Былтыр КРде экономиканын реалдуу сектору канча киреше көрдү

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстандын желегинде тизилген тыйындар. Архив
Кыргызстандын желегинде тизилген тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылы мурдагы жылга салыштырмалуу экономиканын реалдуу секторунда кирешенин көлөмү 9,9 пайызга (42 миллиард 015 миллион сом) көбөйгөн.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. 2019-жылы Кыргызстанда экономиканын реалдуу сектору товар сатуу жана кызмат көрсөтүүлөрдөн 464 миллиард 322 миллион сом киреше көргөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Бул мурдагы жылга салыштырмалуу кирешенин көлөмү 9,9 пайызга (42 миллиард 015 миллион сом) көбөйдү дегенди түшүндүрөт.

"Өткөн жылдагы дүң кирешенин өсүүсү негизинен металл жана металл буюмдарын өндүрүү, дүң жана чекене соода, тамак-аш, өнөр жай өндүрүшү, анын ичинде суусундуктарды өндүрүү тармактарында болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Экономист: эки нерсеге салынган инвестициядан ар дайым пайдасын гана көрөсүң

Мындан тышкары, текстиль өндүрүшү, кийим, бут кийим жана булгаары өндүрүү жааты жакшы киреше алып келген.

Ал эми мунайзат продуктуларын өндүрүү, курулуш, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, электр энергиясын өндүрүү тармактарында кирешенин көлөмү кыскарганы байкалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0