Сүт заводунун кызматкерлери. Архив

Өнөр жай боюнча Кыргызстанда кайсы аймак биринчи орунда. Статистика

145
(жаңыланган 08:48 01.09.2020)
Пайдалуу кен байлыктар жагынан (алтынды кошпогондо) Жалал-Абад облусу эч кимди алдына салбайт. Мисалы, былтыр нефтинин 94 пайызы, жаратылыш газынын 100 пайызы, металл рудаларынын 94 пайызы дал ушул облуста казылган.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кыргызстанда өнөр жай продукциясынын дээрлик тең жарымы, тагыраагы, 45 пайызы (жалпы көлөмү 128 миллиард 103 миллион сом) Чүй облусунда өндүрүлгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 2019-жылдын жыйынтыгын эске салуу менен маалымдады.

Экинчи орунда 62 миллион 280 миллион сом менен Ысык-Көл облусу, үчүнчүгө бир жыл ичинде 42 миллиард 292 миллион сомдук өнөр жай товары өндүрүлгөн Бишкек шаары жайгашты.

Кийинки орундарда Жалал-Абад (28,7 миллиард сом), Ош облусу (10,3 миллиард), Ош шаары (4,7 миллиард), Баткен облусу (2,9 миллиард), Нарын облусу (2,8 миллиард) турат. Акыркы сапта жылына 1,5 миллиард сом тапкан Талас облусу орун алды.

Картошка өстүрүүдө Көл алдыда болгон. Облустардын дыйканчылык боюнча отчёту

Баса, пайдалуу кен байлыктар жагынан (алтынды кошпогондо) Жалал-Абад облусу эч кимди алдына салбайт. Мисалы, былтыр нефтинин 94 пайызы, жаратылыш газынын 100 пайызы, металл рудаларынын 94 пайызы дал ушул облуста казылган.

Ал эми көмүр негизинен Кыргызстандын Ош, Баткен, Нарын жана Жалал-Абад облустарында өндүрүлөт.

145
Белгилер:
экономика, өндүрүш, өнөр жай, аймак, Кыргызстан
Тема боюнча
Жээнбеков: өлкөнүн 20 шаарын Бишкек менен Оштой кылып өнүктүрөбүз, каражат бар
Киши АКШ долларларды эсептеп турат. Архив

Сомдун куну түшүп жатканына байланыштуу Улуттук банк 19,6 млн. доллар сатты

25
(жаңыланган 11:10 28.09.2020)
Сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруу үчүн Улуттук банк сентябрда ушуну менен үчүнчү жолу интервенция жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Улуттук банк жума күнү, 25-сентябрда, рынокко 19 миллион 650 миң доллар сатты. Бул туурасында өлкөнүн башкы банкынын сайтында маалымдалат.

Белгилей кетсек, сентябрь айынын башынан бери АКШ валютасынын курсу тынымсыз өсүүдө. Бул аралыкта 1,43-1,44 сомго кымбаттады. Учурда акча алмаштыруучу жайларда долларды 79,44 сомдон сатып алып, 79,80ден сатууда.

КРдин алтын кору бир айда 16 миллиард сомго кымбаттады

Улуттук банк сентябрь айынан бери ушуну менен үчүнчү ирет интервенция жүргүзүүдө.

  • 9-сентябрда 6,6 миллион доллар сатып, эртеси америка валютасынын куну бир аз түшкөн;
  • 23-сентябрда 11,2 миллион долларды сатыкка чыгарган, бирок ага карабай валюта кымбаттай берди;
  • 25-сентябрда 19 миллион 650 миң доллар сатылды. Бүгүн, 28-сентябрда, курс жума күнкүдөн өзгөргөн жок.

Жыйынтыгында бир айда өлкөнүн башкы банкы 37 миллион 450 миң доллар сатты.

25
Белгилер:
интервенция, доллар, курс, Кыргызстан
Тема боюнча
Россияда доллардын баасы кескин кымбаттап кетти
Кыргыз өкмөтү COVID кесепетинен канча карыз алып, кайда жумшап жатат. Саресеп
Киши чөнтөгүндө долларлык купюралары менен. Архив

Коррупцияга каршы күрөштүн 4 жылдык стратегиясы бекитилди

29
(жаңыланган 10:44 28.09.2020)
Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, өкмөт менен Жогорку Кеңеш башка тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргелешип стратегияны ишке ашырууга багытталган ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуусу керек.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. 2021-2024-жылдарга карата коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегия бекитилди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, жаңы антикоррупциялык стратегия Коопсуздук кеңешинин буга чейинки жыйынында каралган болчу.

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, өкмөт менен Жогорку Кеңеш башка тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргелешип стратегияны ишке ашырууга багытталган ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуусу керек.

Коопсуздук кеңеши коррупцияга каршы күрөштүн 4 жылдык долбоорун иштеп чыкты

Мындан тышкары, өкмөтүн, Жогорку сот, Башкы прокуратура жана башка мамлекеттик органдар кыска жана узак мөөнөттүү мезгилдерге коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын деталдуу пландарын эки жуманын ичинде даярдашы зарыл.

Ошондой эле жаңы документке ылайык, өкмөт мамлекеттик органдар тарабынан антикоррупциялык пландардын өз убагында жана толук аткарылышын координациялоо жана мониторинг жүргүзүү сунушталды.

29
Белгилер:
Кыргызстан
Тема боюнча
Шайлоо учурундагы коопсуздук талкууланды. Жээнбеков УКМК төрагасын онлайн кабыл алды
Медициналык кызматкер ооруканада. Архив

COVID: Кыргызстанда 13 киши өтө оор абалда реанимацияда жатат

0
(жаңыланган 12:09 28.09.2020)
Акыркы күндөрү Кыргызстанда COVID жуктуруп алгандардын саны кайра арбып кетти. Бүгүн, 28-сентябрга карата, 104 кишиден вирус табылды.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустан улам 13 киши өтө оор абалда реанимацияда жатат. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Учурда 700 киши аталган инфекциядан ооруканада дарыланууда.

Алардын ичинен:

  • орто оор абалда — 559 бейтап;
  • оор абалда — 119 бейтап;
  • өтө оор абалда — 13 бейтап жатат.

Акыркы күндөрү Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны кайра арбып кетти. Бүгүн, 28-сентябрга карата, 104 кишиден вирус табылды.

Ош облусунда кечээ бир адамдын көз жумгандыгы кабарланды.

0
Белгилер:
статистика, абал, реанимация, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
ДССУ: коронавирустан дагы миллион адам ажал табышы мүмкүн