"Ош" эл аралык аэропорту ири суммадагы акчага оңдолот. Тендер жарыяланды

Жазылуу
Каражатка аталган мамлекеттик ишкананын жарык берүүсү, коммуникациялык жабдуулары жаңыртылып, аэродромдун учуп-конуу тилкеси оңдотулат.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. "Ош" эл аралык аэропортунда 44 миллион сомдон ашык каражатка оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына чыккан.

Ага ылайык, "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому 44 миллион 158 миң сомго тендер жарыялады. Айтылган каражатка "Ош" эл аралык аэропортунун жарык берүү системасы, коммуникациялык жабдуулары жаңыртылып, аэродромдун учуп-конуу тилкеси жасалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0