Россияда евронун баасы рекорддук көрсөткүчкө жетти. Кыргызстанда абал кандай?

© AFP / MIGUEL MEDINAЕвро купюралары. Архив
Евро купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 7-сентябрда, Москвадагы биржада евро 2016-жылдын февралынан берки эң кымбат баага жетти. Россия рублиндеги өзгөрүү адатта сомго да таасирин тийгизет.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Рублдин наркы арзандап жаткан нефтиден улам көтөрүлгөнүн РИА Новости жазды.

Бүгүн, 7-сентябрда, доллар 76,17 рублге (апрелден берки эң жогорку чеги), евро — 90,10 рублге чейин (2016-жылдын февралынан берки эң жогору болгон баа) өстү. Андан соң курс төмөндөп, доллар – 76, ал эми евро 89,9 рубль болду.

Муну менен катар эле нефти 1,8 пайызга түшүп, Brent үлгүсүндөгү мунай баррелине 41,90 болууда.

Эске салсак, рублдин курсу сомго да өзүнүн таасирин тийгизет. Өткөн аптанын аягынан тарта евро 23-25 тыйынга кымбаттады. Саат 18:10го карата евронун сатып алган баасы — 92.44, кайра саткан баасы — 93.81 болду.

Бишкекте евро, доллар жана алтындын баасы кымбаттады. Соңку маалымат

Мындан туптуура үч ай мурда, 7-июнда, евро сатып алганда 82,67 (9,77 сомго көтөрүлдү), ал эми кайра соодалаганда 84,47 (9,34 сомго кымбаттады) сом болду.

Улуттук банктын европалык валюталар боюнча расмий курсу менен алганда 93,37 сом болуп, мындан үч айга караганда 9,25 сомго кымбаттады.

Жаңылыктар түрмөгү
0