Эл аралык Манас аэропорту. Архивдик сүрөт

"Манас" аэропорту ири суммадагы тендер жарыялады. Эмне сатып алат

229
(жаңыланган 18:11 22.08.2020)
Мамлекеттик ишкана ал акча каражаттарына музга каршы 240 тонна суюк жана 120 тонна кургак химиялык реагент алат.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Эл аралык "Манас" аэропорту 32 миллион сомго жакын акчага химиялык реагенттерди сатып алат. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына чыккан.

"Манас" эл аралык аэропорту 12 миллион сомго тендер жарыялады

Ага ылайык, "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому 31 миллион 900 миң сомго тендер жарыялаган. Ал каражатка аталган мамлекеттик ишкана музга каршы 240 тонна суюк жана 120 тонна кургак химиялык реагент алат.

229
Белгилер:
тендер, "Манас" эл аралык аэропорту, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте таштанды ылгоочу заводдун курулушу кечеңдеп жатат. Себеби айтылды
Аймактагы ооруканалар миллиондогон сомго тендер жарыялай баштады
"Манас" эл аралык аэропорту 12 миллион сомго тендер жарыялады
Этти кайра иштетүүчү завод. Архивдик сүрөт

Балыкчыда этти кайра иштетүүчү завод курулуп, продукциясы экспорттолот

82
(жаңыланган 08:35 27.09.2020)
Завод ушул жылдын декабрь айынан тарта ишке киргизилсе, Ысык-Көл менен Нарын облустарынан эт алып турат.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Балыкчыда этти кайра иштетүүчү завод курулат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев билдирди.

Анын айтымында, жакында эле фонд төрт продукцияны: сүт, эт, балык жана жашылча-жемиштерди иштетүүгө насыя берүү чечимин кабыл алган.  Бул багыттар боюнча насыянын шарттары да жеңилдетилген. Мындан ары соода жүгүртүү капиталы дагы каржыланат, төлөмдөрдүн жеңилдетилген мөөнөтү эки жылдан үч жылга чейин узартылды, күрөөнүн коэффициенти да азайтылып, алынып жаткан пайыздын 50 пайызын гана түзүп калган.

7 миң киши жумуш менен камсыз болот. Ошто текстиль фабрикасы курулуп жатат

"Балыкчыда этти кайра иштетүү боюнча жаңы завод курулат. Ал жерге эт Ысык-Көл жана Нарын облустарынан сатып алынып иштелип чыгат да, чет өлкөгө эскпорттолот", — деди Аалиев.

Ошондой эле ал план боюнча аталган ишкана ушул жылдын декабрь айынан тарта иштке киргизилиши керектигин кошумчалады.

82
Белгилер:
кайра куруу, завод, Балыкчы
Тема боюнча
Жылына 8 тонна. Баткенде өрүктү кайра иштеткен логистикалык борбор курулууда
Кирешелүү бизнес. Ат-Башыда дары чөптүн 34 түрү менен иштеген Кампабекованын маеги
Алтын куйма. Архивдик сүрөт

КРдин алтын кору бир айда 16 миллиард сомго кымбаттады

89
(жаңыланган 11:02 26.09.2020)
Жакында эле Улуттук банктын алтын валюталык корунун көлөмү 3 миллиард доллардан ашып, тарыхый рекордго жеткен. Бул жерде бир гана алтын кору тууралуу маалыматтар айтылууда.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Улуттук банктын алтын запасынын баасы бир айда дээрлик 16 миллиард долларга көбөйдү. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын расмий сайтында айтылат.

Август айынын башында алтындын кору 56 миллиард 893 миллион сомго бааланган, сентябрь айынын башында анын наркы 82 миллиард 824,8 миллион сомго жетти. Бул рекорддук көрсөткүч катары саналууда. Жыл башындагы баага салыштырмалуу 34 миллиард сомго өсүү бар.

Лондондогу баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын кечки фиксинги (иш жүзүндө дүйнөлүк баа үч күн сайын жаңыланып турат) бул мезгил аралыгында 14 долларга жогорулап, 1 972,35 долларды түздү. Кеп трой унциясынын наркы — 31,1 грамм жөнүндө болуп жатат.

Улуттук банк сомдун кунун түшүрбөй сакташ үчүн 11,2 миллион доллар сатты

Улуттук банктын төрагасы жакында эле алтын валютанын резерви тарыхый рекордду камсыздап, 3 миллиард доллардан ашканын билдирген болчу. Бул көбүнесе ички рыноктогу алтындарды сатып алуудан болгон. Акыркы маалыматтарга ылайык, Улуттук банкта баш-аягы 16 тонна алтын бар.

Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал ондогон валюталардан турат, алар: CDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерв жана төлөө каражаттары) жана алтын.

89
Белгилер:
Кыргызстан, Улуттук банк, валюта, экономика, алтын
Тема боюнча
Россияда доллардын баасы кескин кымбаттап кетти
Боронов алтын казып иштеген компаниялар канча салык төлөгөнүн айтты
Беларусь президенти Александр Лукашенко. Архив

Лукашенко президенттиктен кетүүнү сунуштаган Макронго жооп кайтарды

0
(жаңыланган 23:58 27.09.2020)
Лукашенко Париждин көчөлөрүнө чыккан “Сары кемселчендерди” Макрондун эсине салып, аны жетиле элек саясатчы катары сыпаттады.

БИШКЕК, 27-сен. – Sputnik. Беларусь президенти Александр Лукашенко француз кесиптеши Эммануэль Макронду жетиле элек саясатчы деп атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен Макрон Лукашенкого президенттик постунан кетүүнү сунуштаган. Буга Беларусь башчысы жооп кайтарды.

“Эгер Макрондун логикасына таяна турган болсок, анда ал өзү дагы эки жыл мурун эле, “Сары кемселчендер” Париждин көчөлөрүнө чыкканда кызматынан кетиши керек болчу”, – деген Лукашенко.

Ал ошондой эле Black Lives Matter кыймылынын жана Марсель менен Лиондогу мусулмандардын каршылык акцияларын эске салып, Минск ошол кыймылдын мүчөлөрү менен Макрондун сүйлөшүүлөрүнө аянтча болуп берүүгө даяр экенин белгиледи.

Лукашенко анын француз кесиптеши Беларустагы шайлоого өтө эле көп көңүл буруп жатканын кошумчалаган.

Евробиримдик жана АКШ: Беларусь менен көйгөйлөрүн Польша өзү чечип алсын

Эске салсак, 9-августта Беларуста президенттик шайлоо өткөн. БШКнын эсеби боюнча, өлкөнүн учурдагы башчысы Александр Лукашенко добуштардын 80,1 пайызына ээ болсо, экинчи орунду 10,12 пайыз менен Светлана Тихановская ээлеген. Ал эми оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, Тихановская Литвага чыгып кеткен.

0
Белгилер:
Эммануэль Макрон, Александр Лукашенко, Беларусь
Тема:
Беларустагы нааразылык акциялары
Тема боюнча
Лукашенко расмий түрдө президенттик кызматына киришти