Шайлоо үгүт иштери. Архивдик сүрөт

Бир эле телеканалга 3 млн. сом берип... Партиялар акчасын кайда чачып жатат

436
(жаңыланган 11:17 11.09.2020)
Кээ бир партиялар бир интернет-сайтка жарнама жайгаштыруу үчүн 500 миң сом, телеканалдарга 2-3 миллион сомго чейин берген.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын фондуна түшкөн каражат жана анын чыгымдалышы тууралуу маалымат жарыялады.

Документке 4-сентябрга чейинки маалыматтар жазылган. Бул күнгө чейин корогон каражаттын дээрлик баары эле көчөгө илгенге баннер чыгарууга, гезит, радио, телевидение жана сайттарга жарнама берүүгө кеткен. Кээ бир партиялар бир интернет-сайтка жарнама жайгаштыруу үчүн 500 миң сом, телеканалдарга 2-3 миллион сомго чейин бөлгөнү жазылат. Белгилей кетсек, ушул фонддогу акчанын эсебинен 5 миллион сомдук шайлоо күрөөсү да төлөнгөн. 

Партиялардын бюллетендеги катар номерлери бекиди. Ким канчанчы болуп жазылат?

Талдай келгенде, эң эле “бай” делип “Биримдик” партиясы табылды, анын шайлоо фондунда 97,4 миллион сому бар. Ал эми эң аз сумма “Ордо” партиясынын эсебинде турат, аларга 5,9 миллион сом чогулган. 

“Биримдик” партиясы

Түшкөн каражат — 97 миллион 400 миң сом;
Чыгымдалды — 85 миллион 527,7 миң сом. 

“Кыргызстан” партиясы

Түшкөн каражат — 68 миллион 474 миң сом;
Чыгымдалды — 61 миллион 679,6 миң сом. 

“Мекеним Кыргызстан” партиясы

Түшкөн каражат — 64 миллион 829 миң сом;
Чыгымдалды — 62 миллион 182,7 миң сом.

“Ата Мекен” партиясы

Түшкөн каражат — 35 миллион 620 миң сом;
Чыгымдалды — 30 миллион 484,7 миң сом.

“Бир Бол” партиясы

Түшкөн каражат — 32 миллион 471 миң сом;
Чыгымдалды — 29 миллион 283,4 миң сом.

“Замандаш” партиясы

Түшкөн каражат — 31 миллион 047 миң сом;
Чыгымдалды — 27 миллион 304,6 миң сом.

“Республика” партиясы

Түшкөн каражат — 17 миллион 243,5 миң сом;
Чыгымдалды — 14 миллион 440,1 миң сом.

“Мекенчил” партиясы

Түшкөн каражат — 9 миллион 612,7 миң сом;
Чыгымдалды — 8 миллион 092 миң сом.

"Афганистан согушунун ардагерлери" партиясы

Түшкөн каражат — 7 миллион 624 миң сом;
Чыгымдалды — 7 миллион 275,7 миң сом.

“Социал-демократтар” партиясы

Түшкөн каражат — 7 миллион 349,1 миң сом;
Чыгымдалды — 7 миллион 310,4 миң сом.

“Мекен Ынтымагы” партиясы

Түшкөн каражат — 6 миллион 480,7 миң сом;
Чыгымдалды — 6 094,8 миң сом.

“Реформа” партиясы

Түшкөн каражат — 6 миллион 361,4 миң сом;
Чыгымдалды — 6 миллион 078 миң сом.

“Чоң Казат” партиясы

Түшкөн каражат — 6 миллион 163 миң сом;
Чыгымдалды — 6 миллион 038 миң сом.

“Ыйман Нуру”  партиясы

Түшкөн каражат — 6 миллион 016 миң сом;
Чыгымдалды — 5 927 787 миң сом.

“Ордо” партиясы

Түшкөн каражат —5 миллион 925 миң сом;
Чыгымдалды — 5 миллион 922 миң сом.

Белгилей кетсек, “Бүтүн Кыргызстан” партиясы 4-сентябрда жарыштан четтеп сот процесси менен жүргөндүктөн, алардын маалыматы камтылган эмес.

Партиялардын шайлоо фондуна кимдер акча которуп, ал каражат кайда жумшалып жатканы туурасында кенен маалымат БШКнын сайтына жарыяланган.

436
Белгилер:
чыгым, каражат, шайлоо, фонд, саясый партия
Тема:
Шайлоо-2020 (170)
Тема боюнча
Баары 21де. Жогорку Кеңешке аттанган эң жаш 10 талапкердин билими, иштеген жери
Кайсы партия жаштарды көбүрөөк чогултту? Жаш курак боюнча инфографика
Катарында жумушу жок талапкерлер басымдуулук кылган партиялар. Инфографика
Манас аэропортундагы жүргүнчүлөр. Архив

Баалар үч эсе өстү! Кыргызстандан учкандагы билеттин кымбаттыгы туурасында

620
(жаңыланган 16:18 01.10.2020)
Ары-бери каттаган сапарлардын баасы кандай өзгөрдү, эмнеге авиакомпаниялардын кеңсесинде кезек күткөндөр көп. Баалар мурдагыдай болуп кайра качан калыбына келерин эксперттерден Sputnik Кыргызстан сурап, материал жасады.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандан Түркия, Бириккен Араб Эмирлиги, Россия, Казакстан жана Өзбекстанга учууга болот. Сүйлөшүлгөн тартипке ылайык, Россия, Казакстан, Бириккен Араб Эмирлиги менен Өзбекстанга бара жатканда кыргызстандыктардын колунда ПЦР-тесттин "ооруган эмес" деген жыйынтыгы болушу шарт. Ал аталган мамлекеттерге учканга үч күн калганда жасалышы керек. Ал эми Түркияга бара жаткандар мындай нерсе менен баш оорутпайт.

Аба каттамдарынын баасы кандай өзгөрдү?

Кыргызстандагы Туризм ассоциациясынын мурдагы төрагасы Талант Токталиев Кыргызстандан сыртка учкандар жана кирип келе жаткандар үчүн билеттин баасы үч эсеге кымбаттагандыгын айтты.

Председатель правления Ассоциации туризма Кыргызской Республики Талант Токталиев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстандагы Туризм ассоциациясынын мурдагы төрагасы Талант Токталиев
"Билеттерди дароо талап кетип жатышат. Буга пандемиядан улам узак даталарга каттамдар пландалбагандыгынан улам болууда. Маселен, Москва — Бишкекти же тескерисинче кайра келген багытты алсак, билет дароо сатылат. Тез арада учуш керек деген зарылдыктан улам 30-40 миң сом деле элди токтото албай калды. Пандемияга чейин 10 000 сом эле. Суроо-талаптын көптүгү жана каттамдын аздыгынан баа ушуга чейин жетти. Мындан сырткары, учактагы кээ бир орундуктар билетти тээ мартта сатып алгандарга да берилерин эстен чыгарбаш керек. Компания ошол кезде алардын акчасын кайтарган эмес, эми чек аралар ачылган соң эл ташыгандар кардардын алдындагы милдетин аткарышы керек", — деп түшүндүрдү ал.

Токталиев башка өлкөлөрдө да кымбаттоо болгондугун Стамбул — Бишкектин мисалында айтып берди. Пандемияга чейин бул каттамдын наркы 20 миң сом турса, азыр 30 миңди чапчыйт.

Кыргызстандан чет өлкөлөргө ачылган каттамдардын тизмеси

"Кандай болгон күндө да эл кымбаттаган билетти алууга даяр. Албетте, ар бир жүргүнчүнүн көздөгөнү бар. Бирөө дарыланганы, экинчиси саякаттаганы, дагы бирөөлөрү жакындарын сагынгандыктан сапарга аттанууда. Билеттер дүйнөнүн кайсы тарабында болбосун кымбаттады. Маселен, буга чейин Ташкентке 7200 сом менен жетип алсаң, пандемия аны 13,5 миң сомго жеткирди", — деп санап берди эксперт.

Токталиевдин айтымында, Дубайга уча турган билеттин баасы гана өзгөргөн жок. Бишкек — Дубай мурдагысындай 600 доллар боюнча калган.

"Авиатраффик" компаниясынын жетекчиси Алик Аскаров бүгүнкү күндө Оштон Москва шаарына чартердик каттамдар гана жасалып жаткандыгын, муну билет наркынын 30 миң сомго жакын сумманы чапчыгандыгы менен байланыштырды.

"Чартердик каттамдын жаман жери бир тарапка бош учуп, ал жактан толук салон менен кайтабыз. Бизде элди аба аркылуу ташыгандар үчүн эң ыңгайсыз шарттар көп. Компания аткарып жаткан каттамдар негизинен чартердик негизде жасалууда. Бул Россиянын башка шаарларына да тиешелүү. Муну жаңылыктардан коронавируска каршы күрөшүү боюнча түзүлгөн Республикалык штабдан билдиришти. Авиакомпаниялардын үзгүлтүксүз каттамдарга уруксат беришти, эми ал болгону жумасына бир ирет гана жасалат. Ошондон улам азыр авиакомпаниялардын эшигинин алдында билет издеп, толтура эл жүрөт", — деп түшүндүрдү Аскаров.

Анын айтымында, жакынкы күндөргө делген билеттер дароо сатылып кетип жатат.

"Башка компаниялар сыяктуу эле биз дагы тобокелге барып, алыскы күндөргө билет сата албайбыз. Компаниялар жасап жаткан каттамдардын көбү — ташылып жаткандар. Тагыраагы, Кыргызстандан Россияга бош учабыз да, ал жактан жүргүнчүлөрдү алабыз. Ал эми бул жакка каалагандардын баарын эле ташып келе албайбыз. Себеби кыргыз тарап сүйлөшүүдө бир гана күнү — жумада гана эки тарапка каттам жасоого макулдашкан", — деп түшүндүрдү ал.

Кыргызстандык авиакомпаниялардын абалы кандай?

"Эйр Манас" компаниясынын өкүлү Данияр Арынов коронавирустан кийинки каатчылык башка компанияларды да алсыраткандыгын айтып берди.

Представитель авиакомпании Эйр Манас Данияр Арынов в пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
"Эйр Манас" компаниясынын өкүлү Данияр Арынов
"Каттамдар токтотулганы го түшүнүктүү. Ал эми чек ара бирөөнүн баш оорусунан эмес, объективдүү себептерден улам жабылды. Компаниялардын мындан улам кыйын абалда калганы түшүнүктүү нерсе. Учак деген гаражга токтотуп коюп, андан кийин айдап кете берген автоунаа эмес. Техника бузулбай иштеп, аны карап туруш үчүн бир топ акча керектелет. Бул күндөрү каттамдар жанданды, бирок азырынча "Эйр Манас" учпай турат. Авиапаркыбызды жаңылап жатабыз, карантин, тилекке каршы, бизде созулуп кетти", — дейт Арынов.

22 миң рубль. Москва — Бишкек каттамына авиабилеттердин октябрдагы баасы айтылды

Айтмакчы, ички каттамдар дээрлик кымбаттаган жок. Tez jet компаниясынын жетекчиси Ян Екимовскийдин айтымында, Кыргызстан ичинде билеттердин баасы төрт миңден ашпайт.

"Эл өлкөнүн ичинде үзгүлтүксүз саякаттоодо. Ар бир каттамда жүздөн билет сатылат деп айта албайм, бирок көп учурда салон толуп калат. Жакындан бери Бишкек — Ош — Бишкек жаңыланып, күнүгө учуп жатат. Бишкектен Жалал-Абадга жана кайра артка жума күнү каттоодо. Баткенден борборго, андан соң кайра аймакка да бешинчи күнү, жумасына бир ирет каттам бар", — деп айтып берди аткаруучу директор.

Билеттер мурдагы баасына түшөбү?

Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев көп аба каттамдарын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учур экенин белгиледи.

Директор Агентства гражданской авиации при Министерстве транспорта и дорог Курманбек Акышев во время пресс-конференции в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев
"Бир топ өлкө менен макулдаша алдык. Россияга учууга бизде суроо-талап көп. Азыркы макулдашууга ылайык, Москвага ар бешинчи күнү гана каттап жатабыз", — деди Акышев.

Ал учурда  үзгүлтүксүз каттамдарды ачуу боюнча Россия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

"Кыргызстандык аба менен эл ташуучулар үчүн абал өтө кыйын болууда, андыктан алар билеттин баасын көтөрүүгө мажбур. Тактап айтсак, аба кемелери бир тарапка бош барып, ал жактан гана жүргүнчү салып келүүдө. Бишкектен башка (Россиянын) шаарларга рейстер көбөйгөндө билеттер арзандачудай болуп калды", — деди ал.

Данияр Арынов да бардык чек аралар ачылганда гана баалар мурдагы калыбына кайтарына ишеним артып турат.

"Баалар пандемиядан мурунку учурдагы калыбына келиши үчүн бардык нерсе мурдагыдай болушу шарт. Авиакомпаниялардын сунушу суроо-талапка жооп бериши керек. Кырдаал турукташып, бир нукка түшүп, компаниялар жүргүнчү үчүн бири-бири менен атаандаша баштаганда гана билеттин баасы түшөт", — деди Арынов.

Эксперттер авиакаттамдар мурдагы калыбындай болуп качан иштеп баштаарын божомолдоо кыйын экенин айтышат. Себеби баары дүйнөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу.

620
Белгилер:
рейс, кымбаттоо, билет, авиакаттам, пандемия, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Өзбек авиакомпаниясы Бишкекке каттамдарын 1-октябрдан тарта көбөйтөт
Авиакаттам жанданса да Россиядан кыргызстандыктарды автобус менен ташуу уланат
Сом купюралары жана монеталары. Архив

Өлкөдө бюджет тартыштыгынан айрым чыгымдар токтотулат

340
(жаңыланган 20:55 30.09.2020)
Быйыл республикалык бюджеттин кирешеси пландагандан төмөн болгондуктан, анын тартыштыгы 7 миллиард сомду түзөрү болжолдонуп жатканы эскертилди.

БИШКЕК, 30-cен. — Sputnik. Өлкөдө ыкчам каржылоо зарылдыгына ээ болбогон чыгымдар убактылуу токтотулат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов "КРдин 2021-жылга карата республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоору каралган кеңешмеде билдирди.

"Учурдун талаптарын эске алуу менен 2021-жылга бюджеттин айрым параметрлерин өзгөртүүгө туура келип жатат. Анткени быйыл республикалык бюджеттин кирешеси пландагандан төмөн болгондуктан, бюджет тартыштыгы 7 миллиард сомду түзөрү күтүлүүдө. Ошондуктан биз кийинки жылдагы айрым чыгашаларды кыскартууга аргасызбыз", — деген Боронов.

Ал Финансы министрлигине бир ай ичинде министрлик жана ведомстволордун зарыл деп эсептеген чыгымдарын карап чыгууну тапшырган.

ЖК, президент жана өкмөттүн аппараттары бюджеттен канча каражат алары айтылды

Ага катар бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча жаңы инструменттерди карап чыгуу керектигин, бул негизинен бажы жана салык кызматтарына тийиштүү экендигин айткан.

"Фискалдаштыруу мамлекеттик органдардын ишине жана бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга гана жардам бербестен, ишкерлердин да жумушун жеңилдетет. Бул чаралар 2020-жылы пандемия шартында да жакшы жыйынтыктарын берди. Маселен, Салык кызматы ай сайын планды 1 миллиард сомго чейин аткарууда. Бизде мындай пландар көп, алардын негизги бөлүгүн 2021-жылы ишке ашырышыбыз керек", — деген өкмөт башчы.

Боронов бюджет үчүн бажы тутумундагы пайдалуу программаларды да белгилеп өткөн.

"2021-жылга 30 миллиард сом чогултууну пландап жатабыз, ал ички мамлекеттик инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга багытталат. Андан тышкары 1,9 миллиард сомдук мамлекеттик бюджеттик резерв түзүлгөн, бул каражат пландаштырылбаган чыгымдарга багытталат", — деген премьер-министр.

Кыргыз өкмөтү COVID кесепетинен канча карыз алып, кайда жумшап жатат. Саресеп

Ошондой эле Боронов 2021-жылы өлкө тышкы карыздарды төлөө боюнча пикке жакындай турганын жана аны реструктуризациялоо боюнча иштер улантылып жаткандыгын эскерткен.

340
Белгилер:
каржылоо, бюджет, Кубатбек Боронов, Кыргызстан
Тема боюнча
Бир партия 105 млн. сом. Шайлоого аттангандар канча каражат короткону айтылды
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков

Айдарбеков Улуу жана Кичи Памирдеги кыргыздар боюнча афган кесиптеши менен сүйлөштү

0
Боордошторго байланышкан долбоорлордон тышкары эки аткаминер инфратүзүмдүк долбоорлорду жана региондук интеграцияларды мындан ары өнүктүрүүнүн көрүнүштөрү тууралуу пикир алмашышкан.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков афганистандык кесиптеши Мохаммад Ханиф Атмар менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшкөнүн ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-афган мамилелеринин күн тартибинин актуалдуу маселелери, анын ичинде Улуу жана Кичи Памирдеги афган кыргыздарын колдоо боюнча долбоорлор талкууланды. Андан тышкары, тараптар инфратүзүмдүк долбоорлорду жана региондук интеграцияларды мындан ары өнүктүрүүнүн көрүнүштөрү тууралуу пикир алмашышты.

ТИМ: Вандык кыргыздар Түркиядагы Кыргызстандын элчисине ыраазычылык билдирди

Айдарбеков 2020-жылдын сентябрында Доха шаарында башталган элдешүү процессин колдой турганын, ошондой эле Афганистанда тынчтыктын орношу үчүн жана бүтүндөй региондук коопсуздукту бекемдөө максатында ал процесстин ишке ашарына үмүт артарын билдирди.

0
Белгилер:
мамиле, Афганистан, Чыңгыз Айдарбеков, Памир кыргыздары
Тема боюнча
Бутумду кучактап "кыргызга салам айт" деп ыйлаган кандаш. Афганчылардын баяны