Транспорт салыгын кечиктиргендер он күндө 158 млн. сом төлөштү

Жазылуу
Салык кызматы транспорт салыгын төгүүгө үлгүрбөй калган унаа ээлерин туум көбөйүп кете электе карыздан кутулууга чакырат.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Транспорт салыгын төлөө мөөнөтү аяктагандан кийинки он күндүн ичинде 158,5 миллион сом салык төгүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Жыл башынан бери жалпы 685,5 миллион сом унаа каражаттары үчүн салык чогултулган. Белгилей кетсек, транспорт салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаганына карабастан, төлөм кабыл алуу улантылууда.

"Түндүк электр" ишканасы эртең 7 миң кишинин жарыгын өчүргөнү жатат

Мыйзамга ылайык, салыкты белгиленген мөөнөттө төлөөгө үлгүрбөй калган унаа ээлери салык милдеттенмесинин негизги суммасынан тышкары, ар бир кечиктирилген күн үчүн административдик айып жана туум төлөөгө мажбур болушат. Жеке жактар үчүн айыптын өлчөмү 1 000 сомду, юридикалык жактар үчүн 5 000 сомду түзөт.

Салык кызматы транспорт салыгын төлөөгө үлгүрбөй калган унаа ээлерин туум көбөйүп кетпеши үчүн салыкты азыр төлөөгө чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0