Быйыл Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө мурдагыдан көбүрөөк өрүк экспорттоду

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүТорговый комплекс "Бухта"
Торговый комплекс Бухта - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен айыл чарба продукцияларын тоскоолдуксуз экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргөндүктөн, ишкерлердин товарын ташууга кыйынчылык болгон жок.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кыргызстан июль айынын башынан 17-августка чейин ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге 28,5 миң тонна өрүк экспорттоду. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен билдиришти.

Бул былтыркыга салыштырмалуу 9,2 миң тоннага көбүрөөк экени айтылды.

"Россияга — 23 миң тонна, Казакстанга — 4,5 миң тонна, Беларуска — 1 миң тонна өрүк жөнөтүлдү", — деп айтылат бидирүүдө.

Август айынын аягына чейин дагы 7 миң тонна өрүк экспорттоо пландалып жатат.

Кыргызстан биринчи жарым жылдыкта 10 тоннадан ашуун алтын сатты

Министрликтен билдиришкендей, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен айыл чарба продукцияларын тоскоолдуксуз экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргөндүктөн, ишкерлердин товарын ташууда кыйынчылык болгон эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0