбаттап кетти

60
(жаңыланган 00:14 24.09.2020)
Доллардын сомго карата баасы сезилерлик өзгөргөн жок. Анткен менен Россия акчасынын наркы түшүп кетиши, доллардын Кыргызстандагы баасына таасир этип койгон учурлар көп.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Россияда апрель айынан бери биринчи жолу доллар 77 рублге чыгып, кескин кымбаттады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Москва биржасынын маалыматына караганда, бир доллар Бишкек убактысы боюнча саат 20:24тө 77,07 рублди түздү (96 тыйынга кымбаттады). Ал эми евро 80 тыйынга кымбаттап, 89,93 рубль болду.

Белгилей кетсек, доллардын сомго карата баасы сезилерлик өзгөргөн жок. Анткен менен Россия акчасынын наркы түшүп кетиши, доллардын Кыргызстандагы баасына таасир этип койгон учурлар көп.

60
Белгилер:
баа, доллар, Россия
Тема боюнча
Россияда евронун баасы рекорддук көрсөткүчкө жетти. Кыргызстанда абал кандай?
Михеевский горно-обогатительный комбинат в Челябинской области

Боронов алтын казып иштеген компаниялар канча салык төлөгөнүн айтты

85
(жаңыланган 16:12 23.09.2020)
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өлкөдөн казылган алтындын көлөмү 110,1 пайызга көп болгон.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын сегиз айында (январь-август) 13 тонна 735 килограмм тазаланган алтын өндүрүлдү. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бул көлөм өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 110,1 пайызга көп. Аталган тармакта өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшү "Кумтөр" жана "Алтынкен" ишканаларында байкалган.

Ал эми тоо кен тармагында сегиз айдын ичинде бюджетке салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдөн 10 миллиард 885,7 миллион сом түшкөн. Былтыр болсо бир жылда 12 миллиард 999,2 миллион сом түшкөн.

"Кумтөрдү айта турган болсок, анын дүң киреше салыгынан январь-август айларында 6 миллиард 133,4 миллион сом түштү. Алтын өндүргөн башка компаниялардын киреше салыгынан 1 миллиард 729,3 миллион сом жыйналды. Учурда ири тоо кен ишканалары санитардык жана карантиндик стандарттарга ылайык үзгүлтүксүз иштеп жатат", — деди Боронов.

Мындан сырткары, өкмөт башчы октябрь айында "Жер-Үй" кениндеги алтын өндүрүү фабрикасы ишке киргизилерин кошумчалады.

Элдин инвесторлорго мамилеси өзгөрдү. Жээнбеков Боронов менен онлайн жолукту

Ал эми Терек, Тереккан жана Перевальное кендеринде алтын өндүрүүчү фабриканын жана инфраструктуралык объектилердин курулушу башталганын белгиледи.

"Бул фабрика пайдаланууга берилгенден кийин бюджетке салыктык чегерүүлөр түрүндө болжол менен 1 миллиард сом которот. Ишкананын кубаттуулугу жылына 1 миллион тонна руданы кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Инвесторлорго айлана-чөйрөнү жана экологияны коргоо боюнча катуу талаптарды коюп келебиз. Биздин өлкөдө иштөө үчүн – биз койгон негизги шарттар аткарылууга тийиш", — деди өкмөт башчы.

Ошондой эле жергиликтүү калк менен ачык жана түз диалог куруу боюнча иштер күчөтүлөрүн эскертти.

85
Белгилер:
салык, кен, казуу, алтын, Кубатбек Боронов
Тема боюнча
Былтыр Кыргызстанда канча алтын казылып, канча акча түшкөнү белгилүү болду
Боронов: июлда салык жыйымдары көбөйүп, бюджет тартыштыгы 2 млрд сомго кыскарды