"Мамлекеттик органдар кайдыгер". Бизнес-омбудсмен Бороновго даттанды

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Кубатбек Боронов Бизнес-омбудсмен Робин Орд-Смит менен жолугушту
Премьер-министр Кубатбек Боронов Бизнес-омбудсмен Робин Орд-Смит менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушууда Бизнес-омбудсмен институтун күчтөндүрүү жана керектүү мыйзамды иштеп чыгуу ортого салынган.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Бизнес-омбудсмен институту менен кызматташууга кызыкдар эместигин көрсөткөн мамлекеттик органдар да бар. Бул тууралуу бизнес-омбудсмен Робин Орд-Смит премьер-министр Кубатбек Боронов менен жолугуп жатканда айтты.

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Кыргызской Республики Кубатбек Боронов провел встречу с уполномоченным лицом по защите прав, свобод и законных интересов субъектов предпринимательской деятельности (Бизнес-омбудсмен) Кыргызской Республики Робином Орд-Смитом.
Бизнес-омбудсмен институту менен кызматташууга кызыкдар эместигин көрсөткөн мамлекеттик органдар да бар - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бизнес-омбудсмен институту менен кызматташууга кызыкдар эместигин көрсөткөн мамлекеттик органдар да бар
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Кыргызской Республики Кубатбек Боронов провел встречу с уполномоченным лицом по защите прав, свобод и законных интересов субъектов предпринимательской деятельности (Бизнес-омбудсмен) Кыргызской Республики Робином Орд-Смитом.
Бул тууралуу бизнес-омбудсмен Робин Орд-Смит премьер-министр Кубатбек Боронов менен жолугуп жатканда айтты - Sputnik Кыргызстан
2/2
Бул тууралуу бизнес-омбудсмен Робин Орд-Смит премьер-министр Кубатбек Боронов менен жолугуп жатканда айтты
1/2
Бизнес-омбудсмен институту менен кызматташууга кызыкдар эместигин көрсөткөн мамлекеттик органдар да бар
2/2
Бул тууралуу бизнес-омбудсмен Робин Орд-Смит премьер-министр Кубатбек Боронов менен жолугуп жатканда айтты

Өкмөттүн маалымат кызматы Боронов ишкерлик субъектилеринин укугун, эркиндигин жана мыйзамдык кызыкчылыктарын колдоо боюнча ыйгарым укуктуу тарап Орд-Смит менен талкуулагандыгын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө бир катар маанилүү маселелер көтөрүлүп, Бизнес-омбудсмен институтун күчтөндүрүү, мындан аркы кадамдары жана керектүү мыйзамды иштеп чыгуу боюнча да сөз болгон.

Өкмөт бизнести колдоо үчүн насыя берүүнү улантууда. Шарты

Орд-Смит өкмөт башчыга мамлекеттик органдардын ишкерлерге жасаган кайдыгер мамилеси тууралуу маалымдаган.

"Биз мамлекеттик органдар менен институттун өз ара иштешүүсү жогорку деңгээлде экенин байкоодобуз. Бирок, албетте, биздин сурамдарга кайдыгер мамиле жасаган жана кызматташууга кызыкдар эместигин көрсөткөн мамлекеттик органдар да бар. Ошол эле учурда институт мамлекеттик органдардын оппоненти эмес, ишкерлер үчүн маанилүү милдеттерди чечүүдө өнөктөш экенин айткым келет", — деп айткан бизнес-омбудсмен.

Мындан сырткары, ал инвестициялык жана бизнес-чөйрөнү жакшыртуу максатында мыйзамды өркүндөтүү үчүн сунуштарды иштеп чыгуу боюнча өкмөт менен тыгыз иштешүүгө даярдыгын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0