Картошка чогултуу. Архивдик сүрөт

Картошка өстүрүүдө Көл алдыда болгон. Облустардын дыйканчылык боюнча отчёту

87
(жаңыланган 08:47 27.08.2020)
Буудай айдоо боюнча Чүй, картошка эгүүдө Ысык-Көл, кант кызылчасы жагынан Чүй облусу алдыңкы орунда.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Улуттук статистика комитети Кыргызстанда 2019-жылы кайсы аймак кандай азык-түлүк өндүргөнү тууралуу маалымат берди.

Буудай боюнча алдыңкы орунда Чүй облусу турса (799,6 миң тонна), экинчи орунга Ош облусу (297,3 миң тонна) чыкты. Калган аймактар 100-200 миң тоннанын тегерегинде өндүрсө, эң аз буудай эккендер таластык дыйкандар болду. Бул аймакта былтыр 42,8 миң гана тонна эгин чабылгандыгы айтылды.

Нарында арпа орула баштады. Сүрөттөр

Картошка эгүү боюнча көлдүктөр алдына киши салган жок. Ысык-Көл өрөөнүнө жалпы Кыргызстан боюнча түшүмдүн 35 пайызы туура келди.

Кант кызылчасынын 97,3 пайызы Чүй облусунда айдалды. Ал эми жер-жемиштердин 80 пайызы Чүй, Ош жана Жалал-Абад аймактарына туура келген.

87
Белгилер:
эгин, түшүм, дыйкан, айыл чарба, Кыргызстан
Тема боюнча
Жумалиев: быйыл 1 млн 340 миң тоннадай жүгөрү түшүмүн күтүп жатабыз
Жыл башынан бери КР кайсы мамлекеттерге канча азык-түлүк экспорттоду. Тизме
Эс алып жаткан куруучулар. Архив

Курулуш тармагынын сегиз ай ичинде аксашынын 4 себеби аталды

4
(жаңыланган 08:46 30.09.2020)
Аталган тармактын аксашына карантин убагында бардык курулуш компанияларынын иштеринин токтошу бирден бир себеп болгону айтылды.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Январь-июль айларында курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү азайып, 68,1 миллиард сомду түзгөн. Бул туурасында Экономика министрлигинин сегиз ай ичиндеги өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү боюнча маалыматында айтылды.

"Экономиканын капитализациялануу көлөмүнөн алганда, быйылкы жылдын январь-август айларында курулуш продукцияларынын жалпы дүң көлөмү 68,1 миллиард сомду түзүп, 7,8 пайызга төмөндөгөн (өткөн жылдын январь-август айларында 7,7 пайызга өсүш болгон). Жалпы экономикалык өсүшкө карата курулуш секторунун таасири терс чыккан. Тагыраагы, ИДП түзүлүшүнө салымы (-) 0,56 пайыздык пункт болуп, ИДП өндүрүшүндө анын салыштырмалуу салмагы 6,8 пайызды түзгөн", — деп айтылат маалыматта.

Экономика министри: Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү кыскарды

Курулуштун төмөндөшүнө төмөнкү факторлор себеп болгон:

  1. Карантин убагында республикадагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга тартылган чет өлкөлүк компаниялардын кызматкерлеринин жок болушу;
  2. Чек аралардын жабылышынан улам курулуш материалдарынын жана машиналар менен жабдууларга тетиктердин келүүсүнүн чектелиши;
  3. Карантин убагында бардык курулуш компанияларынын иштеринин токтошу жана башкалар болгон.
  4. Январь-август айларынын жыйынтыгы менен негизги капиталга түшкөн инвестициянын көлөмү каржылоонун бардык булактарынын эсебинен 63,4 миллиард сомду түзүп, 14,7 пайызга төмөндөгөн.

2020-жылдын январь-августундагы инвестициянын негизги көлөмү (алардын жалпы көлөмүнүн 84,0 пайызы) пайдалуу жер байлыктарын казуу курулуштарына, электр энергия менен камсыздоо, газ, буу жана тазаланган аба менен камсыздоого багытталган. Бул катарга дүң, чекене соода, автоунаа менен ташуу ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, ошондой эле турак жайларды курууну да кошсо болот.

4
Белгилер:
курулуш, инвестициялар, экономика, Кыргызстан
Тема боюнча
Балыкчыда этти кайра иштетүүчү завод курулуп, продукциясы экспорттолот
Кыргыз өкмөтү COVID кесепетинен канча карыз алып, кайда жумшап жатат. Саресеп
Ресторан. Архив

Пандемиянын мейманкана, ресторан ишине тийгизген кесепети. Сандар

46
(жаңыланган 21:23 29.09.2020)
Министрлик жалпы кызмат көрсөтүүнүн ичинен ишмердүүлүгү төмөндөп кеткен тармактарды атап, сандарды келтирди. Анткен менен августтун жыйынтыгы башкача болду.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Жыл башынан бери мейманканалар менен ресторандардын ишмердүүлүгү 45,4 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалыматында айтылат.

"Пандемия мезгилинде тейлөө тармагы абдан көп жабыр тартты. 2020-жылдын январь-август айларында тейлөө тармагынын дүң чыгарылышы 254,7 млрд. сом көлөмүндө болгон, ошол эле учурда өсүүнүн реалдуу темпи 90,2 пайызды түзгөн", — деп билдиришти аталган министрликтен.

Министрлик аны менен кошо эле жалпы кызмат көрсөтүүнүн ичинен ишмердүүлүгү төмөндөп кеткен башка тармактарды да келтирген.

Былтыркы ушул жылга салыштырмалуу автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун азайышы негизинен дүң көлөмдүн (19,4 пайызга), чекене сооданын (16,2 пайызга) төмөндөшү менен шартталган. Анткен менен өткөн айларга салыштырганда августта дүң, чекене соода секторунда 0,3 пайызга өсүш байкалган.

Кыргызстанда жыл сайын жүздөгөн ресторан, тойканалар ачылат

Отчёттук мезгил аралыгында транспорттук кызмат көрсөтүүлөр 19 млрд. сомду түзүп, өсүүнүн реалдуу темпи 39,1 пайызга ылдыйлаган. Транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөндөшү авиакаттам жана автоунаа менен ташуулардын өлкө ичинде да, башка өлкөлөргө да төмөндөшү менен шартталган. Жалпысынан алганда I кварталдын аягынан тарта ай сайын өтө төмөндөөлөр болуп, кээде айына 6 пайызга түшкөн мезгилдер болгон. 

"Демек, бул аталган сектордо төмөндөө азайып, калыбына келүү фазасына өтүп жаткандыгын көрсөтүп турат", — деп айтылган маалыматта.

Кыргыз өкмөтү COVID кесепетинен канча карыз алып, кайда жумшап жаткандыгын экономикалык бяндамадан окуй аласыз.

46
Белгилер:
экономика, кызмат көрсөтүү, коронавирус, Кыргызстан
Тема боюнча
Кафе-ресторандарда 100 кишиге чейин отурууга уруксат берилиши мүмкүн