Улуттук банк эски акчаларды алмаштыруу, алтын куймаларын сатууну жандантты

© Фото / пресс-служба НБКРЗолотые слитки НБКР
Золотые слитки НБКР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн башкы финансылык уюму Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалдан улам 8-июлда иш тартибин өзгөрткөн болчу.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Улуттук банк эскилиги жеткен акчаларды алмаштыруу, алтын куймаларын жана нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүнү кайрадан жандантканын билдирди.

Маалыматка ылайык, бул иштерди бүгүн, 17-августтан, тартып кайрадан жүргүзө баштайт.

Кыргызстан биринчи жарым жылдыкта 10 тоннадан ашуун алтын сатты

Аталган кызматтарды аткаруу Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалдан улам 8-июлда токтотулган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0