Өзгөчө кадам: Россия менен Кытай доллардан жүз буруп кетти

© Фото / Pixabay / Thomas BreherДолларовая купюра
Долларовая купюра - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москва менен Пекин америкалык валютадан алыстоо ниетинде. Россия менен Кытайдын ортосундагы соода операцияларында доллардын үлүшү азайып, улуттук валютаныкы өстү.

Экономисттер бара-бара "финансылык альянс" түзүлүп, америкалык акча бирдиги сүрүлүп чыгарын болжолдошууда. Анын үстүнө инвесторлор валютадан баш тартып, алтынга басым жасап жатышканы айтылып келет. Доллардын азыркысы менен келечектеги абалына РИА Новости саресеп салган.

Евро жана юань

Биринчи кварталда Россия менен Кытайдын ортосунда жүргөн соода операцияларында доллар менен эсептешүү тарыхта биринчи жолу 50 пайыздан төмөндөп 46 пайызды түздү. Еврого 30 пайызы, улуттук валюта болгон рубль менен юанга 24 пайызы туура келди. Мындай илгери кадам Россия экономикасынын "дедолларизациялоо" жана АКШнын жаңы санкцияларына туруштук берүү стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат.

Акыркы жылдары Москва менен Пекин эки тараптуу соодадан долларды акырындап чыгарууда. 2014-жылы тараптар 150 миллиард юандык (24,5 миллион доллар) своп-макулдашууга кол койгон. Бул эки жакка тең ачык рынокко баш бакпастан улуттук валютага жеткиликтүүлүгүн камсыздайт.

Доллар дүйнөлүк валюта катары макамын жоготобу? Пикир

2015-жылы соода макулдашууларынын дээрлик 90 пайызы доллар менен жүрсө, 2019-жылга карата 51 пайызга түшкөн. Ал эми Россиянын "Роснефть" ири компаниясы экспорттук келишимдердин баарын еврого өткөрүп салды.

Nikkei Asian Review белгилегендей, америкалык валютасыз эле "финансы альянсын" түзүүнү шарттай турган кооптуу учур алыс эместей.

ФРСтин акча чыгаруучу станогу

Долларга болгон суроо-талаптын азайышына Россия менен Кытайдын күчтөнүшү жападан жалгыз себеп эмес. Алдыңкы инвестициялык банктардын айтканы боюнча америкалык валютага орду Федералдык резерв системасы (ФРС) казууда.

Экономиканы колдоо үчүн регулятор коюмду нөлгө чейин азайтып, станокту ишке киргизди. Коронавирус кризисинен тарта ФРС рынокко алты триллион долларга чукул акча чыгарды. Финансисттер "тарыхый эксперимент" тууралуу коңгуроо кагып, акча чыгарган станок болгон күчү менен иштеп, өлкөнү эч нерсе менен корголбогон нак акчага толтуруп жатканын айтып чыгышты. Бул нерсе акырындап долларды "өлтүрүүдө".

Алтындын унцийи тарыхта биринчи жолу 2 миң доллардан кымбат сатылат

Америкалык валютанын индекси төмөндөп, мамлекеттик облигациялардын кирешелүүлүгү да азайып барат. Апрелден бери доллар алты негизги валютага салыштырмалуу 10 пайызын жоготкон, мындай төмөн көрсөткүч акыркы жолу 2018-жылдын майында катталган эле.

АКШнын ири банкы болгон Goldman Sachs акча чыгаруучу станок ФРСтин балансын 2,8 триллионго чейин жеткиргенин эсептеп чыккан. Инвесторлор долларлык активдеринен чыгып, акчасын алтынга салууда.

"ФРС бир нече айдын ичинде эле төрт триллиондон ашуун доллар чыгарып койду. Бул буга чейинки 11 айдын көрсөткүчүнөн көп. Натыйжасы күтүлгөндөй эле болду: эч нерсе менен корголбогон валюта сатыкка чыгып, доллар арзандоодо", — деди финансы боюнча эксперт жана инвестор Ян Марчинский.

Куну түшөт

Тобокелчиликтер тууралуу Эл аралык валюта фонду да августтагы докладында эскерткен. Кризис менен күрөшүү үчүн чыгарылган триллион доллар жана өтө эле төмөнкү коюмдар резервдик валютага доо кетирүүдө: инвесторлор АКШнын мамлекеттик карызынан кача башташты.

ЭВФ башчысынын мурунку орун басары Жу Миндин айтымында, конгресс тарабынан көрсөтүлүүчү триллион долларлык жардам пакети чыныгы кыйроону шартташы мүмкүн.

"Курс эртеңки күнү 30 пайызга чейин төмөндөп кетет деп эмес, инвестордун долларга болгон ишениминин жоголуп кетишинен коркуу керек", — деди Жу Мин.

Ал эгер карызы көп ири компаниялар банкротко тушукканда ушундай "жарылуу" болорун болжолдоп жатат. 2008-жылдагы финансылык каатчылыктан кийин корпоративдик тармак аялуу болуп, төмөнкү коюм карызды көп алууга жол ачкан.

Казына менен капчык бош, бирок өлкөдө акча көп. Эки ача көрүнүшкө сереп

Демек, америка экономикасынын федералдык өкмөт алдында 26 триллиондук карызы, швейцариялык UBS боолгологондой, доллар үчүн чоң сокку болот.

"Мамлекеттик карыздын өсүшү америкалык долларга чагылышы толук ыктымал", — деди UBS WealthManagement стратеги Томас Флури.

Ал эми Morgan Stanley инвестициялык банкынын Азия боюнча дивизионунун мурунку башчысы Стивен Роуч азырынча далай артыкчылыгы бар доллардын доору соңуна чыгып баратат деп эсептөөдө. Анын божомолу боюнча 2021-жылы америкалык валютанын баасы үчтөн бир бөлүккө арзандайт. АКШнын негизги соода өнөктөштөрү кризистен оңой чыгып кетип жатканда мындай жагдай мамлекеттик карыздын өсүшү менен калктын сактоодогу акчасынын кескин кыскарышынан улам келип чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0