Картошканы жыйноо. Архив

Быйыл Баткенде дан эгиндери 1 117 гектар жерден жыйналды

72
(жаңыланган 08:45 02.09.2020)
Баткен дубанынын аймагында ошондой эле картошка, жашылча, мөмө-жемиштер жана 410 гектар аянттан дан буурчак жыйналган.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Баткен облусунда оруп-жыйноо иштери аяктады. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн  маалымат кызматы кабарлады.

Коронавирус пандемиясынын шартында да облустук бийлик айыл чарба тармагында планды ашыкча аткарууга жетишкен.

"Бүгүнкү күндө оруп-жыюу иштери аяктоодо. Быйыл облуста 25 миң 778 гектар аянттан кылкандуу дан эгиндерин жыйноо керек эле, бирок азыркы учурда түшүм өткөн жылга салыштырмалуу 1 117 гектарга көп алынды", — деп айтылган маалыматта. 

Нарында арпа орула баштады. Сүрөттөр

Облус аймагында ошондой эле 626 гектар аянттан картошка, 565 гектардан жашылча, 2 734 гектар жерден мөмө-жемиш, 410 гектар аянттан дан буурчак жыйналган.

72
Белгилер:
жыйноо, эгин, айыл чарба, Баткен
Тема боюнча
Сазбаков: Кыргызстандан ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү көбөйүүдө
Алча түшүмү. Архив

Кыргызстан азык-түлүктүн жаңы түрлөрүн Кытайга экспорттоону көздөп жатат

102
(жаңыланган 23:48 19.09.2020)
Мамлекет башчы фермерлер Кытайга таза бал, гилас, коон, ун, сүт азыктарын сатууга мүмкүнчүлүк алышканын белгиледи.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Кыргызстан бир катар жаңы азык-түлүктүн түрлөрүн Кытайга экспорттоонун үстүндө аракеттерди көрүп жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" берген кезектеги маегинде айтты.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван Инин жакында эле Кыргызстанга келген иш сапары тууралуу суроого жооп берип жатып, өлкө башчы Кытай Кыргызстан үчүн чоң рынок экенин белгиледи.

"Алар биздин экологиялык таза азыктарыбызга кызыкдар. Биз мына ушул багытты күчөтүү ниетибиз бар экенин билдирдик. Тышкы иштер министри Ван И мырза жардам берерин билдирип, колдоду", — деп белгиледи мамлекет башчы.

Президенттин айтымында, экспорт маселеси Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Бишкекке Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине келгенде дагы талкууланган.

"Кытай бизге чектеш, жакын. Бизден өндүрүлгөн азык-түлүктү Кытайдын Кашкар, Синьцзян аймактарына алып киргенге ыңгайлуу. Кытай башчысы "Кыргызстандын продукциясы эл аралык стандартка жооп берет, экологиялык жактан таза" деп, бизде өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын тааныштырып, даамын көргөн. Ошондон кийин иш жыла баштады", — деди президент.

Жыл башынан бери КР кайсы мамлекеттерге канча азык-түлүк экспорттоду. Тизме

Жээнбеков фермерлер Кытайга таза бал, гилас, коон, ун, сүт азыктарын сатканга мүмкүнчүлүк алышканын белгиледи. Бирок коронавирус илдети чыккандан улам бул иш токтоп калган.

Президент кошумчалагандай, тиешелүү мамлекеттик органдар Кытайга буурчак, жүзүм, картошка, абрикос, жүгөрү, эт азыктарын жана башка айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр башталды.

102
Белгилер:
экспорт, экономика, Кытай, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Президент Жээнбеков аны сындаган талапкерлер боюнча оюн айтты
Темир жол куруу иштери. Архив

Жээнбеков: Кытай Кыргызстан Өзбекстан темир жолун курууга Россия да кызыкдар

89
(жаңыланган 16:35 19.09.2020)
Өлкө башчы долбоорду ишке ашыруу үчүн учурда Кытай, Кыргызстан, Өзбекстан жана Россия мамлекеттеринин ортосунда (3+1 форматында) сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууга Россия дагы катышкысы келип жатат. Бул тууралуу өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул долбоорду ишке ашыруу үчүн учурда Кытай, Кыргызстан, Өзбекстан жана Россия мамлекеттеринин ортосунда (3+1 форматында) сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп жатат.

"Бул долбоор бизге аба менен суудай керек. Аны сөзсүз ишке ашыруу зарыл. Кечээ илдет чыгып, пандемия башталып, чек аралар жабылганда биз оор абалда калдык. Темир жол абдан керек экенин дагы бир жолу көрдүк. Долбоорду ишке ашыруу боюнча эксперттер иштеп жатат. Жалпылап алганда ал долбоорго Кытай тараптын кызыгуусу бар. Темир жол долбооруна Россиянын катышуусу тууралуу да РФ менен сүйлөшкөнбүз. Азыр "Россия темир жолдору" бул маселе боюнча биздин темир жолдор менен тыгыз байланышта иштей баштады", — деди өлкө башчы.

Кытай менен байланыштыра турган аталган темир жол долбоору 20 жылга чукул убакыттан бери талкууланып келе жатат. Маршруттун бир нече варианттары каралган. Алардын ичинен Кытайдан Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу Түркмөнстанга өтүп, андан ары Иранга чыгуу да пландалган.

Эске салсак, 14-сентябрда Кыргызстанга расмий иш сапары менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван И келип, өлкө башчы Жээнбеков менен жолугушкан. Анда тараптар аталган долбоор тууралуу да кеп кылганы маалым болгон.

89
Белгилер:
долбоорлор, темир жол, Россия, Өзбекстан, Кытай, Кыргызстан
Тема боюнча
Факты болсо, жаза да болот. Жээнбеков добуш сатып алуу боюнча пикирин айтты
Сооронбай Жээнбеков: кудай алдында, өз абийиримдин алдында тазамын
Бишкекчане во время голосования на избирательном участке №1060 Бишкека в ходе выборов президента Кыргызстана

БШК: көпчүлүк “баарына каршы” добуш берсе да ушул партиялар кайра шайлоого катышат

0
Соңку убакта социалдык тармактарда азыркы партиялардын парламентке келишине бөгөт коюу максатында баарына каршы добуш берүүнү активдүү үгүттөгөндөр болууда.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Эгер парламенттик шайлоодо “баарына каршы” графасына добуш бергендер көп болуп чыга турган болсо кайрадан ушул эле партиялар, азыркы тизмедеги талапкерлери менен шайлоого катышат алат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.

Белгилей кетсек, мыйзам боюнча бир дагы партия жети пайыздык босогодон жогорку добуш ала албаса жана “баарына каршы” графасы биринчи сапка чыкса, кайрадан шайлоо өткөрүлөт.

Соңку убакта социалдык тармактарда баарына каршы добуш берүүнө активдүү үгүттөгөндөр болууда. Алар эгер “баарына каршы” графасы биринчи орунга чыкса кайра шайлоо өтүп, азыркы партиялар ага катыша албай турганын айтып келишкен.

“Азыркы жана башка партиялар кайрадан катышууга укуктуу болот. Ошондой эле талапкерлердин тизмесин да өзгөртө алышат. Кайра шайлоо өткөрүү дайындалганда катышууну каалаган бардык партиялар арыз жазып, кайра башынан БШКдан каттоодон өтөт”, — деди Осмоналиев.

Шайлоодо ат салышчу партиялардын талапкерлери. Толук тизме

Ошондой эле ал “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамдын 38-беренесинде партияларга тиешелүү эреже жазылганын белгиледи.
Ага ылайык, кайра шайлоо өткөрүлгөн учурда, иш аракеттери шайлоону жараксыз деп таануу үчүн негиз болгон талапкерлер кайрадан шайлануучу укугуна ээ боло албайт.

Эгерде мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссиясынын кызматкерлеринин чечимдери шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тааныса, биринчи турдагы шайлоого катышкан партиялардын баары жана башкалары катыша алат.

Учурда Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алууга 16 партия ат салышууда. Шайлоо 4-октябрга дайындалган.

0