Ат-Башыдагы сүт азык чыгаруучу завод. Архивдик сүрөт

Ат-Башыдагы сүт заводу ферма ачып, жылына 200-300 тонна сыр өндүрөт

260
(жаңыланган 10:09 09.09.2020)
Буга чейин ишкана сезондо гана иштеп, күз-кыш мезгилинде чийки сүттүн жоктугунан маал-маалы менен өндүрүш токтоп турган.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Нарында "Ат-Башы Сүт" ишканасынын сүт-товардык комплексин куруу пландалууда. Башкача айтканда, 130 швейцариялык сүттүү бодо малдан турган ферма негизделет. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган ишкана 2012-жылдан бери сүттү кайра иштетүү боюнча эл аралык стандартка ылайык голландия, чечил сырын, моцарелло жана май өндүрүп келет. Сезондо суткасына 10 тонна сүт өндүрсө, күз-кыш мезгилинде чийки сүттүн жоктугунан маал-маалы менен өндүрүш токтоп турган.

Өнөр жай боюнча Кыргызстанда кайсы аймак биринчи орунда. Статистика

"Эми сүт-товардык комплексин курууда ишкананын жыл бою иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлүп, 45 адам жумуш орду менен камсыздалат. Заводдун кубаттуулугун да суткасына 20 тоннага чейин жеткирүү пландалууда. Эгерде азыр сыр өндүрүүнүн көлөмү сезондо 70-80 тоннаны түзсө, жетиштүү көлөмдө чийки сүт менен камсыздалгандан кийин жылына 200-300 тоннага чейин чыгарылышы мүмкүн. Натыйжада голландия сыры чет өлкөгө экспорттоло баштайт", — деп билдирди министрлик.

Азыркы тапта өндүрүлгөн продукция Бишкек менен Нарын шаарларында сатылып жатканы айтылат.

260
Белгилер:
ферма, өндүрүүчү, сыр, Сүт, ишкана
Тема боюнча
Жээнбеков Кочкордогу сүт иштетүүчү ири заводдун курулушун көрдү. Сүрөт
Ысыккөлдүк ишкана Кытайга сүт экспорттой баштайт
Ресторан. Архив

Пандемиянын мейманкана, ресторан ишине тийгизген кесепети. Сандар

15
(жаңыланган 20:26 29.09.2020)
Министрлик жалпы кызмат көрсөтүүнүн ичинен ишмердүүлүгү төмөндөп кеткен тармактарды атап, сандарды келтирди. Анткен менен августтун жыйынтыгы башкача болду.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Жыл башынан бери мейманканалар менен ресторандардын ишмердүүлүгү 45,4 пайызга төмөндөдү. Бул туурасында Экономика министрлигинин маалыматында айтылат.

"Пандемия мезгилинде тейлөө тармагы абдан көп жабыр тартты. 2020-жылдын январь-август айларында тейлөө тармагынын дүң чыгарылышы 254,7 млрд. сом көлөмүндө болгон, ошол эле учурда өсүүнүн реалдуу темпи 90,2 пайызды түзгөн"
— деп билдиришти аталган министрликтен.

Министрлик аны менен кошо эле жалпы кызмат көрсөтүүнүн ичинен ишмердүүлүгү төмөндөп кеткен башка тармактарды да келтирген.

Былтыркы ушул жылга салыштырмалуу автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун азайышы негизинен дүң көлөмдүн (19,4 пайызга), чекене сооданын (16,2 пайызга) төмөндөшү менен шартталган. Анткен менен өткөн айларга салыштырганда августта дүң – чекене соода секторунда 0,3 пайызга өсүш байкалган.

Кыргызстанда жыл сайын жүздөгөн ресторан, тойканалар ачылат

Отчеттук мезгил аралыгында транспорттук кызмат көрсөтүүлөр 19 млрд. сомду түзүп, өсүүнүн реалдуу темпи 39,1 пайызга ылдыйлаган. Транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөндөшү авиа каттамдар менен автоунаа менен ташуулардын өлкө ичинде да, башка өлкөлөргө да ташуулардын төмөндөшү менен шартталган. Жалпысынан алганда I кварталдын аягынан тарта ай сайын өтө төмөндөөлөр болуп, кээде айына 6 пайызга түшкөн мезгилдер болгон. Августтун жыйынтыгы менен ушул сектордун көрсөткүчтөрү ушул жылдын июль айынын деңгээлинде калууда.

"Демек, бул аталган сектордо төмөндөө азайып, калыбына келүү фазасына өтүп жаткандыгын көрсөтүп турат", - деп айтылган маалыматта.

Кыргыз өкмөтү COVID кесепетинен канча карыз алып, кайда жумшап жаткандыгын экономикалык бяндамадан окуй аласыз.

15
Белгилер:
экономика, кызмат көрсөтүү, коронавирус, Кыргызстан
Тема боюнча
Кафе-ресторандарда 100 кишиге чейин отурууга уруксат берилиши мүмкүн
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан. Архивдик сүрөт

Жээнбеков Венгрияга барат. Эки өлкөнүн соода-сатык алакасы кандай

57
(жаңыланган 17:13 28.09.2020)
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков эртең Венгрияга расмий сапары менен барат. Sputnik редакциясы кыргыз-венгер соода-экономикалык алакасы боюнча маалымат топтоду.

28-сентябрь күнү Сооронбай Жээнбеков Россиянын президенти менен жолугуу үчүн Сочиге кетти. Андан соң эки күндүк (28-29) иш сапары менен Венгрияга жөнөйт.

Жээнбеков Венгриядагы сапарынан эмнени күтөт

Мамлекет башчы сапар жемиштүү болот деп үмүт артууда. Мисалы, Будапешттин скверлеринин бирине улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилгени жатат. Мындан сырткары, кыргызстандык студенттерге квотанын саны эки эсе көбөйөт.

Экономикалык пландар төмөнкүчө:

Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондун түзүү үчүн Венгриянын "Эксимбанкы" 50 миллион евро бөлгөнү жатат. Бул каражат чакан жана орто бизнес үчүн төмөнкү пайыз менен насыя берүүгө жумшалат;

Сапардын алкагында эки өлкөнүн ишкерлери катышкан бизнес-форум өтөт. Анда кыргызстандык бизнесмендерди Венгриянын рыногуна чыгаруу мүмкүнчүлүгү талкууланат.

Sputnik кыргыз-венгер соода-экономикалык мамилелерин билип көрдү.

Будапешт шаарындагы скверге Айтматовдун ысымы ыйгарылат

Соода – эсеп Венгриянын пайдасына 57:1

Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын жети айында Венгриядан 314,5 миллион сомго (4,2 миллион доллар) товар кирген. Ал эми экспорт болгону 5 миллион 547,2 миң сомду (дээрлик 79 миң доллар) түздү.

Европалык мамлекет КРге бир нече продукциянын түрүн саткан (баалар сом менен көрсөтүлдү):

  • Дары-дармек (32,9 тонна) – 214,5 миллиондон ашык;
  • Жүгөрү (201 тонна) – 48 миллион;
  • Центрифуга (үч даана) – 12,8 миллиондон ашык;
  • Азык-түлүк, шоколад, жашылча (15 тоннадан көп) – 12,2 миллиондон ашык;
  • Терапевттик жана профилактикалык же диагностикалык максатта колдонуу үчүн адамдын жана малдын каны – 7,5 миллион;
  • Насос (10 даана) – дээрлик 7 миллион;
  • Пластмасса жана андан жасалган буюмдар – 5 миллиондон ашык.

Мындан сырткары, Венгриядан башка дагы товарлар кирген. Анын ичинде 10,8 миң лампа (65 миң сом), жада калса бир чаң соргуч (3,3 миң сом) дагы бар.

Жээнбеков Россияга иш сапар менен учуп кетти. Коштоп жүргөндөрдүн тизмеси

Кыргызстан экспорттогон товарлар:

  • Зоология, ботаника, минералогия, тарых, археология, палеонтология, этнография жана нумизматика боюнча коллекциялык буюмдар – 1,9 миллион сом;
  • Дары-дармек (0,3 тонна) – 1 миллион 570,9 миң;
  • Телефон аппараттары (59 даана) – 1 миллион 72 миң;
  • Мунай жана мунай азыктары (14 тонна) – 846 миң;
  • Эттен жасалган даяр же консерваланган азыктар (2,3 тонна) – 160 миң сом.

Венгриядан келген инвестиция

Улуттук статистика комитетинин сайтында 1995-жылдан 2019-жылга чейинки түз инвестициялар тууралуу жазылган. Бул жылдар аралыгында Венгриядан дээрлик 21,5 миллион доллар келген. Инвестициянын көпчүлүк бөлүгү 2007-2008-жылдарга туура келет, мында көрсөткүч 21 миллион долларды түзгөн.

57
Белгилер:
Сооронбай Жээнбеков, экономика, соода, инвестициялар, Кыргызстан, Венгрия
Тема боюнча
75 бюджеттик орун бар. Венгриянын ЖОЖдорунда окуу үчүн сынак жарыяланды
Жээнбеков быйыл Венгрияга барат. ТИМ Будапештте жолугушууларды өткөрүп келди
Жамгырда жерге түшкөн жалбырактар. Архивдик сүрөт

Жаан жаайт. Шаршембиге карата аба ырайы

0
(жаңыланган 21:01 29.09.2020)
30-сентябрга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. 30-сентябрь, шаршемби күнү, кээ бир аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым райондордо 15-20 метрге жетет.

Баткен облусунда күздүк эгин себүү башталды

Абанын температурасы Чүй, Нарын өрөөндөрүндө +13...+18, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +15...+20 градус, Ысык-Көлдө +12...+17, Талас жергесинде +11...16 градус жылуу болот.

Ош, Бишкек шаарларында да мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күндүн табы борбор калаада +16...+18, Ошто +18...+20 градус жылуу болору айтылды.

0
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Кар жаап, суук түшөбү? Бир жумага карата аба ырайы