Премьер-министр Кубатбек Боронов Аксы районунун Кербен шаарындагы РСК Банкынын өкүлчүлүгүнүн ишин күтүүсүздөн текшерип барган

Программаларды эл түшүнбөй жатат! Боронов Жалал-Абаддагы банктын ишин сындады

121
(жаңыланган 19:21 12.09.2020)
Өкмөт башчы облуска болгон жумушчу сапарында Аксы районунун Кербен шаарындагы "РСК Банкынын" өкүлчүлүгүнүн ишин күтүүсүздөн текшерип барган.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов финансылык уюмдар аймактарды өнүктүрүүгө жана айыл чарбасын каржылоого багытталган мамлекеттик программаларды элге жеткиликтүү тилде түшүндүрүүсү керектигин билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Боронов Жалал-Абад облусуна жасаган жумушчу сапарында Аксы районунун Кербен шаарындагы "РСК Банкынын" өкүлчүлүгүнүн ишин күтүүсүздөн текшерип барган.

Чаткалда беш көчөнүн жолу оңдолуп жатат. Боронов ишти көрүп чыкты

"Банктын имаратынын алдында турган тактачада мамлекеттик программаларды каржылоонун жол-жобосу так, түшүнүктүү жазылып турушу керек. Бул иштер банктын филиалында жетиштүү деңгээлде аткарылган эмес. Жөнөкөй жаран банкка келип, маселен, "Айыл чарбасын каржылоо — 8" программасынын алкагында насыя алайын десе, кайсы документтерди топтоо керектиги боюнча элементардык маалыматтар көрүнбөйт. Ушундай майда нерселер жарандардын нааразычылыгын жаратат", — деген өкмөт башчы.

Ошондой эле премьер-министр кеңседеги санариптештирүү багытындагы иштерди сындаган. Бороновдун айтымында, мамлекеттик программалар аркылуу насыя алуучулардан талап кылынган документтердин үчөөсү гана кагаз түрүндө, калгандары "Түндүк" электрондук мекемелер аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алынат.

Өкмөт башчы бул шарттарды кардарларга так түшүндүрүү зарыл экенин кошумчалаган.

121
Белгилер:
премьер-министр, Кубатбек Боронов, Жалал-Абад
Тема боюнча
Өзүм жардам берип жатам! Жээнбеков Бишкекти кантип өнүктүрөрүн айтты
Этти кайра иштетүүчү завод. Архивдик сүрөт

Балыкчыда этти кайра иштетүүчү завод курулуп, продукциясы экспорттолот

71
(жаңыланган 08:35 27.09.2020)
Завод ушул жылдын декабрь айынан тарта ишке киргизилсе, Ысык-Көл менен Нарын облустарынан эт алып турат.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Балыкчыда этти кайра иштетүүчү завод курулат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев билдирди.

Анын айтымында, жакында эле фонд төрт продукцияны: сүт, эт, балык жана жашылча-жемиштерди иштетүүгө насыя берүү чечимин кабыл алган.  Бул багыттар боюнча насыянын шарттары да жеңилдетилген. Мындан ары соода жүгүртүү капиталы дагы каржыланат, төлөмдөрдүн жеңилдетилген мөөнөтү эки жылдан үч жылга чейин узартылды, күрөөнүн коэффициенти да азайтылып, алынып жаткан пайыздын 50 пайызын гана түзүп калган.

7 миң киши жумуш менен камсыз болот. Ошто текстиль фабрикасы курулуп жатат

"Балыкчыда этти кайра иштетүү боюнча жаңы завод курулат. Ал жерге эт Ысык-Көл жана Нарын облустарынан сатып алынып иштелип чыгат да, чет өлкөгө эскпорттолот", — деди Аалиев.

Ошондой эле ал план боюнча аталган ишкана ушул жылдын декабрь айынан тарта иштке киргизилиши керектигин кошумчалады.

71
Белгилер:
кайра куруу, завод, Балыкчы
Тема боюнча
Жылына 8 тонна. Баткенде өрүктү кайра иштеткен логистикалык борбор курулууда
Кирешелүү бизнес. Ат-Башыда дары чөптүн 34 түрү менен иштеген Кампабекованын маеги
Алтын куйма. Архивдик сүрөт

КРдин алтын кору бир айда 16 миллиард сомго кымбаттады

87
(жаңыланган 11:02 26.09.2020)
Жакында эле Улуттук банктын алтын валюталык корунун көлөмү 3 миллиард доллардан ашып, тарыхый рекордго жеткен. Бул жерде бир гана алтын кору тууралуу маалыматтар айтылууда.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Улуттук банктын алтын запасынын баасы бир айда дээрлик 16 миллиард долларга көбөйдү. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын расмий сайтында айтылат.

Август айынын башында алтындын кору 56 миллиард 893 миллион сомго бааланган, сентябрь айынын башында анын наркы 82 миллиард 824,8 миллион сомго жетти. Бул рекорддук көрсөткүч катары саналууда. Жыл башындагы баага салыштырмалуу 34 миллиард сомго өсүү бар.

Лондондогу баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын кечки фиксинги (иш жүзүндө дүйнөлүк баа үч күн сайын жаңыланып турат) бул мезгил аралыгында 14 долларга жогорулап, 1 972,35 долларды түздү. Кеп трой унциясынын наркы — 31,1 грамм жөнүндө болуп жатат.

Улуттук банк сомдун кунун түшүрбөй сакташ үчүн 11,2 миллион доллар сатты

Улуттук банктын төрагасы жакында эле алтын валютанын резерви тарыхый рекордду камсыздап, 3 миллиард доллардан ашканын билдирген болчу. Бул көбүнесе ички рыноктогу алтындарды сатып алуудан болгон. Акыркы маалыматтарга ылайык, Улуттук банкта баш-аягы 16 тонна алтын бар.

Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал ондогон валюталардан турат, алар: CDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерв жана төлөө каражаттары) жана алтын.

87
Белгилер:
Кыргызстан, Улуттук банк, валюта, экономика, алтын
Тема боюнча
Россияда доллардын баасы кескин кымбаттап кетти
Боронов алтын казып иштеген компаниялар канча салык төлөгөнүн айтты
Тейлөө кызматкерлер жолду белгилөө учурунда. Архив

Кырсыктарды алдын алуу үчүн Алматыда өзгөчө жол белгисин чийүү пландалууда

7
(жаңыланган 13:36 27.09.2020)
Шаардык административдик полиция башкармалыгынын жетекчиси Жандос Мураталиев кызыл түстөгү жол чийин айдоочулардын көңүлүн өзүнө бурат деп эсептейт.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Алматы шаарында авариялык кооптуу делген жерлерге кызыл түстөгү жол белгисин чийүү пландалууда. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Шаардык административдик полиция башкармалыгынын жетекчиси Жандос Мураталиевдин айтымында, жол белгилерин чийүүдө азыр ар кандай инновациялык материалдар колдонулууда. Ошондой эле ак, сары, жашыл, кара сыяктуу ар кандай түстөр да кеңири пайдаланыла баштаган. Бирок натыйжаны күчөтүү максатында кызыл түстү да колдонуп көрүү каралууда.

"Кызыл түстөгү чийин — айдоочулардын көңүлүн буруудагы эң натыйжалуу ыкма", — деди Мураталиев.

Кызыл жол чийинин шаардагы кооптуу делген жерлерге колдонуу пландалып жатканы кошумчаланды.

7
Белгилер:
коопсуздук, кырсык, жол чийин, Алматы
Тема боюнча
Жолдун экинчи катарынан кайсы учурда кайрылса болот? Айдоочуга кулак кагыш