Жыл башынан бери 18 өлкө кыргыз балынын даамын таткан. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанда өндүрүлгөн бал. Архив
Кыргызстанда өндүрүлгөн бал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Январдан бери жыйырмага чукул өлкөгө 158 тонна бал экспорттолгон. Жалпы наркын эсептей келгенде кырк миллионго сомго жакындайт.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. 2020-жылдын биринчи жарым жылында Кыргызстан 158,5 тонна бал экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Бардык сатылган азык 534 миң долларга же 39,4 миллион сомго бааланган.

Жыл башынан бери КР кайсы мамлекеттерге канча азык-түлүк экспорттоду. Тизме

Кыргызстандын балын сатып алган өлкөлөрдүн тизмеси:

  • Сауд Аравиясы — 33,2 тонна;
  • Кытай — 23,8;
  • БАЭ — 19,9;
  • Андорра — 18,9;
  • Кувейт — 17,3;
  • Түштүк Корея — 10,3;
  • Тайвань — 9,9;
  • Катар — 7;
  • АКШ — 6;
  • Франция — 4,7;
  • Япония — 3,7;
  • Оман — 2,8;
  • Россия — 0,2;
  • Казакстан — 0,2;
  • Индия — 0,2;
  • Бахрейн — 0,1;
  • Иордания — 0,1;
  • Сингапур — 0,1.

Ошондой эле 0,1 тонна бал "аныкталбаган өлкөгө" жиберилгени кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0