Боронов: мындан ары Эсептөө палатасы ишкерлерди текшерүүгө кирбейт

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Премьер-министр КР Кубатбек Боронов
Премьер-министр КР Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы белгилегендей, пландан тышкары текшерүүлөр президенттин, өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин тапшырмасы менен гана жүргүзүлөт.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Укук коргоо органдарынын суроо-талабы боюнча эми Эсептөө палатасы ишкерлерди текшерүүгө кирбейт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.

Ар бир өкмөт мүчөсү өнүкпөй жаткан бизнеске куратор болуп, маселесин чечип берет

Өкмөт башчы белгилегендей, пландан тышкары текшерүүлөр президенттин, өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин тапшырмасы менен гана жүргүзүлөт.

"Бул боюнча өкмөт жана Эсептөө палатасы тарабынан мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленген. Ал мыйзамга президент 12-августта кол койгон. Азыр документ ишке кирди. Ага ылайык, Эсептөө палатасы укук коргоо органдарынын суроо-талабы менен ишкерлерди текшерүүгө укугу жок", — деди Боронов.

Өкмөт башчы учурда аталган мыйзамдын ченемдик документтери даярдалып жатканын кошумчалады.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0