Премьер-министр Кубатбек Боронов

Өкмөт башчы инвестициялык долбоорлорду талкуулап, бир нечесин жактырды. Тизме

67
(жаңыланган 00:00 30.08.2020)
Кыргызстанда айрым долбоорлор боюнча келишимдерге 2016-2017-жылдары кол коюлса дагы ушул убакка чейин каражаттарды өздөштүрүү баштала электиги белгилүү болду.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Инвестициялык долбоорлор кредиттик жана гранттык каражаттарды максималдуу түрдө натыйжалуу пайдаланышы керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешмесинде айткан.

Анда айрым долбоорлор боюнча келишимдерге 2016-2017-жылдары кол коюлса дагы ушул убакка чейин каражаттарды өздөштүрүү баштала электиги белгилүү болду.

"Кредиттик жана гранттык каражаттарды максималдуу түрдө натыйжалуу пайдалануу зарыл. Инвестициялык долбоорлорду белгиленген мөөнөттө ишке ашырууга жоопкерчиликтүү мамиле кылгыла", — деген өкмөт башчы.

Жээнбеков: өлкөнүн 20 шаарын Бишкек менен Оштой кылып өнүктүрөбүз, каражат бар

Ошондой эле талкуулардын жыйынтыгы боюнча бир катар долбоорлор жактырылды. Алар:

  • 48,22 млн. доллар суммасындагы "Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду" менен Кыргыз өкмөтү тарабынан каржыланган "Кыргыз Республикасынын калктуу пункттарын суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу" долбоору;
  • "Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы" менен Кыргыз өкмөтү тарабынан каржылануучу 52,625 млн. евро суммасындагы 32,2 чакырым узундуктагы "Балыкчы — Каракол — Балыкчы айланма жолун реабилитациялоо" (Балбай баатыр участогу – Каракол шаары) долбоору;
  • "Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы" тарабынан каржылануучу жалпы суммасы 48 млн. евро деп эсептелген "Кадамжай, Айдаркен, Таш-Көмүр, Шопоков, Көк-Жаңгак, Кемин, Кант, Талас шаарларын суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо" долбоору.
67
Белгилер:
каражат, долбоорлор, инвестициялар, өкмөт, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкек менен Оштогу жаңы ооруканалар качан иштейт, азыр эмне болуп жатат. Сүрөттөр

Бишкек менен Оштогу батирлердин ижара акысы. Жаңыланган маалымат

38
Бул аптадагы бааларга ылайык, баш калаада бир бөлмөлүү батирдин ижара акысы 9 миң сомдон 20 миңге чейин жетти. Ош шаарында болсо турак жайдын ижарасы 10 миң сомдон 16 миңге чейин бааланууда.

Ар жума сайын Sputnik агенттиги ачык булактардан маалыматтарды топтоп, Бишкек жана Ош шаарларындагы батирлердин ижара акысына байкоо салып турат.

Бишкекте эмеректери жок бир бөлмөлүү батирди жайгашкан жери жана абалына жараша 8 миңден 11 миң сомго чейин ижарага алса болот. Эмеректери бар турак жайлар 9 миңден 20 миң сомго чейин бааланууда. Эки бөлмөлүү батирдин ижара акысы 12 миңден 21 миңге чейин, үч бөлмөлүү батир 13 миңден тарта 40 миң сомго чейин жетет.

Ошто муниципалдык ипотека аркылуу берилчү көп кабаттуу үй курула баштады. Эскиз

Ош шаарында болсо эмеректери жок бир бөлмөлүү батирди 8 миң сомго ижарага сунуш кылышат. Эмеректери бар батирдин акысы 10-16 миң сом болууда. Ал эми эки бөлмөлүү батирди 8ден 20 миң сомго чейин ижарага алууга болот. Үч бөлмөлүү турак жай эмеректери менен 15 миңден 30 миң сомго чейин бааланууда. Эмеректери жок үч бөлмөлүү батирди 4 миңден 15 миң сомго чейин алууга болот.

38
Белгилер:
акы, ижара, батир, Ош, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Ижара акысы канча? Бишкек менен Ошто батир издегендер үчүн маалымат
АКШ доллар купюралары. Архив

Улуттук банк сомдун кунун түшүрбөй сакташ үчүн 11,2 миллион доллар сатты

60
(жаңыланган 12:03 24.09.2020)
Бүгүн борбор калаадагы акча алмаштыруу жайларында долларды 79,23 сомдон сатып алып, 79,59 сомдон сатууда.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Улуттук банк валюталык интервенция жасап, 11,2 миллион доллар сатты. Бул туурасында өлкөнүн башкы финансылык уюмунун маалымат кызматы билдирди.

Операция кечээ кечинде жүргүзүлгөн, бирок рынокко кандай курс менен чыгарылганы жазылган эмес.

Кыргызстанда сомдун көлөмү 150 миллиарддан ашып, жаңы рекорд койду

Бир жума мурун Бишкекте доллардын орточо баасы сатып алуу үчүн 78,76 сом, сатуу 79,12 сом болгон. Ал эми бүгүн долларды 79,23 сомдон сатып алып, 79,59 сомдон сатууда.

Россияда дагы доллардын курсу кымбаттап жатканы байкалууда, апрель айынан бери биринчи жолу 77 рублден ашты.

60
Белгилер:
сатуу, интервенция, доллар, Улуттук банк
Тема боюнча
Электрондук капчыкты идентификациялоого бир жумалык мөөнөт калды
Россияда евронун баасы рекорддук көрсөткүчкө жетти. Кыргызстанда абал кандай?
Талаада жайылган койлор. Архив

Жумага карата аба ырайы

0
(жаңыланган 21:03 24.09.2020)
Жумага караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Жума күнү, 25-сентябрда, күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +18...+23, Таласта +17...+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +22...+27 градуска жылыйт.

Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +20...+22, Ош шаарында +22...+24 градусту көрсөтөт.

0
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Кыштын илеби жакындап... Октябрь айына карата аба ырайы
Табият албууттанганда. Кыргызстандагы жүрөк үшүн алган жаратылыш кырсыктары