Жээнбеков салык төлөбөй жүргөн ишкерлерди кечирген мыйзамга кол койду. Шарты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабочая поездка Сооронбая Жээнбекова в Чуйскую область
Рабочая поездка Сооронбая Жээнбекова в Чуйскую область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзамды коронавирус пандемиясынын кесепетин жоюу боюнча антикризистик пландын алкагында өкмөт сунуштаган.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков салыктык туумдарды жана камсыздандыруу төлөмдөрүнүн айып пулдарын кечүү боюнча мыйзамга кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, "Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө" мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 25-июнда кабыл алынган. Документти коронавирус пандемиясынын кесепетин жоюу боюнча антикризистик пландын алкагында өкмөт сунуштаган.

Сентябрга чейин транспорт, кыймылсыз мүлк жана жер салыктарын төлөө зарыл

Аталган мыйзамга ылайык, 2021-жылдын 1-июлуна чейин салыктардын бардык түрүнүн жана социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүнүн негизги суммасы төлөнсө, мамлекет буга чейин өз убагында төлөбөгөнү үчүн салынган айып пулдарды жана туумдарды толугу менен кечет.

Эгер 2021-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө негизги сумманы төлөсө, айып пул менен туумдардын 50 пайызы кечирилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2021-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0